00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек кызматташтыгын бекемдөө маселелерин талкуулады. Жолугушуу Алматыда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өттү. Касымалиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин бардык тармактарда өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгиледи. Анын айтымында, өз ара сооданын туруктуу өсүшү байкалып, товарлардын ассортименти кеңейип, экспорт менен импорттун көлөмү көбөйүүдө.Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, эки өлкөнүн президенттеринин бекем саясий эркинин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери боордош элдердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берет. Арипов Касымалиевди Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, Өзбекстанга иш сапары менен келип, төртүнчү Ташкент инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
Маркумдун 7-8 органын трансплантациялоого болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин "Ыйман нуру" депутаттык тобу менен "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда көз жумгандан кийин адамдын органдарын алууга уруксат берүү маселеси каралууда. "Көз жумгандан кийин донор болууга уруксат берүү каралууда. Диний жактан карама-каршылык жоктугун молдолор менен талкуулап, макулдугун алдык. Маркумдук донорлукка өтсөк бир эле адамдан 7-8 орган алса болот. Биринчиден, боор алынат. Дүйнөдө негизинен боор өлгөн адамдан алынат. Экинчиден, бөйрөк, чучук, өпкө, анан жүрөк алынат", — деди Бейшеналиев. Буга чейин министр донор табуу эң негизги көйгөй экенин айтып, көз жумгандан кийин жана ыктыярдуу донор болууга уруксат берүү каралып жатканын айткан.
Өлкө аймагында «Жөө жүргүнчү» аталышында рейд жүрүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында «Жөө жүргүнчү» аталышындагы рейд жүрүүдө. Анда чоң жолду кесип өткөн, чуркап чыккан, жол тосмолордон ашып өткөн жөө жүргүнчүлөргө жана жөө өтмөктөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчиликтери каралууда.
АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардам программаларын токтотуу боюнча жарлыктарынан кийин америкалык гранттардын эсебинен жашаган украин уюмдары USAID агенттигинен бардык долбоорлорду токтотуу талабы айтылган каттарды алышкан. Бул тууралуу Kyiv Independent басылмасынын башкы редактору Ольга Руденко билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, каттарда "ишмердүүлүктү токтотуу" жана "жаңы чыгымдарга жол бербөө" талаптары камтылып, украин долбоорлорун каржылоо бир түндө токтоп, эсептеги каражат тоңдурулган. Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй Трамп башка мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара программалардын АКШнын кызыкчылыгына канчалык туура келерин талдоо үчүн көрүлмөкчү.
Жаңылыктар түрмөгү
0