https://sputnik.kg/20250204/kyrgyzstan-biyiu-too-alysky-aymak-1091844984.html
Бийик тоолуу аймактардын катарына 31 калктуу конуш кошулат. Токтом долбоору
Бийик тоолуу аймактардын катарына 31 калктуу конуш кошулат. Токтом долбоору
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга 31 жаңы калктуу конуш кошулат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. 04.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-04T15:44+0600
2025-02-04T15:44+0600
2025-02-04T15:45+0600
кыргызстан
аймак
айлык
социалдык төлөм
бийик тоолуу аймак
https://sputnik.kg/img/104274/34/1042743458_0:481:6016:3865_1920x0_80_0_0_8dde53b464761ab4f2f0feb4c495255c.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга 31 жаңы калктуу конуш кошулат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.Маалыматка ылайык, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашагандардын социалдык төлөмдөрү инвентаризацияланып, бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси анализденди.Мындан улам Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан."Аталган калктуу конуштарда жашаган жана иштеген жарандардын эмгек акыларына кошумча төлөмдөр үчүн 304,7 миллион сом, ал эми социалдык төлөмдөр үчүн 304,9 миллион сом керектелет", — деп жазылган документтин негиздемесинде.
https://sputnik.kg/20241223/sadyr-zhaparov-zharlyk-biyik-too-bala-1091022482.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104274/34/1042743458_570:0:5925:4016_1920x0_80_0_0_57b67f933913711ac7970a7059569396.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аймак, айлык, социалдык төлөм, бийик тоолуу аймак
кыргызстан, аймак, айлык, социалдык төлөм, бийик тоолуу аймак
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бийик тоолуу аймактарга 31 жаңы калктуу конуш кошулат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда жашагандардын социалдык төлөмдөрү инвентаризацияланып, бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси анализденди.
"Жер-жерлерде жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрүнүн негизинде бийик тоолуу аймактардын катарына 31 жаңы калктуу конуш кошулду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыккан.
"Аталган калктуу конуштарда жашаган жана иштеген жарандардын эмгек акыларына кошумча төлөмдөр үчүн 304,7 миллион сом, ал эми социалдык төлөмдөр үчүн 304,9 миллион сом керектелет", — деп жазылган документтин негиздемесинде.

23 Бештин айы 2024, 18:05