https://sputnik.kg/20250201/filadelfiya-uchak-ujlorgo-kulagan-1091783038.html
Филадельфияда чакан учак турак үйлөргө кулады. Видео
Филадельфияда чакан учак турак үйлөргө кулады. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Филадельфияда (АКШ) чакан учак турак үйлөргө кулаганын CBS телеканалы жазды. 01.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-01T12:27+0600
2025-02-01T12:27+0600
2025-02-01T12:27+0600
акш
учак
кырсык
дүйнөдө
видео
филадельфия
https://sputnik.kg/img/07e9/02/01/1091780405_0:105:3270:1944_1920x0_80_0_0_f7ca2f4845f86a9e94fc8c8656dc37b2.jpg
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Филадельфияда (АКШ) чакан учак турак үйлөргө кулаганын CBS телеканалы жазды.Кеп медициналык Lear 55 учагы тууралуу болууда. Учак аба майдандан көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыктаган. Ичинде алты адам, тагыраагы, эки пилот, эки дарыгер, оорулуу бала жана анын тууганы болгон.Бир нече үй өрттөнүп, газ түтүгү жабыркап, өрттүн күчөшүн шарттаган. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Жүргүнчүлөр менен жашоочулардын абалы тууралуу да айтыла элек. Fox News телеканалынын айтымында, кырсык учактагы кычкылтек баллондорунан улам болушу мүмкүн.Буга чейин Вашингтон аэропортунун жанында эл ташыган учак аскердик тик учак менен кагышып, дарыяга кулап түшкөн. Кулаган учактын ичинде 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Алардын бири да тирүү калган эмес. Жүргүнчүлөрдүн арасында көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 1994-жылдагы чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов болгон.
https://sputnik.kg/20250130/aksh-uchak-kiyroo-figurist-1091737038.html
акш
филадельфия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/01/1091780405_270:0:3001:2048_1920x0_80_0_0_0074d1edd9e96edca6747d70470c08a8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акш, учак, кырсык, дүйнөдө, видео, филадельфия
акш, учак, кырсык, дүйнөдө, видео, филадельфия
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Филадельфияда (АКШ) чакан учак турак үйлөргө кулаганын
CBS телеканалы жазды.
Кеп медициналык Lear 55 учагы тууралуу болууда. Учак аба майдандан көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыктаган. Ичинде алты адам, тагыраагы, эки пилот, эки дарыгер, оорулуу бала жана анын тууганы болгон.
Бир нече үй өрттөнүп, газ түтүгү жабыркап, өрттүн күчөшүн шарттаган. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Жүргүнчүлөр менен жашоочулардын абалы тууралуу да айтыла элек. Fox News телеканалынын айтымында, кырсык учактагы кычкылтек баллондорунан улам болушу мүмкүн.
Буга чейин Вашингтон аэропортунун жанында эл ташыган учак аскердик тик учак менен кагышып,
дарыяга кулап түшкөн. Кулаган учактын ичинде 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Алардын бири да тирүү калган эмес. Жүргүнчүлөрдүн арасында көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 1994-жылдагы чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов болгон.