https://sputnik.kg/20250126/kant-okuuchu-mushtash-kaza-boldu-kylmysh-1091649430.html
Кантта эки окуучу мушташып, бири ооруканада каза болду
Кантта эки окуучу мушташып, бири ооруканада каза болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кант шаарында 16 жаштагы окуучу мушташтан кийин каза болгонун Чүй ОИИББи билдирди. 26.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-26T17:40+0600
2025-01-26T17:40+0600
2025-01-28T11:09+0600
кыргызстан
окуучу
мушташ
кылмыш
кант
https://sputnik.kg/img/104254/35/1042543516_0:252:4800:2952_1920x0_80_0_0_0e28dc6996d56ee1ca0f504a4058ab20.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кант шаарында 16 жаштагы окуучу мушташтан кийин каза болгонун Чүй ОИИББи билдирди.Маалыматка ылайык, 25-январда Ысык-Ата райондук милициясына 28 жаштагы тургун кайрылып, Кант шаарындагы №3 мектептин 11-классынын окуучусу Р.А. карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал арызында Р.А. 22-январда анын 16 жаштагы иниси Ч.Д. менен чырдаша кетип, денесине залал келтиргенин, андан кийин иниси ооруканада каза болуп калганын айткан.Бул факт Ысык-Ата РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон.Териштирүүнүн алкагында 22-январь күнү Кант шаарындагы №3 мектептин жанында Ч.Д. жана Р.А. аттуу эки окуучунун ортосунда чыр чыкканы белгилүү болгон. Алар мектептин аймагынан сыртка чыгып мушташа кетишкен. Анын кесепетинен экөө тең денесинен жаракат алышкан. Ч.Д. аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, ал жерден ага операция жасалып, андан ары Бишкектеги жеке ооруканага алып келинген. Бирок Бишкектеги ооруканада эсине келбей каза болгон.Учурда окуя боюнча мугалимдер, мушташкан балдар менен чогуу окуган окуучулар суралууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.Чүй ОИИББдин маалымат кызматы бул кылмыш ишин иликтөөнү Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана ИИМ башчысы жеке көзөмөлүнө алганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250106/mektep-okuuchu-ospurum-tameki-miliciya-1091268729.html
кант
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104254/35/1042543516_264:0:4536:3204_1920x0_80_0_0_c80146076f791b3cb1e3568224900d71.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуучу, мушташ, кылмыш, кант
кыргызстан, окуучу, мушташ, кылмыш, кант
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кант шаарында 16 жаштагы окуучу мушташтан кийин каза болгонун Чүй ОИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-январда Ысык-Ата райондук милициясына 28 жаштагы тургун кайрылып, Кант шаарындагы №3 мектептин 11-классынын окуучусу Р.А. карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал арызында Р.А. 22-январда анын 16 жаштагы иниси Ч.Д. менен чырдаша кетип, денесине залал келтиргенин, андан кийин иниси ооруканада каза болуп калганын айткан.
Бул факт Ысык-Ата РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор зыян келтирүү”) менен кылмыш иши козголгон.
Териштирүүнүн алкагында 22-январь күнү Кант шаарындагы №3 мектептин жанында Ч.Д. жана Р.А. аттуу эки окуучунун ортосунда чыр чыкканы белгилүү болгон. Алар мектептин аймагынан сыртка чыгып мушташа кетишкен. Анын кесепетинен экөө тең денесинен жаракат алышкан. Ч.Д. аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, ал жерден ага операция жасалып, андан ары Бишкектеги жеке ооруканага алып келинген. Бирок Бишкектеги ооруканада эсине келбей каза болгон.
Учурда окуя боюнча мугалимдер, мушташкан балдар менен чогуу окуган окуучулар суралууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
Чүй ОИИББдин маалымат кызматы бул кылмыш ишин иликтөөнү Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана ИИМ башчысы жеке көзөмөлүнө алганын кошумчалады.