Кол баштаган Ысакбек Мониев. Кыргыздын туңгуч генералын эскерүү
19:12 25.01.2025 (Жаңыртылды: 10:22 20.02.2025)
© Фото / Национальный исторический музей КРЧыгыш Түркстан Республикасынын Коргоо министри, генерал-лейтенант Исакбек Мониев. Кулжа, 1947

© Фото / Национальный исторический музей КР
Жазылуу
Жүз жыл мурда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башаты түптөлүп, муну менен алгачкы улуттук аскердик интеллигенция курала баштаган. Басымдуу бөлүгү 1930-1940-жылдары советтик Кыргызстандын саясий жана маданий көрөңгөсүн түзүп беришти.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда көбү кан майданга кетти, фронтто каза тапкандары болду. Командачылык 1944-жылы айрымдарын Кыргызстанга жөнөткөн. Булар башка офицерлер менен биргеликте атайын багыттагы бөлүктүн (спецназ) аскерлерин даярдап, ошентип эгемен Кыргызстандын спецназынын пайдубалын түптөшкөн. Бул жоокерлер кыргыздан чыккан алгачкы генерал-лейтенант Ысакбек Мониевдин жетекчилиги менен Чыгыш Түркстандагы (азыркы Синьцзян-Уйгур автоном округу) боштондук кыймылына катышат. Ошол учурда Ысакбекти Батыш Кытайдын улуттук азчылыктары пир туткан. Мониевдин өмүр жолунун көп фактысы азыркы кезде да мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат.
Кыргыздын туңгуч генералы тууралуу кызыктуу фактылар анын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды чогултуп, небереси маркум Абдувахаб Мониев жазган “Генерал Ысакбек” китебинен алынды.
© Фото / Национальный исторический музей КРЧыгыш Түркстан Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев жары Турганбүбү, уулу Абдыкайым менен

Чыгыш Түркстан Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев жары Турганбүбү, уулу Абдыкайым менен
© Фото / Национальный исторический музей КР
Бала чагы. Ысакбек Мониев 1902-жылы Алай районунун Нура айылында төрөлгөн, бийдин тукумунан эле. Бирок урук-туугандары Улуу-Чат ооданын (азыркы Синьцзян-Уйгур автоном округунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу) мекендеп калышкан. Атасы Мону арабча кат таанган, диний билимди да өздөштүргөн кадыр-барктуу адам экен. Түштүк Кыргызстан жана Синьцзянга каттап соода кылып, кыска убакыттын ичинде тез ирденген. Меккеге барып келген Мону ажы Ысакбекти ээрчитип, эл-жерди көрсөтүп, кыйынчылыкка бышырат. Арабча окутуп сабатын ачтырат. Фергана өрөөнүн аралап, атасынын соодасына жардам берип жүрүп Ысакбек советтик кыргыздардын билими, жашоо-турмушу кытайлык кандаштарына караганда кыйла оңолгонун байкап, суктанат. Ошондон тарта Батыш Кытайдагы кыргыздардын турмушун кантип оңдош керек деген ойго батат.
Аскердик жолдун башталышы. Синьцзянды илгертен көп улут байырлаган. Улуу Жибек Жолунун чок ортосунда жайгашкандыктан Чыгыш Түркстан үчүн ири державалар кармашып келген. 1920-жылдардын башында Батыш Кытайдагы Гоминьдан бийлиги Совет өкмөтүнө каршы согушкан ак гвардиячыларга баш калкоолого уруксат берген. 1927-жылдан баштап гоминьданчылар менен Мао Цзе Дун башкарган коммунисттердин ортосунда жарандык согуш жүрүп, мунун айынан Синьцзянда саясий абал курчуп кеткен. Гоминьданчылар ошол эле убакта СССР менен дипломатиялык, соода жана башка багыттар боюнча кызматташкан да Чыгыш Түркстан менен СССРдин ортосундагы чек ара жакшы көзөмөлдөнбөй калган.
© Фото / Национальный исторический музей КРЧыгыш Түркстан Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев

Чыгыш Түркстан Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев
© Фото / Национальный исторический музей КР
1920-1925 жылдары Ысакбек жашаган Кызыл-Суу чөлкөмүндө басмачыларга ээн-эркин жүрүүгө шарт түзүлөт. Басмачылар жергиликтүү кыргыздарды каалагандай талап-тоноп, кордук көргөзөт. Гоминьданчылар кытай-совет чек арасын көзөмөлгө алуу үчүн кыргыздардан аскер курап, анын катарына Мониев да кошулат. Тилекке каршы, жергиликтүү төбөлдөр басмачыларды колдоого алат. Аларга таянган басмачылар элдин айласын түгөтөт. Булардын ыплас иштерин көргөн Ысакбек чыдабай өкмөттүк кошуундан чыгып кетет. Адегенде ал айылындагы жаштарынан өзүнчө аскер курайт. Бара-бара жоокерлери такшалып, Түштүк Синьзцяндагы басмачыларга каршы аттанышат. Кармаштарда Мониевдин аскердик таланты ачылып, жергиликтүү кыргыздардын башын бириктирүүгө жетишет. Анын лидерлик сапаттарын байкаган советтик чалгын кызматы ар тараптуу жардам берип, чекисттер аскерлерин тымызын курал-жарак менен камсыздашат. Ысакбектин үзөңгүлөшү, кыргыз командирлеринин бири Молдобасыр Матназаров СССРдин атайын кызматы көмөк көрсөткөнү тууралуу “кызылдар жаш жолборско кечиктирбей колдоо көрсөтүп, жетилтип, ал аркылуу эчен-эчен кыйын жоолорду жеңип алышты” деген. 1934-жылы Мониев аскерлери жана советтик ыктыярчылар менен биргеликте Түштүк Синьцзянды басмачылардан тазалайт. Басмачылар анын бир туугандары Кадырберди менен Шаакматты туткундап, атка сүйрөтүп өлтүрүшкөн.
Мониевдин күчкө толушу. 1934-жылы Кашкар шаарында Англияга ыктаган козголоңчулар Ысакбектин күчү менен жоюлат. Үрүмчүдөгү Гоминьдан бийлиги аны менен аргасыздан мамиле түзө баштайт. Ошол эле жылы алар Мониевге кыргыздардан куралган атчандар полкун түптөөнү сунуштайт. Ысакбек макул болуп, 35-кыргыз атчандар полкун түзүп, жоокерлердин саны 2000ден ашат. Бул полк Кашкарда жайгашат. Алар советтик армиянын үлгүсү боюнча даярдалып, чоң күч болот да Ысакбек Түштүк Синьцзяндагы мусулмандардын ичинен чыккан таасирдүү саясатчыга айланат.
Агартуу иштери. Мониев Кызыл-Суудагы кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын оңдоого жетишет. Идиректүү жаштар Советтер Союзуна окууга жөнөтүлөт. Ысакбек өкмөттөн акча бөлдүрүп, Түштүк Синьцзянда жашаган кыргыздардын айылдарында жаңы типтеги мектептерди салдырып, агартуу иштерин баштайт. Кашкардагы кыргыз аскерлер менен окуучулардын арасынан алгачкы улуттук адабий-драмалык ийрим уюштурат. Ошол эле убакта Кызыл-Суудагы кыргыздардын алыскы айылдарында жол, көпүрө салдырып, жумушчуларга акы төлөткөн. Кедей-кембагалдарга чарбада керектелчү буюмдарды, мал жана үрөндү акысыз бердирип, айрым учурда өкмөттөн насыя алып тараткан. Басмачылардан түшкөн олжону да элге таратып берген. Селден сактануу үчүн дарыялардын жээгин тостурган. Ошентип эл арасында кадыр-баркы дагы көтөрүлгөн.
© Фото / из семейного архива УсуповыхМакай Усупов (солдо отурат) полктоштору менен. 1945-ж

Макай Усупов (солдо отурат) полктоштору менен. 1945-ж
© Фото / из семейного архива Усуповых
Кыргыздан чыккан алгачкы генерал. 1937-жылы Мониевге аскердик козголоңду басканы үчүн бригадалык генерал аскердик наамы ыйгарылат да 35 жаштагы Ысакбек кыргыздан чыккан туңгуч генерал болуп тарыхта калды. Анын кол астында үч полктон турган бригада куралып, Кашкарда жайгашат. Мониевге советтик офицерлер кеңешчи болушат. Ал кошууну менен Кашкар-Котон аймагын аскердик жактан көзөмөлдөйт. 1938-жылы 12-июлда Турпанга кеткен кезинде бригада ичинде кутум уюштурулат. Молдобасыр Матназаровдун маалыматы боюнча анын башында 35-кыргыз атчандар полкунун чарба башчысы Сыдыкбек турган. Бузукулуктан улам полктун 23 офицери өлтүрүлүп, аны буга гоминьданчылардын тукурганы билинет. Бир жумадан кийин Сыдыкбек жардамчылары менен кармалып, Ысакбек Турпандан келгенден кийин атууга кетишет.
Гоминьданчыларга каршы чыгуу. 1940-жылдын башында Үрүмчүдөгү Гоминьдан өкмөтү Ысакбектин ишмердүүлүгүнөн чочулап, 35-кыргыз атчандар полкун таркатып, советтик офицерлерди кетиришет. Мониев Иле округунун борбору Кулжа шаарына которулуп, кыргыз-казак жана монгол маданий-агартуу коомунун башчылыгына дайындалат. Кулжа калкынын басымдуу бөлүгү теги казак менен уйгурлар эле, кыргыздар бирин-серин болчу. Ысакбек бир ууч болгон кыргыздардын башын кошуп, жаштардан адабий-драмалык ийрим уюштурат. Ошентип Кулжада кыргыздын комузунун үнү жаңырат. Бул шаарда казак менен уйгурлардын байлары топтолгон эле. Эки улуттун интеллигенциясы да ушул жерде түптөлүп, бара-бара гоминьданчыларга каршы жашыруун уюмдардын очогуна айланат. Мониев бул аймактагы мурда араздашкан улуттук азчылыктардын башын бириктирүүгө жетишип, куралдуу көтөрүлүшкө даярдык көрө баштайт. Зоболосу дагы көтөрүлөт. Бирок Гоминьдандын расмий өкүлдөрүнө Ысакбектин жергиликтүү элдин арасында кадыр-барктуу мамлекеттик ишмерге айланануусу керек эмес эле. Анын үстүнө 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан кийин Синьцзяндагы бийлик СССРге карата бузуку саясатын улантат. 1943-жылы гоминьданчылар Ысакбектин көзүн тазаламай болушат. Ошол эле жылы жазында Мониев, уулу Абдыкайым жана адъютанты Акмат Дубанаев Кулжадагы Советтер Союзунун консулунун көмөгү менен кытай-совет чек арасына качышат. СССРдин дипломаты жүк ташуучу автоунаага үй мүлкүн жүктөп, астындагы сандыкка үчөөнү жашырып Казакстанга алып келет. Андан кийин Ысакбек Алматыдан Фрунзеге келет. Республиканын жетекчилиги аны жылуу кабыл алып, колунан келген жардамын аябайт. Советтик чалгынчылардын көмөгүнө таянып атасы Моно туугандары менен Эркеч-Там аркылуу Ошко чыгып кетет. Ал эми Ысакбектин эки аялы Гүлай жана Турганбүбүнү балдары менен концлагерге камашат. Ал жерден Мониевдин эки ымыркайы чарчап калат. Советтик чекисттер Турганбүбүнү Үрүмчүдөн Фрунзеге почта ташыган учак менен качырат. Гүлай кийинчерээк түрмөдөн бошотулгны менен Кыргызстанга баруудан баш тартат.
© Фото / Национальный исторический музей КРЧыгыш Түркстан Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев

Чыгыш Түркстан Республикасынын коргоо министри, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев
© Фото / Национальный исторический музей КР
Көтөрүлүшкө даярдык. Ысакбек Кыргызстанга кайткан соң “Буйгу” жана “Баатыр” деп аталган атайын багыттагы отряддарынын аскерлерин даярдай баштаган. Тарыхчы Назарбек Түнтеевдин маалыматына таянсак, 1944-жылы командычылык теги кыргызстандык офицерлер, 53-кыргыз атчандар полкунун командирлери Дүйшө Ногойбаев, Убайдулла Доскеновду фронттон Фрунзеге жиберген. Алар башка советтик офицерлер менен “Баатыр” отрядына кошулуп, кадр даярдоого катышат.
Ошол учурда Иле округундагы жашаган улуттук азчылыктар биригип Гоминьдан өкмөтүнө каршы көтөрүлүш баштайт. Ысакбек эки отряд менен Иле округуна келет. Аларды жергиликтүү калк кулач жайып тосуп алган. Мониевдин аскерлери башка улуттук күчтөр менен биригип Кулжаны алышат. Ысакбекке Кашкардан бир туугандары кошулат. Иледе Мониев эки атчандар полкун курап, анын өздүк курамын негизинен кыргыз менен казактар түзөт. Полктордун жетекчилигине теги Мавлян Разаков менен Дүйшө Ногойбаев дайындалат. Ошол убакта СССРдин атайын кызматы совет-герман кан майданындагы теги мусулман аскерлерди тандап, Батыштан Чыгыш Түркстанга жиберген. Алардын арасында кыргызстандык жоокер Макай Усупов да бар эле. Бул аскерлер гоминьданчыларга каршы күрөшкө активдүү катышат. 1944-жылдын 10-ноябрда көтөрүлүштүн жетекчилери Чыгыш-Түркстан Республикасын (ЧТР) түзүшөт. 1945-жылы 8-апрелде жаңы түзүлгөн республиканын Куралдуу күчтөрүн түзүү тууралуу жарлык чыгып, Мониев бул министрликтин башчылыгына дайындалат. 1945-жылы эрте күздө Мониев аскерлери менен Кытайдын Иле, Тарбагатай жана Алтай чөлкөмдөрүндө гоминьданчылардын акыркыларын талкалайт. 14-октябрда ага көтөрүлүштө көрсөткөн эрдиги үчүн генерал-лейтенант наамы ыйгарылат. Ал кыргыз, казак, дунган, уйгур, моңгол, тажик жана өзбектерден армия курап, ЧТР армиясынын катарына 20 миңден ашык аскер топтолот.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЧыгыш Түркстан Республикасынын армиясынын советтик ыктыярчылары, улуту казак кыргызстандык офицер Байдулла Доскенов (сол жакта) полктошу Х.Ибрагимов. Батыш Кытай, 1946-жыл

Чыгыш Түркстан Республикасынын армиясынын советтик ыктыярчылары, улуту казак кыргызстандык офицер Байдулла Доскенов (сол жакта) полктошу Х.Ибрагимов. Батыш Кытай, 1946-жыл
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Беренден айрылуу. 1949-жылы Кытайда Коммунисттик партия бийлигин орнотот. Жаңы өкмөт ЧТР өкмөтүнүн 13 мүчөсүн Пекинге чакырат. Алардын ичинде Мониев да бар эле. Булар Кытайдын борборуна учак менен кетишет. Тилекке каршы, Читанын жанында аба кемеси кырсыкка учурап, баары каза болушат. Алардын сөөгү Кулжага коюлат. Ошол эле жылы ЧТР Кытай Эл Республикасынын курамына кирет. Ысакбектин көзү өткөндөн кийин атасы, туугандарынын көпчүлүгү Кыргызстанда калышат.
Мониевдин аскери Макай Усупов тарых илимдери доктору болот. 1990-жылдары КР тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин демилгеси менен Мониевдин үзөңгүлөштөрү болгон Усупов менен бир нече ардагер Кытай Эл Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган салтанатка барышкан. Пекин аларды улуттук баатырлары катары тосуп алганы маалым.