https://sputnik.kg/20250127/1091668280.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жерлердин амнистиясы жыл соңуна чейин аягына чыгат. Бул тууралуу шаар мэриясынын коллегиясында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Министрлер... 27.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-27T15:00+0600
2025-01-27T15:00+0600
2025-01-27T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091668148_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8843139c004443808a8ef044901eaa45.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жерлердин амнистиясы жыл соңуна чейин аягына чыгат. Бул тууралуу шаар мэриясынын коллегиясында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыйзамдаштыруу иштери Бишкекте эле эмес, өлкө боюнча да аягына чыгышы керектигин белгиледи. Эске салсак, 2022-жылдын март айында Жогорку Кеңеш "Жер мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, жалпы 29 872 гектар жер трансформацияланат. Министрлер кабинети "Жер амнистиясынын тартиби жөнүндө" жобону бекиткен. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.
Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан бала кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБинен билдиришти.Маалыматка ылайык, ишембиде "Азия молл" соода борборунда бомба коюлганы кабарланып, милиция жарылуучу зат тапкан эмес.Бул боюнча кылмыш иши козголуп, милиция 17 жаштагы өспүрүмдү колго түшүргөн. Бала ата-энесинин кароосунда кое берилгени маалымдалды. Ал бомба тууралуу маалыматты башка эле бирөөнүн телефонун сурап таратканын айтып берген.Ошондой эле милиция бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.
Социалдык фонддо коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары аудитор кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, аталган фонддун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияны чыгарып алууну көздөшкөн. Бул үчүн "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалым каттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштурушканы айтылды.Учурда коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүүдө.
Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.Иш-чарага Россиянын Башкы консулдугунун, “Руский домдун”, мэриянын, Кыргызстан элинин достугу ассамблеясынын өкүлдөрү, Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын аскер кызматкерлери, Афганстан ардагерлеринин кеңеши катышты. Иш-чаранын алкагында “Блокадалык нан” акциясы өттү. Катышуучулар 1942-жылдагы рецепт боюнча бышырылган 125 граммдык бир кесим нанды кармап көрүштү. Бул курчоодо калган Ленинграддын жашоочуларынын күнүмдүк тамактануу нормасы болгон.
Батыш Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага келе турган өлкө башчыларынын сапарын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, мындай кадамдар азыр бир катар батыш мамлекеттеринин атайын кызматтары менен тышкы саясат боюнча ведомстволорунун башкы максаты болуп турат.Чалгын кызматынын директору Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалап, фашисттик Германияны талкалоодо жана Европаны нацизмден бошотууда СССРдин салымын жокко чыгаруу аракеттери күчөп, өзгөчө бул Польша, Германия жана АКШда катуу байкалып жатканын белгилеген.Нарышкин мындай кадамдар да майнапсыз экенин кошумчалады.
Бишкекте жерлердин амнистиясы жыл соңуна чейин аягына чыгат. Бул тууралуу шаар мэриясынын коллегиясында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыйзамдаштыруу иштери Бишкекте эле эмес, өлкө боюнча да аягына чыгышы керектигин белгиледи. Эске салсак, 2022-жылдын март айында Жогорку Кеңеш "Жер мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, жалпы 29 872 гектар жер трансформацияланат. Министрлер кабинети "Жер амнистиясынын тартиби жөнүндө" жобону бекиткен. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон. Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан бала кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБинен билдиришти.Маалыматка ылайык, ишембиде "Азия молл" соода борборунда бомба коюлганы кабарланып, милиция жарылуучу зат тапкан эмес.Бул боюнча кылмыш иши козголуп, милиция 17 жаштагы өспүрүмдү колго түшүргөн. Бала ата-энесинин кароосунда кое берилгени маалымдалды. Ал бомба тууралуу маалыматты башка эле бирөөнүн телефонун сурап таратканын айтып берген.Ошондой эле милиция бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.Социалдык фонддо коррупциялык схема аныкталып, шектүү катары аудитор кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, аталган фонддун кызмат адамдары бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияны чыгарып алууну көздөшкөн. Бул үчүн "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалым каттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштурушканы айтылды.Учурда коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүүдө. Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинде Ленинграддын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.Иш-чарага Россиянын Башкы консулдугунун, “Руский домдун”, мэриянын, Кыргызстан элинин достугу ассамблеясынын өкүлдөрү, Түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын аскер кызматкерлери, Афганстан ардагерлеринин кеңеши катышты. Иш-чаранын алкагында “Блокадалык нан” акциясы өттү. Катышуучулар 1942-жылдагы рецепт боюнча бышырылган 125 граммдык бир кесим нанды кармап көрүштү. Бул курчоодо калган Ленинграддын жашоочуларынын күнүмдүк тамактануу нормасы болгон.Батыш Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн Москвага келе турган өлкө башчыларынын сапарын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Россиянын Чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, мындай кадамдар азыр бир катар батыш мамлекеттеринин атайын кызматтары менен тышкы саясат боюнча ведомстволорунун башкы максаты болуп турат.Чалгын кызматынын директору Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалап, фашисттик Германияны талкалоодо жана Европаны нацизмден бошотууда СССРдин салымын жокко чыгаруу аракеттери күчөп, өзгөчө бул Польша, Германия жана АКШда катуу байкалып жатканын белгилеген.Нарышкин мындай кадамдар да майнапсыз экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091668148_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fa7c6eca741448936ce0402bba4cd72b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио