https://sputnik.kg/20250125/1091638501.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”... 25.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-25T15:00+0600
2025-01-25T15:00+0600
2025-01-25T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/19/1091638369_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_73e3cf229dcf073d947d3ba3082ca068.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзам 2024-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты уюшкан топторду же кылмыштуу биримдиктерди каржылоого каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздерин түзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Көк-Жар айылында милицияга баш ийбей талааны көздөй качкан мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, ЖКККББнын Атайын ротасынын кызматкерлери “Mazda” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок, айдоочу кызматкерлердин талабына баш ийбей, 7-Апрель көчөсү менен жогору көздөй айдап, Ала-Тоо совхозуна чейин качып барган. Атайын ротанын ыкчам аракетинин натыйжасында аталган унаа совхоз Ала-Тоонун талаасында кармалып, текшерүү учурунда айдоочу мас экени аныкталган. ЖКККББ кызматкерлерине баш ийбей качкандыгы үчүн айдоочуга 5500 сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулду. Ошондой эле маалыматта айдоочу унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылары айтылат.
Бишкекте муниципалдык инспекция санитардык абалды, анын ичинде кардан жана муздан тазалоону көзөмөлдөө үчүн рейд жүргүздү. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин 119-пунктуна ылайык, объекттердин жана аймактардын ээлери же колдонуучулары, мэрияын таштандыларды чыгаруу жана көрктөндүрүү органы тротуарларды, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдорун, өтмөктөрдү, транспорт токтотуу жайларын кардан жана муздан катуу жабууга чейин тазалоого тийиш. Талаптарды так аткарбагандарга айып пулдар каралган. Жеке адамдар үчүн – 3000 сом, юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом. Аталган рейддин алкагында менчик формасына карабастан 226 чарба жүргүзүүчү субъект текшерилген. Анын жыйынтыгында шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган жана чектеш аймактарды кардан жана муздан тазалабаган жарандарга 150 көрсөтмө берилген.
Акыркы үч жыл аралыгында НАТО мамлекеттери Украинаны 191 миллиард долларга каржылады, акчанын теңинен көбү АКШга туура келет. Бул тууралуу Украинанын Финансы министрлигинин көрсөткүчтөрүнө жана ачык маалыматтарга таянуу менен РИА Новости жазды. Болжол менен жардамдын 54 пайызын, же 103,8 миллиард долларын Вашингтон бөлгөн. Киевге курал-жарак менен гуманитардык жардам жөнөткөндөрдүн башында АКШ турат. Америка украин бюджетинин негизги донору да болуп саналат. "НАТО курамына кирген 32 мамлекет бөлгөн жалпы сумманын 43,3 миллиард доллары бюджеттик социалдык чыгымга жумшалса, 13 миллиарды гуманитардык жардам болуп эсептелет. Ал эми курал-жарак 133 миллиард долларды түзгөн", — деп айтылат маалыматта. АКШдан кийин эле тизмеде 17 миллиард доллар бөлгөн Германия турат, андан кийинки сапты 14,8 миллиард менен Улуу Британия ээлеген. Калган өлкөлөрдүн салымы жалпы сумманын беш пайызына да жетпейт.
Садыр Жапаров “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзам 2024-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты уюшкан топторду же кылмыштуу биримдиктерди каржылоого каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздерин түзүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу. Көк-Жар айылында милицияга баш ийбей талааны көздөй качкан мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, ЖКККББнын Атайын ротасынын кызматкерлери “Mazda” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок, айдоочу кызматкерлердин талабына баш ийбей, 7-Апрель көчөсү менен жогору көздөй айдап, Ала-Тоо совхозуна чейин качып барган. Атайын ротанын ыкчам аракетинин натыйжасында аталган унаа совхоз Ала-Тоонун талаасында кармалып, текшерүү учурунда айдоочу мас экени аныкталган. ЖКККББ кызматкерлерине баш ийбей качкандыгы үчүн айдоочуга 5500 сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулду. Ошондой эле маалыматта айдоочу унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылары айтылат. Бишкекте муниципалдык инспекция санитардык абалды, анын ичинде кардан жана муздан тазалоону көзөмөлдөө үчүн рейд жүргүздү. Бул тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин 119-пунктуна ылайык, объекттердин жана аймактардын ээлери же колдонуучулары, мэрияын таштандыларды чыгаруу жана көрктөндүрүү органы тротуарларды, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдорун, өтмөктөрдү, транспорт токтотуу жайларын кардан жана муздан катуу жабууга чейин тазалоого тийиш. Талаптарды так аткарбагандарга айып пулдар каралган. Жеке адамдар үчүн – 3000 сом, юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом. Аталган рейддин алкагында менчик формасына карабастан 226 чарба жүргүзүүчү субъект текшерилген. Анын жыйынтыгында шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган жана чектеш аймактарды кардан жана муздан тазалабаган жарандарга 150 көрсөтмө берилген. Акыркы үч жыл аралыгында НАТО мамлекеттери Украинаны 191 миллиард долларга каржылады, акчанын теңинен көбү АКШга туура келет. Бул тууралуу Украинанын Финансы министрлигинин көрсөткүчтөрүнө жана ачык маалыматтарга таянуу менен РИА Новости жазды. Болжол менен жардамдын 54 пайызын, же 103,8 миллиард долларын Вашингтон бөлгөн. Киевге курал-жарак менен гуманитардык жардам жөнөткөндөрдүн башында АКШ турат. Америка украин бюджетинин негизги донору да болуп саналат. "НАТО курамына кирген 32 мамлекет бөлгөн жалпы сумманын 43,3 миллиард доллары бюджеттик социалдык чыгымга жумшалса, 13 миллиарды гуманитардык жардам болуп эсептелет. Ал эми курал-жарак 133 миллиард долларды түзгөн", — деп айтылат маалыматта. АКШдан кийин эле тизмеде 17 миллиард доллар бөлгөн Германия турат, андан кийинки сапты 14,8 миллиард менен Улуу Британия ээлеген. Калган өлкөлөрдүн салымы жалпы сумманын беш пайызына да жетпейт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/19/1091638369_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_eb97f0607d6eb6f9c5cbfc0c60b6f89f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио