https://sputnik.kg/20250125/1091639661.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК Эмгек министрлигинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Билдирмеге караганда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция... 25.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-25T17:00+0600
2025-01-25T17:00+0600
2025-01-25T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/19/1091639529_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d2c7164dd1506e7945ef60832b95f31e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК Эмгек министрлигинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Билдирмеге караганда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү. Анын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлгөн. Ошондой эле кеңешмеде өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлганы айтылды. Мындан улам коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилген.
Көк-Жардагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Маалыматты Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков тастыктады. Анын айтымында, аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бейтап дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эртеси каза болгон. Кырсыктан аялдын 38 жаштагы кызы дагы жабыркаган. Кубатбеков анын бети, колу күйгөнүн, учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады. Абалы туруктуу. Эске салсак, кырсык 19-январда болгон. Анда Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ири сүт заводу ачылды. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-январда Токтогул районунун Токтогул шаарында сүттү кайра иштетүү зоводунун ачылыш аземи өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары баштаган бийлик өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Муну менен катар маалыматта сүт заводу заманбап жабдуулар менен камсыз болгону айтылат. “Сүт завод заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Эми бул жерде каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт”,-деп айтылат маалыматта.
Президент Дональд Трамптын жаңы миграциялык саясатынын алкагында 730 миңден ашуун окуучу АКШдан депортацияланышы мүмкүн экенин The Washington Post гезити жазды. "АКШда 733 миң бала тиешелүү документи жок жашайт", — деп айтылат маалыматта. Басылманын айтымында, эми миграциялык кызматкерлер мектеп, оорукана жана чиркөөлөрдү текшере баштайт. Буга байланыштуу ата-энелер балдарын үйдөн чыгаруудан кооптонуп жатканы айтылды. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары федералдык саясатты жеңилдетчү эрежелерди иштеп чыгууда. Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо ишин баштоого убада берген. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 77 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...-7 градусту көрсөтөт. Ал эми борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +7...+9 градус жылуу болору күтүлөт.
УКМК Эмгек министрлигинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Билдирмеге караганда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү. Анын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлгөн. Ошондой эле кеңешмеде өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлганы айтылды. Мындан улам коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилген. Көк-Жардагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Маалыматты Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков тастыктады. Анын айтымында, аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бейтап дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эртеси каза болгон. Кырсыктан аялдын 38 жаштагы кызы дагы жабыркаган. Кубатбеков анын бети, колу күйгөнүн, учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады. Абалы туруктуу. Эске салсак, кырсык 19-январда болгон. Анда Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ири сүт заводу ачылды. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-январда Токтогул районунун Токтогул шаарында сүттү кайра иштетүү зоводунун ачылыш аземи өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары баштаган бийлик өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Муну менен катар маалыматта сүт заводу заманбап жабдуулар менен камсыз болгону айтылат. “Сүт завод заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Эми бул жерде каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт”,-деп айтылат маалыматта. Президент Дональд Трамптын жаңы миграциялык саясатынын алкагында 730 миңден ашуун окуучу АКШдан депортацияланышы мүмкүн экенин The Washington Post гезити жазды. "АКШда 733 миң бала тиешелүү документи жок жашайт", — деп айтылат маалыматта. Басылманын айтымында, эми миграциялык кызматкерлер мектеп, оорукана жана чиркөөлөрдү текшере баштайт. Буга байланыштуу ата-энелер балдарын үйдөн чыгаруудан кооптонуп жатканы айтылды. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары федералдык саясатты жеңилдетчү эрежелерди иштеп чыгууда. Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо ишин баштоого убада берген. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 77 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...-7 градусту көрсөтөт. Ал эми борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +7...+9 градус жылуу болору күтүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/19/1091639529_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_121d815b2a609819c5e6b88f6ff88a48.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио