https://sputnik.kg/20250204/tramp-usaid-uyumunun-ishin-kajra-karap-chygat-1091828026.html
Трамп USAID уюмунун ишмердүүлүгүн кайра карап чыгат
Трамп USAID уюмунун ишмердүүлүгүн кайра карап чыгат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу процессин баштаганын РИА... 04.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-04T10:08+0600
2025-02-04T10:08+0600
2025-02-04T10:08+0600
дүйнөдө
акш
usaid
ишмердүүлүк
жардам
дональд трамп
илон маск
марко рубио
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091804127_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_40378ad78d8dd441688ae91ba9095230.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу процессин баштаганын РИА Новости Мамлекеттик департаментке таянуу менен кабарлады.Буга чейин CBS телеканалы өзүнүн маалымат булагына таянып, Ак үй башчысынын администрациясы USAID менен Мамлекеттик департаментти бириктирип, штатты кыскартарын кабарлаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, мында агенттик гуманитардык жардамга жооптуу структура боюнча кала бермек.Дүйшөмбү күнү Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу боюнча департаменттин жетекчиси Илон Маск Трамп USAID уюмун жабууга макул болгонун билдирген. Миллиардер агенттикти "кылмыштуу уюм" деп атап, "Американы жек көргөн радикалдык солчул марксистердин уюгу" деген.АКШнын президенти буга чейин структураны далай сындап, америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатын өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген долбоорлорго жумшап жатканын айткан. Трамп кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү программасын 90 күнгө токтотуп, муну көрсөтүлүп жаткан көмөктүн АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбесин талдоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Январдын соңунда Батыш ЖМКлары Трамптын администрациясы USAID уюмунун 60 кызматкерин өргүүгө жөнөткөнүн жазып чыгышты.Жардам токтотула тургандардын катарында Украина да бар. "Общественное" телеканалы Киевдеги USAID кеңсеси бардык долбоорлорду токтотуу боюнча буйрук алганын кабарлаган.
https://sputnik.kg/20250203/usaid-akyldan-tajgan-radikaldardyn-zheteginde-kalgan-1091814524.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091804127_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_f3c78649db784f8455694d0a8071642d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, usaid, ишмердүүлүк, жардам, дональд трамп, илон маск, марко рубио
дүйнөдө, акш, usaid, ишмердүүлүк, жардам, дональд трамп, илон маск, марко рубио
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин (USAID) ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу процессин баштаганын
РИА Новости Мамлекеттик департаментке таянуу менен кабарлады.
"Көзөмөлдөө укугуна ээ болуу жана агенттиктин ишин тереңирээк түшүнүү үчүн мамлекеттик катчы Марко Рубио USAID жетекчисинин милдетин аткарып турмай болду. Рубио уюмдун чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү иши реорганизация максатында кайра каралып жатканын Конгресске билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин CBS телеканалы өзүнүн маалымат булагына таянып, Ак үй башчысынын администрациясы USAID менен Мамлекеттик департаментти бириктирип, штатты кыскартарын кабарлаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, мында агенттик гуманитардык жардамга жооптуу структура боюнча кала бермек.
Дүйшөмбү күнү Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу боюнча департаменттин жетекчиси Илон Маск Трамп USAID уюмун жабууга макул болгонун билдирген. Миллиардер агенттикти "кылмыштуу уюм" деп атап, "Американы жек көргөн радикалдык солчул марксистердин уюгу" деген.
АКШнын президенти буга чейин структураны далай сындап, америкалык салык төлөөчүлөрдүн каражатын өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген долбоорлорго жумшап жатканын айткан. Трамп кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүү программасын 90 күнгө токтотуп, муну көрсөтүлүп жаткан көмөктүн АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбесин талдоо зарылдыгы менен түшүндүргөн. Январдын соңунда Батыш ЖМКлары Трамптын администрациясы USAID уюмунун 60 кызматкерин өргүүгө жөнөткөнүн жазып чыгышты.
Жардам токтотула тургандардын катарында Украина да бар. "Общественное" телеканалы Киевдеги USAID кеңсеси бардык долбоорлорду токтотуу боюнча буйрук алганын кабарлаган.