https://sputnik.kg/20250131/kyrgyzstan-zhasalma-intellekt-strategiya-1091766081.html
Кыргызстан жакында жасалма интеллект боюнча улуттук стратегияны бекитет
Кыргызстан жакында жасалма интеллект боюнча улуттук стратегияны бекитет
Sputnik Кыргызстан
АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан жакында жогорку технологиялык келечегин түзө турган жасалма интеллект боюнча Улуттук стратегияны бекитет. Бул тууралуу... 31.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-31T14:38+0600
2025-01-31T14:38+0600
2025-01-31T14:38+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
жасалма интеллект
алматы
улуттук стратегия
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091765492_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_3a4cb3de3d337225c3d33640fc8f17ff.jpg
АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан жакында жогорку технологиялык келечегин түзө турган жасалма интеллект боюнча Улуттук стратегияны бекитет. Бул тууралуу Алматы санариптик форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.Анын айтымында, стратегия жасалма интеллектиге негизделген жергиликтүү продукцияларды өнүктүрүүгө, экономика тармактарынын байланышын жакшыртууга жана коом алдында турган чакырыктарды чечүүгө багытталат.Ошондой эле Касымалиев өлкөдө Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн эске салып, ал жаңы технологияларды киргизүүдө негизги платформа болуп саналарын белгиледи.Ал Кыргызстандагы жасалма интеллектини колдонуу жөнүндө мисал келтирип өттү."Акылай" аталышындагы жасалма интеллект жарандарга юриспруденция жана финансылык маселелер боюнча мыйзамдарга таянып, мамлекеттик тилде кеңеш берүүдө. Улуттук илимдер академиясында, Жогорку технологиялар паркы жана жергиликтүү стартаптар менен биргеликте өлкөнүн суу ресурстарын изилдөө жана алардын көйгөйлөрүн аныктоо боюнча жасалма интеллектини колдонуу демилгеленди", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.Ал жасалма интеллект учурда мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен туруктуулугун камсыз кылуучу негизги факторго айланып жатканын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250131/kyrgyzstan-ozbekstan-okmot-bashchy-talkuu-1091763890.html
алматы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1f/1091765492_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_05ff94addab3a1f89c332969c2d23df7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, жасалма интеллект, алматы, улуттук стратегия
кыргызстан, адылбек касымалиев, жасалма интеллект, алматы, улуттук стратегия
Кыргызстан жакында жасалма интеллект боюнча улуттук стратегияны бекитет
АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстан жакында жогорку технологиялык келечегин түзө турган жасалма интеллект боюнча Улуттук стратегияны бекитет. Бул тууралуу Алматы санариптик форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, стратегия жасалма интеллектиге негизделген жергиликтүү продукцияларды өнүктүрүүгө, экономика тармактарынын байланышын жакшыртууга жана коом алдында турган чакырыктарды чечүүгө багытталат.
Ошондой эле Касымалиев өлкөдө Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн эске салып, ал жаңы технологияларды киргизүүдө негизги платформа болуп саналарын белгиледи.
"Биздин максат — жасалма интеллектини мамлекеттик процесстерге системалуу жана масштабдуу интеграциялоо. Бул туруктуу өнүгүүнү камсыздап, Кыргызстандын глобалдык технологиялык позициясын бекемдейт", — деди Касымалиев.
Ал Кыргызстандагы жасалма интеллектини колдонуу жөнүндө мисал келтирип өттү.
"Акылай" аталышындагы жасалма интеллект жарандарга юриспруденция жана финансылык маселелер боюнча мыйзамдарга таянып, мамлекеттик тилде кеңеш берүүдө. Улуттук илимдер академиясында, Жогорку технологиялар паркы жана жергиликтүү стартаптар менен биргеликте өлкөнүн суу ресурстарын изилдөө жана алардын көйгөйлөрүн аныктоо боюнча жасалма интеллектини колдонуу демилгеленди", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Ал жасалма интеллект учурда мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү менен туруктуулугун камсыз кылуучу негизги факторго айланып жатканын кошумчалады.