00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:09
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

“Жүз күнгө туруштук бере алабы?” Европанын Украина боюнча божомолу

© Getty Images / Scott PetersonУкраиналык жоокерлер. Архив
Украиналык жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогго жаңжалды токтотууга жүз күн убакыт бергени менен Киев мындай узак мөөнөткө туруштук бере алышына ишеним жок. Бул тууралуу Австриянын куралдуу күчтөрүнүн полковниги Маркус Райснер ZDF айткан.

"Трамп Келлог мырзага алдыдагы жүз күн аралыгында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жетишүүнү тапшырганын билебиз. Бирок ошол эле учурда фронттогу абал туруктуу эмес экенинен да кабарыбыз бар. Бул жерде Украина ошол үч айга чейин туруштук бере алабы деген суроо жаралат", — деген адис.

Ал ошондой эле россиялык жоокерлердин Донбасста тездик менен алдыга карай жылышы Украинанын аскерлерин дүрбөлөңгө түшүрүп жатканын белгиледи.
"Негизинен Украинадагы абал абдан терс жакка (Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн – ред.) өзгөрүүдө", — деген Райснер.
Буга чейин The Wall Street Journal гезити Дональд Трамп Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогго Москва менен Киев ортосундагы жаңжалды 100 күн ичинде токтотууну тапшырганын жазган. Ошол эле учурда басылма Келлогдун колунан бул тапшырманы аткаруу келерине эч ким ишенбей жатканын белгилеген.
Трамп шайлоо кампаниялары учурунда Украинадагы жаңжалды бир күн ичинде жөнгө сала турганын билдирген. Шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул үчүн таттаал дипломатиялык иштер талап кылынгандыгына байланыштуу саясатчы планын ишке ашыра албаганын айткан.
Россия президенти Владимир Путин Москва Американын жаңы адиминистрациясы менен Украинадагы жаңжал тууралуу сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтып келет. Ошол эле учурда жаңжалды жөнгө салуунун максаты убактылуу элдешүү эмес, биротоло тынчтыкка келүү болушу керектигин белгилеген.
Россия лидери чыр-чатактын келип чыгышынын баштапкы себептерин жөнгө салууга чакырган, анын себептерин Москва буга чейин бир нече ирет айтып келген. Ошондой эле Путин Москва Россия жана анын калкынын кызыкчылыктарын коргой турганын, атайын операцияларды жүргүзүүнүн максаты дагы, мааниси дагы ошондо жатканын белгилеген.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2025
"Конкреттүү сунуш керек". Лавров Трамп менен сүйлөшүү шарты тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0