Мамытов: жергиликтүү өндүрүшчүлөр ЕАЭБ рыногуна багыт алышы керек
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов ата мекендик өндүрүштүн келечегине саресеп салды.
Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн учурда мүмкүнчүлүктөрү кенен. Биринчиден эле 70 миллион сатып алуучусу бар ЕАЭБ рыногу ачык турат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кандай гана мамлекет болбосун, өндүрүш анын экономикасынын фундаменти болуп калат.
"Тарых көрсөткөндөй, өндүрүш тармагы — өлкө экономикасынын тирөөчү же болбосо пайдубалы. Ар бир өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү бар сыяктуу эле Кыргызстан да мындан куру эмес. Өндүрүш болгон жерде бир эле продукт жаратуу эмес, логистика, инновациялар, илим өнүгөрү баарыбызга белгилүү. Тарыхта СССР өндүрүштү кыска убакытта гүлдөтө алган өлкө катары кала берет. Анын кадамдарын ушул күнгө чейин эч бир экономикалык система кайталай элек. Ал эми учурдагы Кыргызстанды ала турган болсок, өндүрүш азырынча жеке сектордо активдүү. Бирок ошондо да буга чейин ички рынокту камсыздоого гана багытталган чакан өндүрүштөр болсо, эми учурдагы ишкерлерге көбүрөөк эскпортту ойлоно турган мезгил келди. Анткени биздин өндүрүшчүлөр үчүн 70 миллион сатып алуучуу бар ЕАЭБ рыногу ачык. Аталган уюм башка мүчө мамлекеттер менен биргеликте өндүрүштүк ишкана аччуларга каржылык колдоолорду да сунуштап жатат. Кыргызстандык өндүрүшчүлөргө учурда билим жана биригүү жетишпей турат", — деди Мамытов.
Ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттер өз рыногун толтура албаса убакыттын өтүшү менен Кытай сыяктуу ири өлкөлөр бул багытты ээлеп алышы ыктымалдыгын кошумчалады.