https://sputnik.kg/20250131/1091773786.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги быйыл 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска отурарын айтты. Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын... 31.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-31T17:00+0600
2025-01-31T17:00+0600
2025-01-31T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091773654_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7cb6f22019bf891e72945c23bdab2321.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги быйыл 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска отурарын айтты. Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурзида Касымова 480 сааттык "Наристе" программасы менен азыр окуп жаткандар жана бала бакчаларда даярдоо тайпасындагы 6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 2-класска кабыл алынарын билдирди. "Ал эми даярдоодон өтпөгөн, бала бакчадагы жогорку тайпадагы азыр 5-6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 1-класска барышат", — деди ал министрлик өткөргөн түз эфирде. Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова күздө 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска өтөрүн кошумчалады.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңеште "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги турак жайдын бир чарчы метри 4 миң долларга чейин чыгып жатканын билдирди. "Учурда каркастык ыкма менен салынган үйлөрдүн бир чарчы метри 900-1100 долларга чейин болуп жатат. Панелдик үйлөрдүн баасы кыйла арзан, бир чарчы метри 600 доллардан айланууда. Даяр үйдүн баасы 1,5 миң доллардан башталат. Пайдубалынан башталгандар 1200-1300 доллар болууда", — деди Орунтаев. Депутат Айбек Алтынбеков азыр Бишкекте үйлөрдүн чарчы метри 3 миң долларга чейин чыгып, калаа Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын бирине айланганын айтты. Буга Орунтаев бир мисал келтирди. "Мисал катары айтайын, бир объектибиз бар. Баасы 4 миң долларга чыкты", — деди Мамкурулуштун жетекчиси.
Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 миллион сомду кымырып алгандар кармалды. Бул тууралуу УКМАКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы подряддык компаниянын директору менен ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 млн сомдон ашкан. Кармалган адамдар камакка алынды. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Дүйнөлүк түзүлүштүн негизин аныктай турган келишкис технологиялык жарыш жүрүп жатат. Бул тууралуу алматыдагы санарип форумда Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин билдирди. Анын айтымында, глобалдык санариптик архитектураны түзүүдө карама-каршылыктар барган сайын күчөп, санариптик теңсиздикти жоюу жана этикалык маселелер боюнча ар кандай көз караштар пайда болууда. "Санариптик "булут" программа, платформа, алгоритм жана нейротармактарсыз келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Булардын баары боюнча өз технологияларын иштеп чыккан мамлекеттер гана динамикалуу өнүгө алат. Башкалардын технологиясынан көз карандысыз болуу өтө маанилүү. Россия бул багытта олуттуу иш алып барууда жана тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз", — деди Мишустин. Ал Россияда аталган индустрияда бир миллионго чукул адам эмгектенерин кошумчалады.
Билим берүү министрлиги быйыл 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска отурарын айтты. Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурзида Касымова 480 сааттык "Наристе" программасы менен азыр окуп жаткандар жана бала бакчаларда даярдоо тайпасындагы 6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 2-класска кабыл алынарын билдирди. "Ал эми даярдоодон өтпөгөн, бала бакчадагы жогорку тайпадагы азыр 5-6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 1-класска барышат", — деди ал министрлик өткөргөн түз эфирде. Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова күздө 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска өтөрүн кошумчалады. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңеште "Мекенчил" депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги турак жайдын бир чарчы метри 4 миң долларга чейин чыгып жатканын билдирди. "Учурда каркастык ыкма менен салынган үйлөрдүн бир чарчы метри 900-1100 долларга чейин болуп жатат. Панелдик үйлөрдүн баасы кыйла арзан, бир чарчы метри 600 доллардан айланууда. Даяр үйдүн баасы 1,5 миң доллардан башталат. Пайдубалынан башталгандар 1200-1300 доллар болууда", — деди Орунтаев. Депутат Айбек Алтынбеков азыр Бишкекте үйлөрдүн чарчы метри 3 миң долларга чейин чыгып, калаа Борбор Азиядагы эң кымбат шаарлардын бирине айланганын айтты. Буга Орунтаев бир мисал келтирди. "Мисал катары айтайын, бир объектибиз бар. Баасы 4 миң долларга чыкты", — деди Мамкурулуштун жетекчиси. Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 миллион сомду кымырып алгандар кармалды. Бул тууралуу УКМАКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы подряддык компаниянын директору менен ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 млн сомдон ашкан. Кармалган адамдар камакка алынды. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Дүйнөлүк түзүлүштүн негизин аныктай турган келишкис технологиялык жарыш жүрүп жатат. Бул тууралуу алматыдагы санарип форумда Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин билдирди. Анын айтымында, глобалдык санариптик архитектураны түзүүдө карама-каршылыктар барган сайын күчөп, санариптик теңсиздикти жоюу жана этикалык маселелер боюнча ар кандай көз караштар пайда болууда. "Санариптик "булут" программа, платформа, алгоритм жана нейротармактарсыз келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Булардын баары боюнча өз технологияларын иштеп чыккан мамлекеттер гана динамикалуу өнүгө алат. Башкалардын технологиясынан көз карандысыз болуу өтө маанилүү. Россия бул багытта олуттуу иш алып барууда жана тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз", — деди Мишустин. Ал Россияда аталган индустрияда бир миллионго чукул адам эмгектенерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091773654_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_25720ed1d9b54d250992288e502399ae.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио