https://sputnik.kg/20250127/leningrad-blokadasynan-toluk-boshogon-kun-1091655430.html
Гитлер Ленинградды алууну эмес, элин кырууну буюрган. Блокада боюнча жаңы маалыматтар
Гитлер Ленинградды алууну эмес, элин кырууну буюрган. Блокада боюнча жаңы маалыматтар
Sputnik Кыргызстан
1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград шаары фашисттер тарабынан блокадага алынган. 872 күнгө созулган блокададан бир миллиондон ашуун адам көз жумган. Ленинград... 27.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-27T15:30+0600
2025-01-27T15:30+0600
2025-01-27T15:30+0600
блокада
ленинград блокадасында
тарых
кыргызстан
саламат малабаев
маек
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091657746_0:142:3000:1830_1920x0_80_0_0_3fd240f3624ca8dccdccc20cbdee5b37.jpg
1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград шаары фашисттер тарабынан блокадага алынган. 872 күнгө созулган блокададан бир миллиондон ашуун адам көз жумган. Ленинград эли бир эле ачарчылык менен күрөшпөй, токтобогон бомбалоо, жардыруу жана фашистердин жырткыч мамилесине туруштук берип, аскерлерге колдон келген жардамын берип турушкан.Ленинград (азыркы Санкт-Петербург шаары — ред.) менен Кыргызстандын киндиктеш экенин билчү белеңиз? Жаңыдан мамлекет болуп түзүлүп, бардык тараптан телчигип келе жаткан Кыргыз ССРин шефтикке алып, анын өнүгүп-өсүшүнө дал ушул шаар чоң көмөк көрсөткөн. Ал эми башына каран түн түшүп, Улуу Ата Мекендик согуштун эң бир оор учурларында блокада дээрлик үч жылга чукул жашоо кечиргенинде азыркы Кыргызстан бул шаарга жардам колун сунуп турган. Биз тарыхта кара так болуп калган 872 күндүк блокададан Ленинград шаарынын толук бошотулушу боюнча тарыхчы менен маектештик.— Саламат Касымбекович, 27-январь Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнү катары белгиленип келет. Постсоветтик өлкөлөр өз алдынчалуулук алган 30 жылдан ашуун аралыкта бул боюнча кандай жаңы маалыматтар ачыкталды?— Ленинград блокадага 1941-жылдын 8-сентябрында алынган. Ошол кезде шаарда 2 миллиондон ашыгыраак киши жашаган экен. 900 күнгө чукул убакытка созулган апааттан миллиондон ашык шаар тургуну каза болгон. Тилекке каршы, алардын канчасы ачарчылыктан, канчасы жардыруулардан көз жумганын азыр такташ кыйын. Айрым тарыхчылар бул багытта "Сталин шаардыктарды кыйнабай эле Лениград шаарын берип койсо болмок, өлүм азыраак болот эле" деген пикирин айтып келишет. Бирок мен буга кошулбайт элем. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой, ал кездеги Ленинград шаары СССР үчүн стратегиялык маанилүү калаалардын бири болгон. Советтер Союзунун "мээлери", интеллигенция ушул шаарда турган. Ошондуктан фашисттик Германия бул шаарды талкалаганга ынтызар эле. Кийин ачыкка чыккан тарыхый маалыматтарда "Ленинградды талкалагыла, алдыңардан чыккандын баарын, жаш-кары дебей өлтүрө бергиле. Бул шаарды тургундарынан тазалап, жарымын финдерге беребиз" деген Гитлердин буйругу болгону айтылат.Чынында мунун геноцид экенин мезгил эми ачыктоодо. 2022-жылы Санкт-Петербург (мурдагы Лениград) шаардык соту РФ Башкы прокуратурасынын доо арызын канааттандырган. Анда минтип жазылган: "1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин согуш кылмышы, адамзатка каршы кылмыш жана СССР калкынын, Советтер Союзунун элдеринин өкүлдөрү болгон улуттардын жана этникалык топтордун геноциди катары Германиянын оккупациялык бийликтери жана алардын шериктери тарабынан Ленинград блокадага алынгандыгы таанылсын". Бул соттун жүрүшүндө фашисттик баскынчылар жана алардын союздаштары тарабынан Ленинградды атайылап талкалоонун, карапайым калкты азык-түлүктөн изоляциялоо, массалык аткылоо жана бомбалоо жолу менен жок кылуу фактылары аныкталып, документтештирилген. Ленинград блокадасына 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышканы да далилденген.— Аталган блокададан 80 жылдан ашуун убакыт өттү. Кийинки муун аны кинофильмдерден жана адабияттардан гана билип жүрөбүз. Азыркы тарыхта бул апаат кандай сүрөттөлүүдө, мурда айтылбаган жаңы ачылыштар барбы? Деги эле тарыхчылар арасында Улуу Ата Мекендик согуш темасы кандай иликтенип жатат?— Тилекке каршы, тарыхчылар арасында бул тема колго алынып тиешелүү деңгээлде изилденбей жатат. Анан калса мурдагы бир өлкө, бир тарых, бир жеңиш болгон калктарбыз да, бирок ар мамлекет өзүнүн баатырлары тууралуу гана айтып, бирдиктүү изилдөөлөр, бирдиктүү тарых калтыруу аракети жок. Мындай болбошу керек. Биз Жеңишти бөлө албайбыз. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан биздин чоң аталарыбызды сыйлашыбыз керек. Алар улутка, мамлекетке бөлүнгөн эмес. Бир туунун алдында, бир Мекен үчүн күрөшүшкөн. Ошол учурда СССРдин калкы 200 миллиондон аз болгон. Ал эми фашисттик Германиянын 350 миллиондон ашуун жараны бар болчу. Тарыхты алып карай турган болсок, көп эле учурларда ресурсу көп тарап жеңип келген. Бирок элди биримдикке, ынтымакка үндөгөн СССРдин идеологиясы абдан күчтүү болгон. Ошонун негизинде совет эли бир билекке биригип, душмандын мизин кайтара алган. Мындай идеологияны ушул күнгө чейин дүйнөдө бир да өлкө кайталай элек. Биз муну унутпашыбыз керек.Блокаданын өзүнө келсек, ооба, кинолордо көрсөткөн ачарчылык ал анын бир чети гана. Калк аскерлер менен тең ата болуп душман мизин кайтарууга катышкан. Өндүрүштү эч бир кыйынчылыкка карабай иштетип турушкан. Окуудан, жумушунан чыгып завод, фабрикаларда иштешкен. Өспүрүм балдар чоңдордун катарында норма толтурушкан. Жумушчуларга күнүнө 400 граммдан, студент жана жумушчу эместерге 125 граммдан гана нан берилген. Калк кыйналганынан мышыктарга чейин союп жегени тарых барактарында жазылуу. Фашисттер шаар тургундарын материал катары түрдүү эксперименттерге пайдаланышкан. Алардын катарында медициналык да эксперименттерди жүргүзүшкөн, газга уулап өлтүрүшкөн. Ал тургай балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын канын сордуруп, аларды курмандыкка чалып, жаш таза канды Гитлердин жоокерлерине куймак болушат. Ошондо өзү да балдар үйүндө тарбияланган Александр Мамкин деген 27 жаштагы учкуч музга учагын токтотуп, балдарды жүктөп кеткен. Албетте, аны душмандар аткылашкан. Учак күйүп кеткен. Бирок Мамкин жетчү жерге балдарды жеткирип, учакты кондуруп, анан көз жумган. Сөөгүн алып чыгышканда буту-колу дээрлик күйүп түшүп калганына күбө болушкан. Медицина үчүн бул алиге чейин ачыла элек таң калычтуу кубулуш. Анткени учкуч ошондой ооруксунуу менен күйүп жатса да акыл-эсин жоготпой учакты башкара алган. Ага бир гана мекенчилдик, балдардын өмүрүн өзүнүкүнөн жогору койгон жоопкерчилиги жардам берген дегенден башка азырынча жооп жок. Блокадага байланыштуу мындай окуялар, Мамкин сыяктуу баатырлар абдан көп.Ушуга карабай жаштар үйлөнүп, 100 миңге чукул бала төрөлгөн. Көз жарган энелер жеткиликтүү тамак жебегенинен сүт чыкпай, азыгы менен бөлүшүп, тамак жегени ошол күнү балдарды эмизген. Мына ушундай биримдик менен Ленинград калкы күн кечирген.— СССР учурунда шаарлар, өлкөлөр бири-бирин шефтикке алышчу экен. Башкача айтканда, өнүгүшүнө көмөктөшкөн. Кыргыз ССРин да Ленинград калаасы шефтикке алган дешет. Демек, бул шаар менен азыркы Кыргызстандын өзгөчө байланышы болгон экен да?— Ооба. 1917-жылдары ал кездеги Петроград, кийин Ленинград аталган шаарды Сергей Киров деген революционер жетектеп калат. Ошол киши кыргыз АССРин шефтикке алуу боюнча 1932-жылы токтом кабыл алган. Ал жактан окумуштууларды жиберип, бул жактан жаштарды окууга кабыл алып, мына ушундай агартуу иштери уюштурулган. Мен башка тармакты кое туруп өзүмдүн багытым боюнча эле айтайын, кыргыз археологиясынын атасы ким десеңиз — археолог, чыгыш таануучу Александр Бернштам, Кыргыз дөөлөтүн ким жазган десеңиз — академик Василий Бартольд. Оштун 3000 жылдык тарыхы бар байыркы шаар экенин ленинграддык окумуштуу тактап чыккан. Булардын баары ленинграддыктар. Кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар залкарлар Ленинграддан билим алып келишкен, алардын бири — алгачкы кыргыз профессионал балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева. Миңдеген китептер жиберилип, учурдагы биздин китепканалар түптөлгөн. Жүздөгөн вагондорго жүктөлгөн карагай, цементтер келип, завод-фабрикалар курулган. Илимдер академиясы, университет, институттар түптөлгөн. Өлкөнү электрлештирүү иштери колго алынып, ленинграддык окумуштуулар изилдөө иштерин жасап, долбоорун даярдашкан. Мунун баары Ленинграддын шефтигинин астында ишке ашкан.Анан шаар блокадага алынганда кыргызстандыктар да карап турган эмес. Тамак-аш, кийим-кече жүктөлгөн 100дөн ашуун вагондор жиберилген. Жетим калган миңдеген балдарды кыргызстандыктар асырап чоңойтушкан. Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согушка чейин 20га чукул гана балдар үйү болсо, блокадада калган наристелер алып келинген соң алардын саны 40тан ашкан. Алымкул Үсөнбаев, Кубанычбек Маликов сыяктуу маданият залкарлары барып, Ленинград элин моралдык жактан колдоп келишкен.
https://sputnik.kg/20241203/65-zhyl-murda-kurulgan-atomduk-muz-zhargychtyn-tarykhy-1090588681.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1b/1091657746_191:310:2217:1830_1920x0_80_0_0_e5cb90b6347f2c2b38f33f20e59863aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Айтурган Сатиева
https://sputnik.kg/img/103859/55/1038595566_335:762:2597:3024_100x100_80_0_0_177f06f36af22fedb98505a6e54c4dfe.jpg
блокада, ленинград блокадасында, тарых, кыргызстан, саламат малабаев, маек, видео
блокада, ленинград блокадасында, тарых, кыргызстан, саламат малабаев, маек, видео
1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград шаары фашисттер тарабынан блокадага алынган. 872 күнгө созулган блокададан бир миллиондон ашуун адам көз жумган. Ленинград эли бир эле ачарчылык менен күрөшпөй, токтобогон бомбалоо, жардыруу жана фашистердин жырткыч мамилесине туруштук берип, аскерлерге колдон келген жардамын берип турушкан.
Ленинград (азыркы Санкт-Петербург шаары — ред.) менен Кыргызстандын киндиктеш экенин билчү белеңиз? Жаңыдан мамлекет болуп түзүлүп, бардык тараптан телчигип келе жаткан Кыргыз ССРин шефтикке алып, анын өнүгүп-өсүшүнө дал ушул шаар чоң көмөк көрсөткөн. Ал эми башына каран түн түшүп, Улуу Ата Мекендик согуштун эң бир оор учурларында блокада дээрлик үч жылга чукул жашоо кечиргенинде азыркы Кыргызстан бул шаарга жардам колун сунуп турган. Биз тарыхта кара так болуп калган 872 күндүк блокададан Ленинград шаарынын толук бошотулушу боюнча тарыхчы менен маектештик.
— Саламат Касымбекович, 27-январь Ленинград шаарынын блокададан толук бошотулган күнү катары белгиленип келет. Постсоветтик өлкөлөр өз алдынчалуулук алган 30 жылдан ашуун аралыкта бул боюнча кандай жаңы маалыматтар ачыкталды?
— Ленинград блокадага 1941-жылдын 8-сентябрында алынган. Ошол кезде шаарда 2 миллиондон ашыгыраак киши жашаган экен. 900 күнгө чукул убакытка созулган апааттан миллиондон ашык шаар тургуну каза болгон. Тилекке каршы, алардын канчасы ачарчылыктан, канчасы жардыруулардан көз жумганын азыр такташ кыйын. Айрым тарыхчылар бул багытта "Сталин шаардыктарды кыйнабай эле Лениград шаарын берип койсо болмок, өлүм азыраак болот эле" деген пикирин айтып келишет. Бирок мен буга кошулбайт элем. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой, ал кездеги Ленинград шаары СССР үчүн стратегиялык маанилүү калаалардын бири болгон. Советтер Союзунун "мээлери", интеллигенция ушул шаарда турган. Ошондуктан фашисттик Германия бул шаарды талкалаганга ынтызар эле. Кийин ачыкка чыккан тарыхый маалыматтарда "Ленинградды талкалагыла, алдыңардан чыккандын баарын, жаш-кары дебей өлтүрө бергиле. Бул шаарды тургундарынан тазалап, жарымын финдерге беребиз" деген Гитлердин буйругу болгону айтылат.
Чынында мунун геноцид экенин мезгил эми ачыктоодо. 2022-жылы Санкт-Петербург (мурдагы Лениград) шаардык соту РФ Башкы прокуратурасынын доо арызын канааттандырган. Анда минтип жазылган: "1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин согуш кылмышы, адамзатка каршы кылмыш жана СССР калкынын, Советтер Союзунун элдеринин өкүлдөрү болгон улуттардын жана этникалык топтордун геноциди катары Германиянын оккупациялык бийликтери жана алардын шериктери тарабынан Ленинград блокадага алынгандыгы таанылсын". Бул соттун жүрүшүндө фашисттик баскынчылар жана алардын союздаштары тарабынан Ленинградды атайылап талкалоонун, карапайым калкты азык-түлүктөн изоляциялоо, массалык аткылоо жана бомбалоо жолу менен жок кылуу фактылары аныкталып, документтештирилген. Ленинград блокадасына 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышканы да далилденген.
— Аталган блокададан 80 жылдан ашуун убакыт өттү. Кийинки муун аны кинофильмдерден жана адабияттардан гана билип жүрөбүз. Азыркы тарыхта бул апаат кандай сүрөттөлүүдө, мурда айтылбаган жаңы ачылыштар барбы? Деги эле тарыхчылар арасында Улуу Ата Мекендик согуш темасы кандай иликтенип жатат?
— Тилекке каршы, тарыхчылар арасында бул тема колго алынып тиешелүү деңгээлде изилденбей жатат. Анан калса мурдагы бир өлкө, бир тарых, бир жеңиш болгон калктарбыз да, бирок ар мамлекет өзүнүн баатырлары тууралуу гана айтып, бирдиктүү изилдөөлөр, бирдиктүү тарых калтыруу аракети жок. Мындай болбошу керек. Биз Жеңишти бөлө албайбыз. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан биздин чоң аталарыбызды сыйлашыбыз керек. Алар улутка, мамлекетке бөлүнгөн эмес. Бир туунун алдында, бир Мекен үчүн күрөшүшкөн. Ошол учурда СССРдин калкы 200 миллиондон аз болгон. Ал эми фашисттик Германиянын 350 миллиондон ашуун жараны бар болчу. Тарыхты алып карай турган болсок, көп эле учурларда ресурсу көп тарап жеңип келген. Бирок элди биримдикке, ынтымакка үндөгөн СССРдин идеологиясы абдан күчтүү болгон. Ошонун негизинде совет эли бир билекке биригип, душмандын мизин кайтара алган. Мындай идеологияны ушул күнгө чейин дүйнөдө бир да өлкө кайталай элек. Биз муну унутпашыбыз керек.
Блокаданын өзүнө келсек, ооба, кинолордо көрсөткөн ачарчылык ал анын бир чети гана. Калк аскерлер менен тең ата болуп душман мизин кайтарууга катышкан. Өндүрүштү эч бир кыйынчылыкка карабай иштетип турушкан. Окуудан, жумушунан чыгып завод, фабрикаларда иштешкен. Өспүрүм балдар чоңдордун катарында норма толтурушкан. Жумушчуларга күнүнө 400 граммдан, студент жана жумушчу эместерге 125 граммдан гана нан берилген. Калк кыйналганынан мышыктарга чейин союп жегени тарых барактарында жазылуу. Фашисттер шаар тургундарын материал катары түрдүү эксперименттерге пайдаланышкан. Алардын катарында медициналык да эксперименттерди жүргүзүшкөн, газга уулап өлтүрүшкөн. Ал тургай балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын канын сордуруп, аларды курмандыкка чалып, жаш таза канды Гитлердин жоокерлерине куймак болушат. Ошондо өзү да балдар үйүндө тарбияланган Александр Мамкин деген 27 жаштагы учкуч музга учагын токтотуп, балдарды жүктөп кеткен. Албетте, аны душмандар аткылашкан. Учак күйүп кеткен. Бирок Мамкин жетчү жерге балдарды жеткирип, учакты кондуруп, анан көз жумган. Сөөгүн алып чыгышканда буту-колу дээрлик күйүп түшүп калганына күбө болушкан. Медицина үчүн бул алиге чейин ачыла элек таң калычтуу кубулуш. Анткени учкуч ошондой ооруксунуу менен күйүп жатса да акыл-эсин жоготпой учакты башкара алган. Ага бир гана мекенчилдик, балдардын өмүрүн өзүнүкүнөн жогору койгон жоопкерчилиги жардам берген дегенден башка азырынча жооп жок. Блокадага байланыштуу мындай окуялар, Мамкин сыяктуу баатырлар абдан көп.
Ушуга карабай жаштар үйлөнүп, 100 миңге чукул бала төрөлгөн. Көз жарган энелер жеткиликтүү тамак жебегенинен сүт чыкпай, азыгы менен бөлүшүп, тамак жегени ошол күнү балдарды эмизген. Мына ушундай биримдик менен Ленинград калкы күн кечирген.
— СССР учурунда шаарлар, өлкөлөр бири-бирин шефтикке алышчу экен. Башкача айтканда, өнүгүшүнө көмөктөшкөн. Кыргыз ССРин да Ленинград калаасы шефтикке алган дешет. Демек, бул шаар менен азыркы Кыргызстандын өзгөчө байланышы болгон экен да?
— Ооба. 1917-жылдары ал кездеги Петроград, кийин Ленинград аталган шаарды Сергей Киров деген революционер жетектеп калат. Ошол киши кыргыз АССРин шефтикке алуу боюнча 1932-жылы токтом кабыл алган. Ал жактан окумуштууларды жиберип, бул жактан жаштарды окууга кабыл алып, мына ушундай агартуу иштери уюштурулган. Мен башка тармакты кое туруп өзүмдүн багытым боюнча эле айтайын, кыргыз археологиясынын атасы ким десеңиз — археолог, чыгыш таануучу Александр Бернштам, Кыргыз дөөлөтүн ким жазган десеңиз — академик Василий Бартольд. Оштун 3000 жылдык тарыхы бар байыркы шаар экенин ленинграддык окумуштуу тактап чыккан. Булардын баары ленинграддыктар. Кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар залкарлар Ленинграддан билим алып келишкен, алардын бири — алгачкы кыргыз профессионал балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева. Миңдеген китептер жиберилип, учурдагы биздин китепканалар түптөлгөн. Жүздөгөн вагондорго жүктөлгөн карагай, цементтер келип, завод-фабрикалар курулган. Илимдер академиясы, университет, институттар түптөлгөн. Өлкөнү электрлештирүү иштери колго алынып, ленинграддык окумуштуулар изилдөө иштерин жасап, долбоорун даярдашкан. Мунун баары Ленинграддын шефтигинин астында ишке ашкан.
Анан шаар блокадага алынганда кыргызстандыктар да карап турган эмес. Тамак-аш, кийим-кече жүктөлгөн 100дөн ашуун вагондор жиберилген. Жетим калган миңдеген балдарды кыргызстандыктар асырап чоңойтушкан. Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согушка чейин 20га чукул гана балдар үйү болсо, блокадада калган наристелер алып келинген соң алардын саны 40тан ашкан. Алымкул Үсөнбаев, Кубанычбек Маликов сыяктуу маданият залкарлары барып, Ленинград элин моралдык жактан колдоп келишкен.