https://sputnik.kg/20250131/ukrain-sogushkerleri-russkoe-porechnoe-ajylynyn-22-turgunun-olturgon-1091769377.html
Украин согушкерлери Русское Поречное айылынын 22 тургунун кыйнап өлтүргөн. Видео
Украин согушкерлери Русское Поречное айылынын 22 тургунун кыйнап өлтүргөн. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Украиналык беш согушкер Курск облусундагы Русское Поречное айылынын 22 жашоочусун мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул тууралуу Тергөө... 31.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-31T16:09+0600
2025-01-31T16:09+0600
2025-01-31T16:09+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
курск
кол салуу
айыл
тургун
зордуктоо
киши өлтүрүү
атуу
https://sputnik.kg/img/07e7/01/1a/1072328159_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_68b18214da4d83bd19227c8cf9dd79a6.jpg
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Украиналык беш согушкер Курск облусундагы Русское Поречное айылынын 22 жашоочусун мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул тууралуу Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко айтканын РИА Новости жазды.Маалыматта улук жоокер Евгений Фабрисенко, ошондой эле Кум, Мотыль, Проводник жана Художник каймана аттарын алып жүргөн аскер адамдары регионго өткөн жылдын сентябрында киришкени айтылат. Фабрисенко Суджанскидеги кармашта туткундалып, сурак учурунда жасаган кылмыштары тууралуу баяндап берген.22 кишини сөөгүн украин аскерлери жер төлөгө таштап салышкан.Тергөөчүлөр Русское Поречное айылындагы кылмыштарга беш согушкердин тең тиешелүүлүгүн аныктады.Видеодо Фабрисенко 22 кишини өлтүргөнүн моюндаганы көрсөтүлөт. Ал жай жарандарды өзүлөрүнүн эле үйлөрүнөн атып салышканын айтып берген. Туткундун сөзү боюнча, буйрукту ротанын командири берген."Экинчи үйгө кирсек бир аял, эки эркек киши бар экен. Эркектерди өлтүрдүк, бирөөнүн колун кескиледик. Кызды сабап, зер буюмдарын жулуп алдык, зордуктап туруп өлтүрдүк", — деген Фабрисенко.Ал эркек кишинин колун "моокум кандыруу үчүн" кескилешкенин айтып берген.Туткун айылга кол салгандар биринчи үйдөгү 18-20 жаштагы кызды ур-токмокко алып, зордукташканын билдирди."Мен аны тизелетип, колун башына алдыртып туруп ок чыгардым", — деген согушкер.Мындан тышкары, алар айылдык алты кишини байлап, жер төлөгө түшүрүп, граната ыргытып жиберишкен."Карыган аталар, апалар экенин көрдүк. Аларды эшикке чыгарып, таңып, жер төлөгө түшүрдүк да, граната ыргытып жибердик", — деген Фабрисенко.Туткундун айтымында, украин согушкерлери айылга кол салгандан кийин жашоочуларга чыгып кетүүгө мүмүнчүлүк бербей, автоунааларды аткылап турушкан. Каршылык көрсөткөн бир эркек кишини атып салышкан.Фабрисенко Украина Куралдуу күчтөрү киши өлтүрүүлөрдү ичкилик, баңгизат менен "белгилешкенин", мунун баары 29-сентябрда болгонун айтып берген.Русское Поречное айылынын беш согушкер тарабынан сабалып, зордукталып, атып өлтүрүлгөн тургундарынын сөөктөрү жер төлөдөн алып чыгарылып, экспертизалар дайындалды. Курскинин жай тургундарына каршы жасалган терактыга тиешеси бар украин аскер адамдарынын үстүнөн кылмыш иши козголгон.
https://sputnik.kg/20241011/ukrainalyk-askerler-kurskilikterdi-atyp-zhatsa-da-batysh-unchukpay-turat-1089386910.html
украина
курск
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/1a/1072328159_749:306:3072:2048_1920x0_80_0_0_f640e59ec5842fdcffd1c634fa53b32d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, курск, кол салуу, айыл, тургун, зордуктоо, киши өлтүрүү, атуу, жер, согушкер
дүйнөдө, украина, курск, кол салуу, айыл, тургун, зордуктоо, киши өлтүрүү, атуу, жер, согушкер
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Украиналык беш согушкер Курск облусундагы Русское Поречное айылынын 22 жашоочусун мыкаачылык менен өлтүргөн. Бул тууралуу Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко айтканын
РИА Новости жазды.
Маалыматта улук жоокер Евгений Фабрисенко, ошондой эле Кум, Мотыль, Проводник жана Художник каймана аттарын алып жүргөн аскер адамдары регионго өткөн жылдын сентябрында киришкени айтылат. Фабрисенко Суджанскидеги кармашта туткундалып, сурак учурунда жасаган кылмыштары тууралуу баяндап берген.
"2024-жылдын 28-сентябрынан 24-ноябрына чейин командири Кумдун буйругу менен Фабрисенко, Мотыль, Проводник жана Художник Русское Поречное айылында 11 эркек менен үч аялды өлтүрүшкөн. Мындан тышкары, сегиз аял зордукталып, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрүп өлтүрүлгөн", — деди Петренко.
22 кишини сөөгүн украин аскерлери жер төлөгө таштап салышкан.
Тергөөчүлөр Русское Поречное айылындагы кылмыштарга беш согушкердин тең тиешелүүлүгүн аныктады.
Видеодо Фабрисенко 22 кишини өлтүргөнүн моюндаганы көрсөтүлөт. Ал жай жарандарды өзүлөрүнүн эле үйлөрүнөн атып салышканын айтып берген. Туткундун сөзү боюнча, буйрукту ротанын командири берген.
"Экинчи үйгө кирсек бир аял, эки эркек киши бар экен. Эркектерди өлтүрдүк, бирөөнүн колун кескиледик. Кызды сабап, зер буюмдарын жулуп алдык, зордуктап туруп өлтүрдүк", — деген Фабрисенко.
Ал эркек кишинин колун "моокум кандыруу үчүн" кескилешкенин айтып берген.
Туткун айылга кол салгандар биринчи үйдөгү 18-20 жаштагы кызды ур-токмокко алып, зордукташканын билдирди.
"Мен аны тизелетип, колун башына алдыртып туруп ок чыгардым", — деген согушкер.
Мындан тышкары, алар айылдык алты кишини байлап, жер төлөгө түшүрүп, граната ыргытып жиберишкен.
"Карыган аталар, апалар экенин көрдүк. Аларды эшикке чыгарып, таңып, жер төлөгө түшүрдүк да, граната ыргытып жибердик", — деген Фабрисенко.
Туткундун айтымында, украин согушкерлери айылга кол салгандан кийин жашоочуларга чыгып кетүүгө мүмүнчүлүк бербей, автоунааларды аткылап турушкан. Каршылык көрсөткөн бир эркек кишини атып салышкан.
Фабрисенко Украина Куралдуу күчтөрү киши өлтүрүүлөрдү ичкилик, баңгизат менен "белгилешкенин", мунун баары 29-сентябрда болгонун айтып берген.
Русское Поречное айылынын беш согушкер тарабынан сабалып, зордукталып, атып өлтүрүлгөн тургундарынын сөөктөрү жер төлөдөн алып чыгарылып, экспертизалар дайындалды. Курскинин жай тургундарына каршы жасалган терактыга тиешеси бар украин аскер адамдарынын үстүнөн кылмыш иши козголгон.

11 Тогуздун айы 2024, 11:10