https://sputnik.kg/20250126/-belarus-prezident-shajloo-kyzmat-bajkoochu-1091643511.html
Беларуста президенттик шайлоо башталды
Беларуста президенттик шайлоо башталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоо башталды. Саат 8:00дө (Бишкек убактысы боюнча 11:00) өлкөдө шайлоо тилкелери ачылды. 26.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-26T11:00+0600
2025-01-26T11:00+0600
2025-01-28T10:43+0600
дүйнөдө
беларусь
президент
кызмат
байкоочу
президенттик шайлоо
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091659378_0:143:3089:1881_1920x0_80_0_0_c37ecd7709a3dbd0fe3abcf6e6cff91f.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоо башталды. Саат 8:00дө (Бишкек убактысы боюнча 11:00) өлкөдө шайлоо тилкелери ачылды.Президенттик кресло үчүн беш талапкер ат салышууда:Кечээ шайлоочулардын 40 пайызы мөөнөтүнөн мурда добушун берген. Шайлоодо КМШ мамлекеттеринен 40 байкоочу, анын ичинде Кыргызстандан да байкоочулар иштеп жатат. Буга чейин шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев байкоочулар шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен жолугуп, шайлоо участкаларын карап чыгышканын билдирген. Лебедевдин маалыматы боюнча, КМШнын жети мамлекетинен жалпы 296 байкоочу аккредитациядан өткөн.Өлкө Конституциясына ылайык, мамлекеттин жетекчиси беш жылга шайланат. Шайлоонун жыйынтыгын БШК 5-февралга чейин жарыялашы шарт. Эгер талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын добушунун 50 пайызын ала албаса, экинчи тур жарыяланат. Ал болжол менен 9-февралда добуштардын көбүнө ээ болгон эки талапкердин арасында өтүшү мүмкүн.
https://sputnik.kg/20250123/kmsh-bajkoochulary-olkonu-kydyryp-chykty-1091605480.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091659378_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_7c131c4d81ba66beaed5d2193a85be06.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, беларусь, президент, кызмат, байкоочу, президенттик шайлоо
дүйнөдө, беларусь, президент, кызмат, байкоочу, президенттик шайлоо
Беларуста президенттик шайлоо башталды
11:00 26.01.2025 (Жаңыртылды: 10:43 28.01.2025) БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоо башталды. Саат 8:00дө (Бишкек убактысы боюнча 11:00) өлкөдө шайлоо тилкелери ачылды.
Президенттик кресло үчүн беш талапкер ат салышууда:
Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко;
Либералдык-демократиялык партия лидери Олег Гайдукевич;
Республикалык эмгек жана акыйкаттык партиясынын лидери Александр Хижняк;
Беларустун Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Сергей Сыранков;
мурдагы шайлоолордо да талапкер болгон ишкер Анна Канопацкая.
Кечээ шайлоочулардын 40 пайызы мөөнөтүнөн мурда добушун берген. Шайлоодо КМШ мамлекеттеринен 40 байкоочу, анын ичинде Кыргызстандан да байкоочулар иштеп жатат. Буга чейин шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев байкоочулар шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен жолугуп, шайлоо участкаларын карап чыгышканын билдирген. Лебедевдин маалыматы боюнча, КМШнын жети мамлекетинен жалпы 296 байкоочу аккредитациядан өткөн.
Өлкө Конституциясына ылайык, мамлекеттин жетекчиси беш жылга шайланат. Шайлоонун жыйынтыгын БШК 5-февралга чейин жарыялашы шарт. Эгер талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын добушунун 50 пайызын ала албаса, экинчи тур жарыяланат. Ал болжол менен 9-февралда добуштардын көбүнө ээ болгон эки талапкердин арасында өтүшү мүмкүн.