https://sputnik.kg/20250127/belarus-lukashenko-zhaparov-kuttuktoo-1091676052.html
Жапаров Лукашенкону Беларустун президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады
Жапаров Лукашенкону Беларустун президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров телефон аркылуу Александр Лукашенкону Беларустун президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу... 27.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-27T21:08+0600
2025-01-27T21:08+0600
2025-01-28T09:28+0600
кыргызстан
беларусь
садыр жапаров
александр лукашенко
шайлоо
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e7/01/17/1072262279_0:0:3273:1841_1920x0_80_0_0_762230b126a6a2051dbcb1f65aeed1dc.jpg
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров телефон аркылуу Александр Лукашенкону Беларустун президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мамлекеттин лидери куттуктоо сөзүндө беларус элинин лидерине көрсөткөн ишениминин жана колдоосунун жогорку деңгээлин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишеним арта турганын айткан.Өз кезегинде Лукашенко Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.Беларуста президенттик шайлоо 26-январда өттү. Өлкө БШКсынын маалыматы боюнча, бул — бюллетендердин 100 пайызы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык. Шайлоого катышкан Сергей Сыранков добуштардын 3,21 пайызын, Олег Гайдукеевич 2,02 пайыз, Анна Канопацкая 1,86 пайыз, Александр Хижняк 1,74 пайызына ээ болгон. Баарына каршы 3,60 пайыз добуш берилген. Акыркы жыйынтык жараксыз бюллетендер саналганда чыга турганы белгиленди.
https://sputnik.kg/20250127/belarus-aleksandr-lukashenko-shayloo-1091652331.html
беларусь
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/17/1072262279_259:0:2990:2048_1920x0_80_0_0_9346b37896c7926dc62397770f45242f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, беларусь, садыр жапаров, александр лукашенко, шайлоо, куттуктоо
кыргызстан, беларусь, садыр жапаров, александр лукашенко, шайлоо, куттуктоо
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров телефон аркылуу Александр Лукашенкону Беларустун президенти болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттин лидери куттуктоо сөзүндө беларус элинин лидерине көрсөткөн ишениминин жана колдоосунун жогорку деңгээлин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы көп жылдык достук жана өнөктөштүк мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишеним арта турганын айткан.
Өз кезегинде Лукашенко Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка маселелер талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.
Беларуста президенттик шайлоо 26-январда өттү. Өлкө БШКсынын маалыматы боюнча, бул — бюллетендердин 100 пайызы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык.
Шайлоого катышкан Сергей Сыранков добуштардын 3,21 пайызын, Олег Гайдукеевич 2,02 пайыз, Анна Канопацкая 1,86 пайыз, Александр Хижняк 1,74 пайызына ээ болгон. Баарына каршы 3,60 пайыз добуш берилген.
Акыркы жыйынтык жараксыз бюллетендер саналганда чыга турганы белгиленди.