https://sputnik.kg/20250205/tramp-gazany-tazaloonu-sunushtady-1091866104.html
Трамп Газаны тазалап, палестиналыктарды ар кайсы өлкөгө жайгаштырууну сунуштады
Трамп Газаны тазалап, палестиналыктарды ар кайсы өлкөгө жайгаштырууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 05.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-05T11:49+0600
2025-02-05T11:49+0600
2025-02-05T11:49+0600
дүйнөдө
жакынкы чыгыш
акш
газа сектору
израиль
палестина
дональд трамп
сүйлөшүүлөр
тынчтык
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091862261_0:57:3072:1785_1920x0_80_0_0_4dada018dddf210362598b2842bed59f.jpg
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Трамптын айтымында, палестиналыктарды Иордания жана Египет баштаган бир катар өлкөлөргө жайгаштырууга болот. Бирок элдин көчүрүлүшүн АКШ каржылабайт, Трамп муну Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жасай аларын белгилеген."Биз аларга чек арасы бекем, турак жайы бар жакшы жерде жашоону сунуштап жатабыз. Жакынкы Чыгышта мунун баарын курууга акча бар", — деди Трамп.АКШ президенти Газаны дүйнө эли келип эс ала турган жайга айлантуу мүмкүн деген пикирде.Ал АКШ Газа секторун "өз көзөмөлүнө алып" региондогу иштер үчүн жооптуу болорун кошумчалады.АКШ зарылдык жаралса Газага аскерлерин жөнөтмөкчү.Эскерте кетсек, 19-январдан тарта Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн элдешүү жана туткундарды алмашуу боюнча 42 күнгө созулчу келишимдин биринчи этабы ишке ашып жатат. Мунун алкагында Израиль барымтада жаткан 18 кишисин бошотуп алып, абакта кармаган 500дөн ашуун палестиналык туткунду кое берген. Арасында террорчулук үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер бар. Мындан тышкары, Израиль Газа секторунун тургундарына анклавдын түштүгүнөн түндүгүнө каттоого уруксат берип, өз аскерин чыгарып кеткен.Макулдашууга Каирде координациялык борбор түзгөн Катар, Египет жана АКШ кепил болууда. Элдешүүнүн 16-күнүндө Израиль менен ХАМАС калган туткундарды бошотуу, ок атууну биротоло токтотуу жана Израиль аскер күчүнүн толук чыгарылышы каралган келишимдин экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо милдетин алышкан. Ал эми келишимге кепил болгон тараптар үчүнчү этап тууралуу кеп кыла башташты, мында сөөктөрдү алмашуу, Газа секторун калыбына келтирүү жана анын блокадасынын аякташы каралган.
https://sputnik.kg/20250204/lavrov-zhakynky-chygysh-koygoy-chechuu-1091850438.html
жакынкы чыгыш
акш
газа сектору
израиль
палестина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091862261_262:0:2993:2048_1920x0_80_0_0_97496ee83e8d8b17cdc692b6a8ffd3b6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, газа сектору, израиль, палестина, дональд трамп, сүйлөшүүлөр, тынчтык
дүйнөдө, жакынкы чыгыш, акш, газа сектору, израиль, палестина, дональд трамп, сүйлөшүүлөр, тынчтык
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Сокку ура турган деле эч нерсеси калган жок. Биротоло тазалоо керек. Коопсуз деп айта албайбыз, антисанитария өкүм сүрүүдө. Бул адамдар жашагысы келе турган жер эмес", — деген АКШ лидери журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Трамптын айтымында, палестиналыктарды Иордания жана Египет баштаган бир катар өлкөлөргө
жайгаштырууга болот. Бирок элдин көчүрүлүшүн АКШ каржылабайт, Трамп муну Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жасай аларын белгилеген.
"Биз аларга чек арасы бекем, турак жайы бар жакшы жерде жашоону сунуштап жатабыз. Жакынкы Чыгышта мунун баарын курууга акча бар", — деди Трамп.
АКШ президенти Газаны дүйнө эли келип эс ала турган жайга айлантуу мүмкүн деген пикирде.
Ал АКШ Газа секторун "өз көзөмөлүнө алып" региондогу иштер үчүн жооптуу болорун кошумчалады.
"Америка Газаны өз көмөлүнө алып, жарылбай калган бомбалар менен башка курал-жаракты демонтаждоо, жерди түздөө, урандыны тазалоо сыяктуу иштерге жоопкер болот. Региондогу элге там-таш жана жумуш сунуштай ала турган экономикалык жактан өнүгүүгө бет алган аймак түзөбүз", — деди Трамп.
АКШ зарылдык жаралса Газага аскерлерин жөнөтмөкчү.
Эскерте кетсек, 19-январдан тарта Газа секторунда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда түзүлгөн элдешүү жана туткундарды алмашуу боюнча 42 күнгө созулчу келишимдин биринчи этабы ишке ашып жатат. Мунун алкагында Израиль барымтада жаткан 18 кишисин бошотуп алып, абакта кармаган 500дөн ашуун палестиналык туткунду кое берген. Арасында террорчулук үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер бар. Мындан тышкары, Израиль Газа секторунун тургундарына анклавдын түштүгүнөн түндүгүнө каттоого уруксат берип, өз аскерин чыгарып кеткен.
Макулдашууга Каирде координациялык борбор түзгөн Катар, Египет жана АКШ кепил болууда. Элдешүүнүн 16-күнүндө Израиль менен ХАМАС калган туткундарды бошотуу, ок атууну биротоло токтотуу жана Израиль аскер күчүнүн толук чыгарылышы каралган келишимдин экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо милдетин алышкан. Ал эми келишимге кепил болгон тараптар үчүнчү этап тууралуу кеп кыла башташты, мында сөөктөрдү алмашуу, Газа секторун калыбына келтирүү жана анын блокадасынын аякташы каралган.