https://sputnik.kg/20250124/kino-iskustvo-evraziya-forum-1091622563.html
Февралда борбор калаада "Евразия-Кинофест жаңырыгы" эл аралык кинофоруму өтөт
Февралда борбор калаада "Евразия-Кинофест жаңырыгы" эл аралык кинофоруму өтөт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкекте Евразия өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын алкагында "Эхо Евразия-Кинофест" кинофоруму өтөт. Бул тууралуу "Евразия"... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T16:53+0600
2025-01-24T16:53+0600
2025-01-24T16:53+0600
кыргызстан
кино
искусство
евразия
форум
https://sputnik.kg/img/07e8/04/14/1084434709_0:145:2792:1716_1920x0_80_0_0_0ff6aa6832842f3ff11fd417d5ec2d73.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкекте Евразия өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын алкагында "Эхо Евразия-Кинофест" кинофоруму өтөт. Бул тууралуу "Евразия" бейөкмөт уюмунан билдиришти.Маалыматка ылайык, иш-чара 2-5-февраль аралыгында болуп, Кыргызстандын жана Россиянын киноискусство өкүлдөрү катышат. Максаты — көрүүчүлөрдү өз өлкөсүнүн тарыхына, салттарына жана маданий баалуулуктарына кызыктыруу.Иш-чаранын алкагында эң мыкты тасмалар көрсөтүлүп, мастер-класстар, актёрлор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Фестивалдын ачылышы 3-февралда саат 18:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында өтүп, концерттик программа менен коштолот.Кино көрсөтүүлөр жана бардык иш-чаралар акысыз болот.
https://sputnik.kg/20241218/bishkek-evraziya-aymaktyk-kense-achyldy-1090920950.html
евразия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/14/1084434709_156:0:2637:1861_1920x0_80_0_0_83ff6a67886c2ff8abf8afacf02d850b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кино, искусство, евразия, форум
кыргызстан, кино, искусство, евразия, форум
Февралда борбор калаада "Евразия-Кинофест жаңырыгы" эл аралык кинофоруму өтөт
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкекте Евразия өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалынын алкагында "Эхо Евразия-Кинофест" кинофоруму өтөт. Бул тууралуу "Евразия" бейөкмөт уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 2-5-февраль аралыгында болуп, Кыргызстандын жана Россиянын киноискусство өкүлдөрү катышат. Максаты — көрүүчүлөрдү өз өлкөсүнүн тарыхына, салттарына жана маданий баалуулуктарына кызыктыруу.
"Фестиваль жаш таланттарды колдоого жана алардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Кино – бул адамдарды бириктирүүчү көпүрө. Биздин максат – ар бир өлкөнүн маданий мурасын көрсөтүү жана таланттарды колдоо", — деп билдирген уюштуручулар.
Иш-чаранын алкагында эң мыкты тасмалар көрсөтүлүп, мастер-класстар, актёрлор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Фестивалдын ачылышы 3-февралда саат 18:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында өтүп, концерттик программа менен коштолот.
Кино көрсөтүүлөр жана бардык иш-чаралар акысыз болот.

18 Бештин айы 2024, 19:48