00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Таберик
Дүйнөнү багынткан Болот...
17:11
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:09
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо одоно ката кетирген. Маалыматта элчи Кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жибергени белгиленген. Ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуу этикасын бузган.
Соттор электрондук архивге өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жумушчу сапары менен Сокулук райондук сотуна барганда айтты. Маалыматка ылайык, Медербек Сатыев элдин сотторго көз карашы салкын болуп жаткандыгын, айтты. Сотко келген тараптарга орой мамиле жасалып, өз учурунда көчүрмөлөрү берилбей жаткандыгын сынга алды. “Мамлекет башчысы тарабынан сотторго жетишээрлик көңүл бурулуп жатат. Соттордон бир гана адилеттүүлүк талап кылынып жатат. Бирок, соттордон кайтарым болбой жатат. Тескерисинче кармалып жатышат”,- деди Сатыев. Сатыев аталган райондук соттун архивине кызыгып, иштер электрондук архивке өтө электигине нааразы болду.
Сокулук районунда мечитте чыккан ири өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөзх кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо 25-январга караган түнү катталган. Өрт тууралуу маалымат саат 20:15те түшүп, ал жерге 4 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 22:12де тилсиз жоо чектөөгө алынган. Күжүрмөн топ жакын жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калышкан. Ал эми саат 03:00дө ири өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен 900 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Россия Украина НАТОго кирбейт деп "бекем кепилдик" берүүнү талап кылат. Бул туурасында РФ ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко айтканын РИА Новости билдирди. "НАТОнун өзүндө Украинанын альянска киргендеги келечегине карата ар кандай пикирлер бар. Бул пландарга мүнөздөмө берген Фицо мырза (Словакиянын премьери - ред.) туура айтып жатат, себеби ал (мүчөлүк — ред.) Украинада тынчтык орнотпойт жана кенен мааниде алып караганда, коопсуздуктун кандайдыр бир архитектурасын да түзө албайт. Альянстын бир канча өлкөлөрү да ушундай көз карашта", — деди Грушко "Россия-24" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып. Аталган маселени аскердик бирикменин саясаты катары киргизип, бекиттирүү кадамдары жасалары айтылды."Бул — биз үчүн Украина чатагы боюнча мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн маанилүү учурларынын бири жана аталган согуштун себебин түп-тамырынан жок кылууга байланышкан элемент. Биз Украинанын кандай түрдө болбосун НАТОго мүчөлүгүн четке каккан эл аралык укуктардын бекем кепилдигине гана эмес, бул тема альянстын саясаты болушуна жетебиз", — деп кошумчалады ал.
Жаңылыктар түрмөгү
0