https://sputnik.kg/20250126/turkiya-too-lyzha-kurort-ort-kyrsyk-sot-kyrsyk-1091648723.html
Түркияда 78 адамдын өмүрүн алган өрттү иликтөөдө 15 киши камакка алынды
Түркияда 78 адамдын өмүрүн алган өрттү иликтөөдө 15 киши камакка алынды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Түркиядагы тоо лыжа базасында 78 адамдын өмүрүн алган өрттүн чыгышы боюнча ишти иликтөөнүн алкагында 15 адам камакка алынды. Бул... 26.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-26T18:10+0600
2025-01-26T18:10+0600
2025-01-28T11:12+0600
дүйнөдө
түркия
тоо-лыжа базасы
курорт
өрт
кырсык
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1c/1091686165_0:200:3072:1928_1920x0_80_0_0_6278b706efeb2cee12b29fe7a2e89005.jpg
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Түркиядагы тоо лыжа базасында 78 адамдын өмүрүн алган өрттүн чыгышы боюнча ишти иликтөөнүн алкагында 15 адам камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости Sabah маалымат сайтына таянып жазды. Ишембиде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эч кандай шек жараткан жагдайлар болбошу үчүн сот системасы окуянын бардык аспектилерин ачыктоого болгон аракетин жумшап жатканын айткан. Ошондой эле ал бул кырсыктын айланасында саясий талаш-тартыштарды чыгаргандарды абийирге келүүгө чакырган.Эске салсак, 21-январда Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая курортунда өрт чыккан. Эс алуучулардын көбү бири-бирине уланып байланган шейшептерди кармап түшүүгө аракет кылышкан, айрымдары терезеден секиришкен. Жалпы жонунан 51 киши жабыркаганы айтылган.Ekol TV телеканалынын маалыматы боюнча, 1974-жылы курулган мейманкананын сырты жыгач болгондуктан жалын бат тутанып кеткен. Имаратта түтүн чыкканы боюнча белги берген датчиктер, өрт өчүргүчтөр болгон эмес.
https://sputnik.kg/20250123/turkiya-kyrgyzstandyk-ayal-kuyoosu-sabady-1091595233.html
түркия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1c/1091686165_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_309becfe6a29276fea4cc870f0e5b246.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, тоо-лыжа базасы, курорт, өрт, кырсык
дүйнөдө, түркия, тоо-лыжа базасы, курорт, өрт, кырсык
Түркияда 78 адамдын өмүрүн алган өрттү иликтөөдө 15 киши камакка алынды
18:10 26.01.2025 (Жаңыртылды: 11:12 28.01.2025) БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Түркиядагы тоо лыжа базасында 78 адамдын өмүрүн алган өрттүн чыгышы боюнча ишти иликтөөнүн алкагында 15 адам камакка алынды. Бул тууралуу
РИА Новости Sabah маалымат сайтына таянып жазды.
Ишембиде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эч кандай шек жараткан жагдайлар болбошу үчүн сот системасы окуянын бардык аспектилерин ачыктоого болгон аракетин жумшап жатканын айткан. Ошондой эле ал бул кырсыктын айланасында саясий талаш-тартыштарды чыгаргандарды абийирге келүүгө чакырган.
“Беш шектүү, анын ичинде Болу муниципалитетинин мэринин орун басары Седат Гюленер, өрт департаментинин директорунун орун басары Кенан Жошкун соттук териштирүүлөрдө болушту. Болу Карталкая лыжа базасындагы Grand Kartal мейманканасында 78 адам каза болгон өрттү иликтөөнүн алкагында камалган шектүүлөрдүн саны 15ке жетти”, – деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 21-январда Түркиянын Болу провинциясындагы
Карталкая курортунда өрт чыккан. Эс алуучулардын көбү бири-бирине уланып байланган шейшептерди кармап түшүүгө аракет кылышкан, айрымдары терезеден секиришкен. Жалпы жонунан 51 киши жабыркаганы айтылган.
Ekol TV телеканалынын маалыматы боюнча, 1974-жылы курулган мейманкананын сырты жыгач болгондуктан жалын бат тутанып кеткен. Имаратта түтүн чыкканы боюнча белги берген датчиктер, өрт өчүргүчтөр болгон эмес.