https://sputnik.kg/20250201/1091788881.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма каттатып жүргөндөр кармадыТрамп Евробиримдиктин товарларына бажы төлөмүн киргизерин айттыКыргызстанда... 01.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-01T17:00+0600
2025-02-01T17:00+0600
2025-02-01T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/01/1091788749_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6287b0b821632f25b5a2d6fa315189fe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма каттатып жүргөндөр кармадыТрамп Евробиримдиктин товарларына бажы төлөмүн киргизерин айттыКыргызстанда азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөгөн атайын штабдар түзүлөтАлдыда кененирээкӨлкөдө азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдар түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүктөрдүн бааларына байланышкан маселелер боюнча жыйын өткөргөн. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана аймактардагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары видеоконференция аркылуу катышкан. Азык-түлүк бааларын дыкат көзөмөлгө алуу Экономика жана коммерция министрлигине, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды. Эми бул мамлекеттик органдар аймактарда азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдарды түзүп, иштин жүрүшү боюнча президенттик администрацияга отчет беришет.
Кыргызстандын картошкасын тонналап алган Өзбекстан импорттон баш тартууну ниет кылууда Бейшемби күнү Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында картошканын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүгө өтүү талкууланган. “2027-жылдан тарта картошкага болгон муктаждык ички ресурстардын эсебинен жабылат”, — деп билдирген Өзбекстандын маалымат кызматы. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан 68,2 миң тонна картошка экспорттолсо, анын 57,8 миңин Өзбекстан сатып алган.
Бишкек шаарына Түркиядан келчү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы – 25 бирдик келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпысынан шаарга заманбап, 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алып келинди. Бул автобустар 24 орундуу, жалпысынан 90 жүргүнчү батат. Ошондой эле аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап кондиционерлер менен жабдылган. Белгилей кетсек, мамлекеттик номерлер алынгандан жана маршруттук схемалар бекитилгенден кийин жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштайт.
Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма жол менен каттатып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д. М. Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А. А. К. жана прокуратуранын мурдагы кызматкери У.Р.М. аттуу жарандар жер сатуу боюнча кылмыштуу схема уюштурган. “Алар муктаждардын кезегин жылдырып, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдорун өзгөртүп, тиешелүү адистерин кол тамгаларын жасалмалашкан. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуп, алардын аттарына жер тилкелерин жасалма негизде каттаган”, — деп айтылат маалыматта. Бул боюнча “Коррупция” жана “документтерди жасалмалоо” боюнча иш козголуп, шектүүлөр камакка алынганы кошумчаланды.
Трамп Брюссель Вашингтонго "начар мамиле" кылгандыктан, Евробиримдиктин товарларына бажы төлөмүн киргизе турганын айтып коркутту. Буга чейин АКШ президенти соода дефицити жүздөгөн миллиард долларга жеткенин айтып, европалыктардан Американын энергетикалык ресурстарын ири көлөмдө сатып алууну талап кылган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 14 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ2-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. 2-февралда өрөөндөрдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +2...+7, Ысык-Көлдө -2...+3 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болот. Бишкекте күндүн табы +3...+5, Ош шаарында +4...+6 градуска чейин көтөрүлөт.
УКМК Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма каттатып жүргөндөр кармадыТрамп Евробиримдиктин товарларына бажы төлөмүн киргизерин айттыКыргызстанда азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөгөн атайын штабдар түзүлөтАлдыда кененирээкӨлкөдө азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдар түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүктөрдүн бааларына байланышкан маселелер боюнча жыйын өткөргөн. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана аймактардагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары видеоконференция аркылуу катышкан. Азык-түлүк бааларын дыкат көзөмөлгө алуу Экономика жана коммерция министрлигине, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды. Эми бул мамлекеттик органдар аймактарда азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдарды түзүп, иштин жүрүшү боюнча президенттик администрацияга отчет беришет.Кыргызстандын картошкасын тонналап алган Өзбекстан импорттон баш тартууну ниет кылууда Бейшемби күнү Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында картошканын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүгө өтүү талкууланган. “2027-жылдан тарта картошкага болгон муктаждык ички ресурстардын эсебинен жабылат”, — деп билдирген Өзбекстандын маалымат кызматы. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан 68,2 миң тонна картошка экспорттолсо, анын 57,8 миңин Өзбекстан сатып алган.Бишкек шаарына Түркиядан келчү жүргүнчү ташуучу автобустардын акыркы партиясы – 25 бирдик келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпысынан шаарга заманбап, 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алып келинди. Бул автобустар 24 орундуу, жалпысынан 90 жүргүнчү батат. Ошондой эле аба ырайынын ысык күндөрүндө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн заманбап кондиционерлер менен жабдылган. Белгилей кетсек, мамлекеттик номерлер алынгандан жана маршруттук схемалар бекитилгенден кийин жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштайт.Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма жол менен каттатып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д. М. Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А. А. К. жана прокуратуранын мурдагы кызматкери У.Р.М. аттуу жарандар жер сатуу боюнча кылмыштуу схема уюштурган. “Алар муктаждардын кезегин жылдырып, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдорун өзгөртүп, тиешелүү адистерин кол тамгаларын жасалмалашкан. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуп, алардын аттарына жер тилкелерин жасалма негизде каттаган”, — деп айтылат маалыматта. Бул боюнча “Коррупция” жана “документтерди жасалмалоо” боюнча иш козголуп, шектүүлөр камакка алынганы кошумчаланды.Трамп Брюссель Вашингтонго "начар мамиле" кылгандыктан, Евробиримдиктин товарларына бажы төлөмүн киргизе турганын айтып коркутту. Буга чейин АКШ президенти соода дефицити жүздөгөн миллиард долларга жеткенин айтып, европалыктардан Американын энергетикалык ресурстарын ири көлөмдө сатып алууну талап кылган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 14 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ2-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. 2-февралда өрөөндөрдө күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +2...+7, Ысык-Көлдө -2...+3 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болот. Бишкекте күндүн табы +3...+5, Ош шаарында +4...+6 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/01/1091788749_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_731a6e5ee66a4dabf37e307b85548874.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио