https://sputnik.kg/20250131/1091777876.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан... 31.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-31T19:00+0600
2025-01-31T19:00+0600
2025-01-31T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091777744_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0b2430a4958ebc961b581cca6331cad6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы кыргыз-европалык өнөктөштүктү чыңдоого Мэрилин Йосефсондун кошкон олуттуу салымын белгилеп, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты. Өз кезегинде Мэрилин Йосефсон Садыр Жапаровдун кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын, кыргыз-европалык мамилелер жаңы деңгээлге жеткенин белгиледи. Ал геосаясий чакырыктарга карабастан, Кыргызстан эл аралык алакаларга карата салмактуу жана прагматикалык мамилени көрсөтүп жатканын айтып өттү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алматыда Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен кезикти. Жолугушуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду. Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде экономикалык, сооданы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук байланыштар маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Евразиялык экономикалык биримдиктин кийинки өкмөттөр аралык жыйыны Кыргызстанда болот. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдирди. Анын айтымында, жыйын Чолпон-Ата шаарында август айында өтөт. Учурда Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Ага удаалаш эле жыл сайын өтүүчү санариптик форум болду. Бул иш-чараларга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.
Бишкек, Ош шаарларында балдар мектепке батпай калат деген коркунуч бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди "Мындай кыйынчылык жыл сайын жаралып келет. 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн жаңы мектептер курулуп жатат. Бул маселе жаралбаш үчүн 1-сентябрга чейин жергиликтүү органдар, райондук, шаардык бөлүмдөр менен балдар мектепке батабы, батпайбы, тактоо иштерин жүргүзүп барып жатабыз. Бул көйгөй Бишкекте гана болушу мүмкүн. Февралдан баштап ар бир директор менен жолугуп, канча классты кайсы жерге отургузарын тактайбыз. Батпай кала турган болсо, сентябрга чейин ал маселени чечкенге аракет кылабыз", — деген Касымова. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 14 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 1-февралга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республиканын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас аймагында -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө -3...+2, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0…+2, Ош шаарында +2...+4 градусту көрсөтөт.
Президент Садыр Жапаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсонду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы кыргыз-европалык өнөктөштүктү чыңдоого Мэрилин Йосефсондун кошкон олуттуу салымын белгилеп, биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын айтты. Өз кезегинде Мэрилин Йосефсон Садыр Жапаровдун кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын, кыргыз-европалык мамилелер жаңы деңгээлге жеткенин белгиледи. Ал геосаясий чакырыктарга карабастан, Кыргызстан эл аралык алакаларга карата салмактуу жана прагматикалык мамилени көрсөтүп жатканын айтып өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Алматыда Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен кезикти. Жолугушуу Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында болду. Касымалиев Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында энергетика, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү жана санариптик экономика тармактарында ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Адылбек Касымалиев менен Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде экономикалык, сооданы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук байланыштар маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.Евразиялык экономикалык биримдиктин кийинки өкмөттөр аралык жыйыны Кыргызстанда болот. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдирди. Анын айтымында, жыйын Чолпон-Ата шаарында август айында өтөт. Учурда Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Ага удаалаш эле жыл сайын өтүүчү санариптик форум болду. Бул иш-чараларга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.Бишкек, Ош шаарларында балдар мектепке батпай калат деген коркунуч бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди "Мындай кыйынчылык жыл сайын жаралып келет. 12 жылдык билим берүүгө өтүү үчүн жаңы мектептер курулуп жатат. Бул маселе жаралбаш үчүн 1-сентябрга чейин жергиликтүү органдар, райондук, шаардык бөлүмдөр менен балдар мектепке батабы, батпайбы, тактоо иштерин жүргүзүп барып жатабыз. Бул көйгөй Бишкекте гана болушу мүмкүн. Февралдан баштап ар бир директор менен жолугуп, канча классты кайсы жерге отургузарын тактайбыз. Батпай кала турган болсо, сентябрга чейин ал маселени чечкенге аракет кылабыз", — деген Касымова. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 14 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 1-февралга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде республиканын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас аймагында -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө -3...+2, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0…+2, Ош шаарында +2...+4 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091777744_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4707b21d5e6ca180a18caa16fa5c949f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио