Аш өткөрүүгө, тойдо түштөндүрүүгө тыюу салынат. Жаңы мыйзам долбоору сунушталды
18:14 27.01.2025 (Жаңыртылды: 20:40 27.01.2025)
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги тойлордун биринде официант. Архив

Жазылуу
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жамандык, жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору даярдалды. Коомдук талкууга чыгарылган документти депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев иштеп чыккан.
Мыйзам долбоору боюнча маркумду узатууда:
катышуучулардын саны чектелбейт. Мал союлбайт;
үч күндөн кийин маркумду эскерүү иш-чарасы (куран окутуу) бир жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүшү мүмкүн;
үчүлүк, жетилик, кыркы жана жылдыгын өткөрүүгө тыюу салынат.
Тойлорду өткөрүүдө сактала турган эрежелер:
үйлөнүү тойго бир бодо же жылкы союлуп, 250дөн ашпаган конок чакырылат;
кыз узатууда бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 100дөн ашпашы керек;
эгерде үлпөт той жана кыз узатуу бир өтсө, бир бодо же жылкы союлуп, коноктор 350дөн ашпашы керек;
үйлөнүүгө байланышкан салтанатка катышкан автоунаанын саны үчтөн ашпашы керек;
кийит кийгизүү, себет берүү, конок берүү, түштөнтүү сыяктуу ысырапка учураткан үрп-адаттарга тыюу салынат;
ажылыкка, умра зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алууга тыюу салынат. Бул ырасымдар үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүшү мүмкүн.
Мыйзамды бузгандарга төмөнкүдөй айып каралган:
той ээсине 300 000 сом;
салтанат өткөрүлгөн жердин ээсине 100 000 сом;
сөөк коюу жана аза күтүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактарга 200 000 сом.
Буларды көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаарлардын мэрияларында каада-салттарды, майрамдарды жана салттарды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү комиссиялар түзүлөт.