https://sputnik.kg/20250130/adylbek-kasymaliyev-transport-tekhnika-1091739392.html
Транспорт министрлигине 453 атайын техника тапшырылды
Транспорт министрлигине 453 атайын техника тапшырылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 30.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-30T15:37+0600
2025-01-30T15:37+0600
2025-01-30T16:45+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
транспорт
техника
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1e/1091738703_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_a0aca5a56f4edabc16edf2ac5c3c531c.jpg
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.Маалыматка ылайык, өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, былтыр жол тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 22 миллиард сомго жеткенин белгиледи.Соңунда минкаб башчысы жаңы техниканы кылдат жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырды.
https://sputnik.kg/20250130/kyrgyzstan-bishkek-transport-1091737613.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1e/1091738703_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_432ec2e2197cd7417183234a905f7f3a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, транспорт, техника, сүрөт
кыргызстан, адылбек касымалиев, транспорт, техника, сүрөт
Транспорт министрлигине 453 атайын техника тапшырылды
15:37 30.01.2025 (Жаңыртылды: 16:45 30.01.2025) БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 453 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, былтыр жол тармагын каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 22 миллиард сомго жеткенин белгиледи.
"Бул каражат 1000 чакырымдан ашык жолду оңдоого жана курууга, анын ичинде 802 чакырымга асфальт төшөөгө мүмкүндүк берди. Биз ири долбоорлорду баштадык: Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Баткен — Раззаков, ошондой эле туристтик аймактарда инфраструктураны жакшыртуу жана алыскы аймактардагы жолдорду куруу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат", — деди Касымалиев.
Соңунда минкаб башчысы жаңы техниканы кылдат жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырды.