https://sputnik.kg/20250124/1091616776.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T13:00+0600
2025-01-24T13:00+0600
2025-01-24T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091616644_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9f00be5efe551e61e4a6c7685ae7045b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 19-декабрда кабыл алынган. Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген өзгөртүүлѳр боюнча эми мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт.Бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болору кошумчаланды.
Каракол улуттук паркына A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынып, санариптештирилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Каныбек Туманбаев Каракол улуттук табият паркынын жетекчилиги жана ижарачылар менен жыйын өткөрүп, аталган паркты Ала-Арчанын мисалында өнүктүрүүнү талкуулаган. Ошондой эле ижарага берилген жерлерди иреттештирип чыгуу сунушталды. "Туманбаев парктын аймагында заманбап A-frame үлгүсүндөгү үйлөрдү жана башка инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле паркты толук санариптештирүү тапшырмасы коюлду. Электрондук шлагбаумдар, акылдуу кулпулар жана төлөмдөрдү толугу менен накталай эмес жүргүзүү механизмдерин киргизүү милдеттендирилди. Бул чаралар коррупцияны алдын алууга багытталган", — деп айтылат маалыматта. Жыйында ошондой эле Караколду кышкы туризмдин борборуна айлантуу боюнча пландар айтылды. Аэропорттун курулушу аяктаганы жана 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканалардын курулуп жатканы белгиленди.
Бишкек — Ош жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолдорунда кар көчкү түшүрүлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 133 жана 135-чакырымында, ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүнү түшүрүү үчүн артиллериялык эсеп колдонулууда. Бул мезгилде унаа жолдордо маал-маалы менен бардык транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Батыш Украинада мыйзамсыз транс-плантология менен алектенгенин Россиянын ТИМинин өкүлү Мария Захарова "Известия" басылмасына берген маегинде айткан. Анын айтымына караганда, бул — Батыштын сүйүктүү иши. "Кеп Украинада, тагыраагы, согуш болгон, украин аскерлери жана алардын куралдуу батальондору, улуттук батальондор жайгашкан жерлерде болгонун көрсөткөн фактылар тууралуу гана эмес. Андан сырткары, органдар кесип алынганы даана эле билинген адамдардын денелери жана калдыктары табылган. Батыш кайрадан эле өзүнө жаккан эрмегин, тактап айтканда, "мыйзамсыз транс плантологияны" колдонду", — деп белгилеген Захарова. Ал "Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу алдында пентагондук лаборатория ачып", "мыйзамсыздык мыйзамдаштырылганын" белгилеген.
Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларга жеке клиникаларда бир убакта иштөөгө тыюу салынды. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 19-декабрда кабыл алынган. Жарандардын саламаттыгын сактоо жѳнүндѳ мыйзамга киргизилген өзгөртүүлѳр боюнча эми мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт.Бул талаптардын бузулушу 10 күндүн ичинде кызматтан бошотууга негиз болору кошумчаланды.Каракол улуттук паркына A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынып, санариптештирилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Каныбек Туманбаев Каракол улуттук табият паркынын жетекчилиги жана ижарачылар менен жыйын өткөрүп, аталган паркты Ала-Арчанын мисалында өнүктүрүүнү талкуулаган. Ошондой эле ижарага берилген жерлерди иреттештирип чыгуу сунушталды. "Туманбаев парктын аймагында заманбап A-frame үлгүсүндөгү үйлөрдү жана башка инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле паркты толук санариптештирүү тапшырмасы коюлду. Электрондук шлагбаумдар, акылдуу кулпулар жана төлөмдөрдү толугу менен накталай эмес жүргүзүү механизмдерин киргизүү милдеттендирилди. Бул чаралар коррупцияны алдын алууга багытталган", — деп айтылат маалыматта. Жыйында ошондой эле Караколду кышкы туризмдин борборуна айлантуу боюнча пландар айтылды. Аэропорттун курулушу аяктаганы жана 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканалардын курулуп жатканы белгиленди.Бишкек — Ош жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолдорунда кар көчкү түшүрүлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 133 жана 135-чакырымында, ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүнү түшүрүү үчүн артиллериялык эсеп колдонулууда. Бул мезгилде унаа жолдордо маал-маалы менен бардык транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.Батыш Украинада мыйзамсыз транс-плантология менен алектенгенин Россиянын ТИМинин өкүлү Мария Захарова "Известия" басылмасына берген маегинде айткан. Анын айтымына караганда, бул — Батыштын сүйүктүү иши. "Кеп Украинада, тагыраагы, согуш болгон, украин аскерлери жана алардын куралдуу батальондору, улуттук батальондор жайгашкан жерлерде болгонун көрсөткөн фактылар тууралуу гана эмес. Андан сырткары, органдар кесип алынганы даана эле билинген адамдардын денелери жана калдыктары табылган. Батыш кайрадан эле өзүнө жаккан эрмегин, тактап айтканда, "мыйзамсыз транс плантологияны" колдонду", — деп белгилеген Захарова. Ал "Украинанын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу алдында пентагондук лаборатория ачып", "мыйзамсыздык мыйзамдаштырылганын" белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091616644_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1112b8b4af559d578df6e7c3d5ecbb41.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио