00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге жолугуп, Өзбекстандагы “Амирсой” лыжа базасын көрдү. Аталган лыжа база Ташкенттин четинде жайгашкан. Жапаров ал жакты көрүп абдан суктанып, кесиптеши жоктон бар кылганын айтып, тейлөө сапаты Европадан кем калбай турганын белгиледи. “Сөз жок. Азамат. Канчалаган кишилер жумуш менен камсыз болушкан. Миллиондогон туристтер эс алып жүрүшөт”, — деген Жапаров. Президент тоолуу Кыргызстандын жети облусунда тең лыжа курорттору болушу керектигин белгилеген. Ошондой эле мурдагы бийликтин убагында экономика, туризм дегендерге көңүл бурулбай калганын айткан.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов фармацевтика чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө тармактагы салык төлөө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) колдонуу маселелери талкууланды. Салык кызматынан билдиришкендей, иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, Саламаттык сактоо министрлигинин жана фарм чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүүдө пайда болгон кыйынчылыктарды белгилешти. Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу импорттоочулар, өндүрүүчүлөр жана ири соода тармактары үчүн милдеттүү бойдон кала берерин баса белгиледи. Ошондой эле дары-дармек каражаттарын эсепке алууну жөнөкөйлөтүү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды "1С-Бухгалтерия" системасы жана дары-дармектердин электрондук маалымат базасы менен интеграциялоо каралууда.Алмамбет Шыкмаматов фармацевтика тармагындагы ишкерлер арасында салык сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгына басым жасады. Бул мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоо жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио тышкы жардам программаларынын дээрлик бардыгын, анын ичинде Украинаны каржылоону 90 күнгө токтотууну ташырды. Бул тууралуу РИА Новости Politico басылмасына таянып кабарлады. "Буйрук Израиль менен Египеттен башка дээрлик бардык азыркы программаларга тиешелүү", — деп жазылган документте. Документте программаларды андан ары улантуу, өзгөртүү же токтотуу чечими мамлекеттик катчы жеке өзү карап текшергенден кийин кабыл алынары белгиленген. Ал арада АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Кошмо Штаттарда убактылуу жашоого уруксат берген бир катар программалардын алкагында мигранттардын, анын ичинде украиналыктардын өлкөгө кирүүсүн токтотууну тапшырганы маалым болду. "Министрликтин кызматкерлери иммигранттарга АКШга убактылуу отурукташууга мүмкүндүк берген бир катар программаларды, анын ичинде украиналыктардын кирүүсүнө уруксат берген негизги демилгени токтотууну чечишти", — деп жазылат басылманын маалыматында. Жума күнү Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт АКШ миграцияга каршы күрөшүү программасынын алкагында 538 мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди кармап, жүздөгөн мигрантты өлкөдөн чыгарганын кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0