00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Пекин шаарында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын жетекчиси Сунь Мэйцзюнь менен жолукту. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктагы негизги иштер, анын ичинде соода-экономикалык мамиле жана бажы жаатындагы өз ара алаканы өнүктүрүү талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Кытайга экспорттоочу товарлары боюнча, анын ичинде төө буурчак, жүн жана тоок эти боюнча кол коюлган протоколдордун мааниси талкууланды. Ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга товар алып келүүнү өнүктүрүү, сооданы көбөйтүү жаатында дагы сүйлөшүүлөр орун алды.
Кыргызстанда компот жана шербет өндүрүүчүлөрдү акциздик салыктан бошотуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана комерция министрлиги даярдаган. Салык кодексине ылайык, шекер кошулган суусундуктарга 1 литри үчүн 100 сом акциздик салык белгиленген. Бирок министрлер кабинетинин 2022-жылдагы токтому менен аталган товарларга бул салыктын түрү үч сом деп белгилеген. Президент 2040-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин кеминде 50 пайызга жеткирүүнү тапшырган. Ошондой эле ЖК депутаттары жергиликтүү дыйкандардын продукцияларынан жасалган компот, шербет жана башка суусундуктарды акцизден бошотууну сунуштаган. Мындан улам аталган суусундуктарды 1-майдан тарта акциздик салыктан бошотуу пландалууда. "Компоттор, шербеттер, нектарлар жана соктор акциздик салыктан бошотулса өздүк наркы төмөн болуп, чет өлкөлүк рынокторго чыгууга мүмкүн болот. Кайра иштетилген продукцияны экспорттоо эки эсеге жогорулап, ал эми табигый кыргыз продукциясы экологиялык таза товарлардын сегментин ээлей алат", — деп жазылган негиздемеде.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутманов мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга кесилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди. Маалыматка караганда, Кутманова "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал эми анын баласы алдамчылык боюнча соттолду. Кутманова үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштей албайт. Мурдагы аткаминер ири коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган. "Кумтөр" экологиялык долбоорлорго дээрлик 1 миллиард сом бөлүп, бул акчаны Кутманова өлкөдөн чыгарып кеткенин УКМК кабарлаган.
АКШ украин кризисин жөнгө салуу боюнча планын кийинки жумада коопсуздук боюнча өтө турган Мюнхен конференциясында жарыялайт. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Bloomberg агенттиги жазды. "Документтин долбоору менен союздаштарды Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог тааныштырат", — деп айтылат билдирүүдө. Азырынча талкуунун форматы тактала электиги маалымдалды. Конференция 14-16-февраль күндөрү Мюнхенде өтөт.Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Келлог президент Дональд Трамп Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө шарт түзүп берерин билдирген. Муну менен бирге ал тынчтык алдыдагы бир нече айда токтошу мүмкүн экенин айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0