00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Улуттук банк 20 миллиард сомдой кирешесин өлкө бюджетине которушу ыктымал.Башкы банктын кирешесинин 100 пайызын мамлекеттик бюджетке которуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралды.Жыйында депутат Дастан Бекешев которула турган каражаттын болжолдуу суммасы канча экенине кызыкты. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелис Аттокуров былтыр 2023-жылдын жыйынтыгы менен бюджетке 12 миллиард 436 миллион сом которулганын белгиледи."Быйыл сумма көбүрөөк болот, менимче, 20 миллиард сомдун тегереги, бирок сумма аудиттен кийин такталат. Өзгөрүп кетиши да мүмкүн", — деди Аттокуров.Ошондой эле ал банктын кирешеси негизинен алтын сатуу жана сатып алуудан, интервенциялар аркылуу табылганын белгиледи. Ошондой эле 7 миллиард сом "Керемет банкты" сатуудан түшкөнү кошумчаланды. Натыйжада аталган мыйзам долбоору комитетте үч окууда жактырылды.
Өлкөдө бакчага барган балдардын саны 26 пайыздан 40 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коллегиясында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев билдирди.Анын айтымында, келечекте бакчага барган балдардын санын 80 пайызга жеткирүү пландалууда. "Албетте, биз 100 пайызга жеткирүүгө аракет кылабыз, бирок азырынча 80 пайыз тууралуу кеп болууда. Бул — алдыдагы үч-төрт жылга карата план", — деди Касымалиев.Ошондой эле ал менчигине карабастан бала бакчаларда видеокөзөмөл орнотулушу керектигин белгиледи. Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билдиргендей, Бишкектин бала бакчаларында жана мектептеринде тышкы жана ички болуп, экиден камера орнотулган."2024-жылы 10 жаңы бала бакча эксплуатацияга берилди. Анын ичинен бакчанын кошумча корпусу жана эки бакчада ремонт болду. Бишкекте бала бакчага барган балдардын саны 5 миң 988ге көбөйдү", — деди ал.
Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) террордук аракеттери үчүн издөөгө алынган адамдардын реестри түзүлдү. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Нурлан Ермекбаев маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары, ШКУ өлкөлөрүнүн аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук жана экстремисттик топтордун жалпы тизмеси бар."Террорчулук, экстремизм жана сепаратизмге каршы Регионалдык антитеррордук структура деп аталган туруктуу орган түзүлдү. Анын Ташкент шаарында жайгашкан аткаруу комитети бар. Структура уюмга мүчө мамлекеттердин укук коргоо жана атайын органдарынын өкүлдөрүн камтыйт", — деди Ермекбаев.
Бишкекте Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулушунун 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, мэриянын, Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун өкүлдөрү, Кыргызстан менен Россиянын аскер кызматкерлери катышты. Алар курман болгондорду эскеришкен. Андан кийин блокададагы Ленинграддын символу болгон метроном жаңырып, үч ирет мылтыктан ок атылды. Коргоо министрлигинин башчысы Невадагы шаардын эрдиги туруктуулуктун жана мекенге берилгендиктин жаркын мисалы экенин белгиледи. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда блокадада калган Ленинграддан миңдеген балдар Кыргызстанга эвакуацияланган. Учурда өлкөдө 12 гана блокадачы бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0