https://sputnik.kg/20250126/1091649860.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
"Кыргызтелекомдун" Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион... 26.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-26T16:59+0600
2025-01-26T16:59+0600
2025-01-26T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1a/1091649728_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cd5c92c0d0c51d9b1469cb0d9d76dca2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
"Кыргызтелекомдун" Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион сом коротулат, ошол эле учурда анын теңинен көп бөлүгү бош турат. Тарыхый эстелик болгондуктан аны жаңылоого чоң каражат талап кылынары айтылды. "Имараттын жайгашкан жери борбордук аймакта болуп, Бишкек шаарынын визиттик карточкасы болуп саналат. Бирок аны тейлөөгө компаниянын каржылык мүмкүнчүлүгү жетпейт. Акыркы жылдары имараттын айланасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасалды, бирок толук жаңылоого жетиштүү акча жок", — деп айтылат маалыматта. Көз карандысыз компания имараттын наркын 1,56 миллиард сомго баалап, ал "Айыл банкка" сатылары жана бул имараттын мамлекеттик менчикте калышын камсыздай турганы белгиленди.Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалары кошумчаланды.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти, Москва мамлекеттик университетинин профессору Аскар Акаевге Россиянын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын ыйгарды. Тиешелүү жарлык ченемдик-укуктук актылардын расмий сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды. Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер ардак наамы техника илимдеринин доктору, профессор, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Математикалык татаал системаларды изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери Аскар Акаевге ыйгарылсын", — деп жазылган жарлыкта.
Акыркы үч жыл аралыгында НАТО мамлекеттери Украинаны 191,2 миллиард долларга каржылады, акчанын теңинен көбү АКШга туура келет. Бул тууралуу Украинанын Финансы министрлигинин көрсөткүчтөрүнө жана ачык маалыматтарга таянуу менен РИА Новости жазды. Болжол менен жардамдын 54 пайызын же 103,8 миллиард долларын Вашингтон бөлгөн. Киевге курал-жарак менен гуманитардык жардам жөнөткөндөрдүн башында АКШ турат. Америка украин бюджетинин негизги донору да болуп саналат. АКШдан кийин эле тизмеде 17 миллиард доллар бөлгөн Германия турат, андан кийинки сапты 14,8 миллиард менен Улуу Британия ээлеген. Калган өлкөлөрдүн салымы жалпы сумманын беш пайызына да жетпейт.
Словакиянын борбору Братислава шаарында миңдеген адам бийликке каршы митингге чыкканын РИА Новости жазды. Аны киевчил уюм уюштурган. Нааразычылык акциясы борбордук аянтта болору белгиленип, полиция жума күнү аянттан бир нече квартал аралыкта кыймылды бөгөттөгөн. Митингчилер премьер-министр Роберт Фицонун отставкага кетишин талап кылышууда. ЖМКлардын маалыматы боюнча, нааразычылык акциясына 35-40 миңдей адам чыккан.Фицо бул активисттердин Грузияда жана Украинадагы майданга тиешелүү чет элдик адистер менен байланышы бар экенин айтууда. Премьер алар мамлекеттик имараттарга кирүүгө жана маморгандардын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кыларын да белгилеген. Активисттер болсо Фицонун жүргүзгөн саясатына каршылыгын тынчтык жолу менен гана көрсөткүсү келгендигин белгилешүүдө.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП
"Кыргызтелекомдун" Чүй, 96 дарегиндеги имараты сатылууда. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган имаратты тейлөөгө 20 миллион сом коротулат, ошол эле учурда анын теңинен көп бөлүгү бош турат. Тарыхый эстелик болгондуктан аны жаңылоого чоң каражат талап кылынары айтылды. "Имараттын жайгашкан жери борбордук аймакта болуп, Бишкек шаарынын визиттик карточкасы болуп саналат. Бирок аны тейлөөгө компаниянын каржылык мүмкүнчүлүгү жетпейт. Акыркы жылдары имараттын айланасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасалды, бирок толук жаңылоого жетиштүү акча жок", — деп айтылат маалыматта. Көз карандысыз компания имараттын наркын 1,56 миллиард сомго баалап, ал "Айыл банкка" сатылары жана бул имараттын мамлекеттик менчикте калышын камсыздай турганы белгиленди.Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалары кошумчаланды.Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти, Москва мамлекеттик университетинин профессору Аскар Акаевге Россиянын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын ыйгарды. Тиешелүү жарлык ченемдик-укуктук актылардын расмий сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды. Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер ардак наамы техника илимдеринин доктору, профессор, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Математикалык татаал системаларды изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери Аскар Акаевге ыйгарылсын", — деп жазылган жарлыкта. Акыркы үч жыл аралыгында НАТО мамлекеттери Украинаны 191,2 миллиард долларга каржылады, акчанын теңинен көбү АКШга туура келет. Бул тууралуу Украинанын Финансы министрлигинин көрсөткүчтөрүнө жана ачык маалыматтарга таянуу менен РИА Новости жазды. Болжол менен жардамдын 54 пайызын же 103,8 миллиард долларын Вашингтон бөлгөн. Киевге курал-жарак менен гуманитардык жардам жөнөткөндөрдүн башында АКШ турат. Америка украин бюджетинин негизги донору да болуп саналат. АКШдан кийин эле тизмеде 17 миллиард доллар бөлгөн Германия турат, андан кийинки сапты 14,8 миллиард менен Улуу Британия ээлеген. Калган өлкөлөрдүн салымы жалпы сумманын беш пайызына да жетпейт. Словакиянын борбору Братислава шаарында миңдеген адам бийликке каршы митингге чыкканын РИА Новости жазды. Аны киевчил уюм уюштурган. Нааразычылык акциясы борбордук аянтта болору белгиленип, полиция жума күнү аянттан бир нече квартал аралыкта кыймылды бөгөттөгөн. Митингчилер премьер-министр Роберт Фицонун отставкага кетишин талап кылышууда. ЖМКлардын маалыматы боюнча, нааразычылык акциясына 35-40 миңдей адам чыккан.Фицо бул активисттердин Грузияда жана Украинадагы майданга тиешелүү чет элдик адистер менен байланышы бар экенин айтууда. Премьер алар мамлекеттик имараттарга кирүүгө жана маморгандардын ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет кыларын да белгилеген. Активисттер болсо Фицонун жүргүзгөн саясатына каршылыгын тынчтык жолу менен гана көрсөткүсү келгендигин белгилешүүдө.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1a/1091649728_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_605bb124a19f6518c68d6408919b18cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио