https://sputnik.kg/20250124/kyrgyztelekom-imarat-ayyl-bank-1091618736.html
"Кыргызтелекомдун" курант орнотулган имараты "Айыл банкка" сатылары айтылды
"Кыргызтелекомдун" курант орнотулган имараты "Айыл банкка" сатылары айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. "Кыргызтелекомдун" Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T14:49+0600
2025-01-24T14:49+0600
2025-01-24T14:49+0600
кыргызстан
кыргызтелеком
имарат
"айыл банк" аак
https://sputnik.kg/img/07e7/03/02/1073272278_0:165:1600:1065_1920x0_80_0_0_62941bc3e74417b8833404be29f868c4.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. "Кыргызтелекомдун" Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион сом коротулат, ошол эле учурда анын теңинен көп бөлүгү бош турат. Тарыхый эстелик болгондуктан аны жаңылоого чоң каражат талап кылынары айтылды.Көз карандысыз компания имараттын наркын 1,56 миллиард сомго баалап, ал "Айыл банкка" сатылары жана бул имараттын мамлекеттик менчикте калышын камсыздай турганы белгиленди.Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалары кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20250120/sadyr-zhaparov-prokuratura-imarat-kapsula-1091536834.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/02/1073272278_69:0:1489:1065_1920x0_80_0_0_ce854102d41c82523e66f7e8c4244c6f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыргызтелеком, имарат, "айыл банк" аак
кыргызстан, кыргызтелеком, имарат, "айыл банк" аак
"Кыргызтелекомдун" курант орнотулган имараты "Айыл банкка" сатылары айтылды
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. "Кыргызтелекомдун" Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион сом коротулат, ошол эле учурда анын теңинен көп бөлүгү бош турат. Тарыхый эстелик болгондуктан аны жаңылоого чоң каражат талап кылынары айтылды.
"Имараттын жайгашкан жери борбордук аймакта болуп, Бишкек шаарынын визиттик карточкасы болуп саналат. Бирок аны тейлөөгө компаниянын каржылык мүмкүнчүлүгү жетпейт. Акыркы жылдары имараттын айланасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасалды, бирок толук жаңылоого жетиштүү акча жок", — деп айтылат маалыматта.
Көз карандысыз компания имараттын наркын 1,56 миллиард сомго баалап, ал "Айыл банкка" сатылары жана бул имараттын мамлекеттик менчикте калышын камсыздай турганы белгиленди.
Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалары кошумчаланды.