https://sputnik.kg/20250123/yeaeb-kooperatsiya-ayyl-charba-ekonomika-1091598192.html
ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду
ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды. 23.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-23T14:06+0600
2025-01-23T14:06+0600
2025-01-23T14:06+0600
дүйнөдө
еаэб
кооперация
айыл чарба
экономика
өндүрүш
https://sputnik.kg/img/07e7/07/14/1077192767_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_fdc27a3438a93f7dad2a550b5b45a08a.jpg
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.Маалыматка ылайык, биринчи долбоор — жогорку ылдамдыктагы темир жол жана жүк ташуу магистралдарын курууда колдонулуучу жогорку сапаттагы продукцияларды сериялык өндүрүшкө чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Экинчи долбоор Казакстанда айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча ишкананын кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган.ЕАЭБде өндүрүшчүлөргө финансылык колдоо көрсөтүүнүн жаңы механизми иштелип чыккан. Ал боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык уюмдар тарабынан берилген насыялар жана займдардын пайыздык ченин субсидиялоо каралган.ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары бизнес үчүн өзгөчө шарттарды — улуттук банктын негизги пайыздык ченинин 100 пайыз компенсациясын бекитти. Бул механизм технологиялык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга, өндүрүштүн жаңы моделдерин түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө шарт түзөт.
https://sputnik.kg/20250122/kyrgyzstan-eaeb-mariya-baygot-1091568943.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/14/1077192767_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_752713d107eb894bbcf8afadeb59be0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, еаэб, кооперация, айыл чарба, экономика, өндүрүш
дүйнөдө, еаэб, кооперация, айыл чарба, экономика, өндүрүш
ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, биринчи долбоор — жогорку ылдамдыктагы темир жол жана жүк ташуу магистралдарын курууда колдонулуучу жогорку сапаттагы продукцияларды сериялык өндүрүшкө чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Экинчи долбоор Казакстанда айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча ишкананын кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган.
ЕАЭБде өндүрүшчүлөргө финансылык колдоо көрсөтүүнүн жаңы механизми иштелип чыккан. Ал боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык уюмдар тарабынан берилген насыялар жана займдардын пайыздык ченин субсидиялоо каралган.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары бизнес үчүн өзгөчө шарттарды — улуттук банктын негизги пайыздык ченинин 100 пайыз компенсациясын бекитти. Бул механизм технологиялык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга, өндүрүштүн жаңы моделдерин түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө шарт түзөт.