Бишкектеги батирлердин баасынын өсүшүнө ички миграция да таасир берүүдө
"Кыргызстандагы кыймылсыз мүлккө болгон баанын өзгөрүшү көп факторлорго байланыштуу. Алсак, ал калктын санына, экономикалык-социалдык абалга, жумушчулардын эмгек акысынын өсүшүнө түздөн-түз тиешелүү. Борбор калаада калктын саны тынымсыз өсүп жатат. Аймактардан Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга келип жашап-иштеп, үйлүү болууну каалагандар абдан көп. Мамлекет да калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу саясатын өзгөртүп, ипотекалык үйлөрдү курууда. Бул абдан жакшы көрүнүш. Эгерде аймактардын инвестициялык потенциалы жогорулап, өндүрүш жолго коюлуп, ишкерликке көңүл бурулуп жумуш орундары түзүлсө, жарандардын чоң шаарларга агымы азайып, кыймылсыз мүлк рыногуна таасирин бермек. Бирок жакынкы учурду алсак, баалардын төмөндөшү байкалбайт", — деди Кубанычбеков.