Алдаяров: каржы маселесинен улам эл газ киргизе албай калууда
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров. Архив

Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров борбордун айланасындагы конуштарды газдаштыруу ишинин жүрүшү жана калктын финансылык көйгөйүн чечүү тууралуу айтты.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы өкмөткө 2021-жылдан бери калкка жеңилдетилген насыя берүүнү сунуштап келет. Бирок банктар ушу кезге чейин 8 пайыздык насыя берүүнү улантып, киреше булагын тастыктаган кагаз талап кылышууда. Бул тууралуу Арзымат Алдаяров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алдаяров: каржы маселесинен улам эл газ киргизе албай калууда
Анын айтымында, жаңы конуш тургундарынын газ койдуруу үчүн дароо 80-90 миң сом төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
"Калктын каржылык мүмкүнчүлүгүн түшүнүп жатабыз. Ошондуктан жеңилдетилген насыя жаатын мамлекеттик органдар менен биргеликте кайра иштеп чыгууну чечтик. Анткени Экология министрлигинин жана Бишкек мэриясынын демилгеси менен жаңы тескеме чыгарганы жатышат. Анын ичине жеңилдетилген, пайызсыз насыя менен бирге кирешени тастыктаган маалымат кагазын талап кылбоону суранып жатабыз. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында бир миллиард сомго жакын каражат газдаштырууга жумшалат. Бирок муну 2-3 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан мэрия же дагы башка мамлекеттик ишканалар да маселе чечүү жагын караса деген ниетте ар кандай талкуулоолор да өткөрүлүп жатат. Ал эми газдаштыруу жаатында 2024-жылы Чүй облусундагы Новопокровка айылында башталган ишти быйыл бүтүрүү планы бар. Ошондой эле Ак-Босого конушунда долбоор аныктоо иши аяктап калды. Азыр экспертиза өтүп жатат. 2025-жылы Кожомкул, Эне-Сай, Арча-Бешик (69 гектар), Селекция конуштарында изилдөө, долбоорлоо жумуштары башталат. Энергетиктер менен иштеп чыккан меморандумга ылайык, кайсы жерде энергетикалык чыңалуу көп болсо, ошол аймак ириде газдаштырылат. Азыр Бишкектин түштүк-батышындагы ТЭЦ-2 менен Орок айылындагы стадиондун аймагына да газ түтүтүктөрүн алып баруу керек", — деди Алдаяров.
Ал учурда борбордун түштүк тарабы толук газдаштырылгандыгын кошумчалады.