https://sputnik.kg/20250124/kyrgyzstan-ekonomika-unaa-armyan-abkhaz-1091610209.html
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T09:44+0600
2025-01-24T09:44+0600
2025-01-24T09:44+0600
кыргызстан
экономика
оң рулдуу автоунаа
жумушчу
топ
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091609904_287:595:2870:2048_1920x0_80_0_0_f872fff127955967174a4bc80a9b5f33.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү маселелерди иштеп чыгууда:Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды.Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө чет мамлекеттердин каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу тартибин иштеп чыгуу жана аны этап менен жүзөгө ашыруу тапшырылган.Ага ылайык, мыйзамдаштыруу төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлөт:
https://sputnik.kg/20250122/dastan-bekeshev-zhol-erezhesi-1091570865.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091609904_775:477:2870:2048_1920x0_80_0_0_8f8bae5c657d4f66320ace8db3a219ad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, оң рулдуу автоунаа, жумушчу, топ
кыргызстан, экономика, оң рулдуу автоунаа, жумушчу, топ
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган автокөлүктөрдү каттоо тиешелүү ченемдик-укуктук акт кабыл алынгандан кийин гана ишке ашырылат.
Жарлыкты ишке ашыруу жана транспорт каражаттарын каттоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү маселелерди иштеп чыгууда:
автотранспорт каражаттарын алгачкы каттоо эрежелери жана шарттары, жыйымдардын өлчөмү жана колдонуу мөөнөтү;
чет өлкөлүк жарандардын башкаруусундагы автотранспорт каражаттарын кайра ташып чыгуу жана алардын жүрүү мөөнөттөрүн көзөмөлдөө тартиби.
Бул иш-чаралар автоунааларды легалдаштыруу процессин системалуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө багытталганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттө чет мамлекеттердин каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу тартибин иштеп чыгуу жана аны этап менен
жүзөгө ашыруу тапшырылган.
Ага ылайык, мыйзамдаштыруу төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлөт:
документтери бар автоунааларды каттоо;
документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унааларды каттоо;
документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү (тетик катары сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).