https://sputnik.kg/20250124/1091623262.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T17:00+0600
2025-01-24T17:00+0600
2025-01-24T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091623130_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e2041fc3a0b8e954ea0131df72be8205.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда облусту өнүктүрүү маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды. Анда мааракеге карата даярдыктар талкууланып, концепциянын долбоору сунушталды. Маалым болгондой, Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 30дан ашык ишканаларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу быйыл май айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, жол аталган министрликтин инвест долбоорлорунун алкагында курулуп, куруу иштери өткөн жылдын аягында 100%га бүткөн. “Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун буйруса, үстүбүздөгү жылдын май айында пайдаланууга беребиз деп турабыз. Жолдун ачылышына президент Садыр Жапаров катышары күтүлүүдө”,-деди ал.
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелери жана шарттары, жыйымдардын өлчөмү жана колдонуу мөөнөтүн ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жана алардын жүрүү мөөнөттөрүн көзөмөлдөө тартиби маселелерин иштеп чыгууда Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды.
УКМК "Бишкек шаардык лифт" ишканасынан коррупциялык схеманы аныктады Атайын кызмат билдиргендей, ишканадагылар лифт алмаштыруунун баасын эки эсеге көбөйтүп, ортодогу акчаны кымырып алып турушкан. "Бишкек шаардык лифт" ишканасы ар бир лифтини алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сом деп эсептеп, аткаруучу уюмдарга 135 миң сомун берип, калган 132 миңин өздөрүнө алып турушкан", — деп жазылат маалыматта. Ишкананын мурдагы жетекчиси кармалган. Шектүүлөрдүн арасында учурдагы башкы бухгалтер да бар.
Россия Украина НАТОго кирбейт деп "бекем кепилдик" берүүнү талап кылат. Бул туурасында Россияны ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын РИА Новости билдирди. "НАТОнун өзүндө Украинанын альянска киргендеги келечегине карата ар кандай пикирлер бар. Бул пландарга мүнөздөмө берген Словакиянын премьер-министри Фицо мырза туура айтып жатат, себеби ал Украинада тынчтык орнотпойт жана кенен мааниде алып караганда, коопсуздуктун кандайдыр бир архитектурасын да түзө албайт. Альянстын бир канча өлкөлөрү да ушундай көз карашта", — деди Грушко "Россия-24" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып. Аталган маселени аскердик бирикменин саясаты катары киргизип, бекиттирүү кадамдары жасалары айтылды.
Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда облусту өнүктүрүү маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды. Анда мааракеге карата даярдыктар талкууланып, концепциянын долбоору сунушталды. Маалым болгондой, Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 30дан ашык ишканаларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу быйыл май айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Айбек Калмаматов билдирди. Анын айтымында, жол аталган министрликтин инвест долбоорлорунун алкагында курулуп, куруу иштери өткөн жылдын аягында 100%га бүткөн. “Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун буйруса, үстүбүздөгү жылдын май айында пайдаланууга беребиз деп турабыз. Жолдун ачылышына президент Садыр Жапаров катышары күтүлүүдө”,-деди ал.Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн мекемелер аралык жумушчу топ автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелери жана шарттары, жыйымдардын өлчөмү жана колдонуу мөөнөтүн ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жана алардын жүрүү мөөнөттөрүн көзөмөлдөө тартиби маселелерин иштеп чыгууда Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды. УКМК "Бишкек шаардык лифт" ишканасынан коррупциялык схеманы аныктады Атайын кызмат билдиргендей, ишканадагылар лифт алмаштыруунун баасын эки эсеге көбөйтүп, ортодогу акчаны кымырып алып турушкан. "Бишкек шаардык лифт" ишканасы ар бир лифтини алмаштыруу боюнча чыгымдардын сметасын 267 миң сом деп эсептеп, аткаруучу уюмдарга 135 миң сомун берип, калган 132 миңин өздөрүнө алып турушкан", — деп жазылат маалыматта. Ишкананын мурдагы жетекчиси кармалган. Шектүүлөрдүн арасында учурдагы башкы бухгалтер да бар. Россия Украина НАТОго кирбейт деп "бекем кепилдик" берүүнү талап кылат. Бул туурасында Россияны ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын РИА Новости билдирди. "НАТОнун өзүндө Украинанын альянска киргендеги келечегине карата ар кандай пикирлер бар. Бул пландарга мүнөздөмө берген Словакиянын премьер-министри Фицо мырза туура айтып жатат, себеби ал Украинада тынчтык орнотпойт жана кенен мааниде алып караганда, коопсуздуктун кандайдыр бир архитектурасын да түзө албайт. Альянстын бир канча өлкөлөрү да ушундай көз карашта", — деди Грушко "Россия-24" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып. Аталган маселени аскердик бирикменин саясаты катары киргизип, бекиттирүү кадамдары жасалары айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091623130_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1fa5fc190e9008611855bae20e2c4af7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио