https://sputnik.kg/20250206/aksh-ukraina-boyuncha-tynchtyk-planyn-kachan-achyktajt-1091885472.html
Bloomberg АКШ Украина боюнча тынчтык планын качан ачыктай турганын жазды
Bloomberg АКШ Украина боюнча тынчтык планын качан ачыктай турганын жазды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШ украин кризисин жөнгө салуу боюнча планын кийинки жумада коопсуздук боюнча өтө турган Мюнхен конференциясында жарыялайт. Бул... 06.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-06T10:51+0600
2025-02-06T10:51+0600
2025-02-06T10:51+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
атайын операция
тынчтык
сүйлөшүүлөр
план
конференция
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091885632_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_8d9488b1200014401b7a5cc387064f74.jpg
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШ украин кризисин жөнгө салуу боюнча планын кийинки жумада коопсуздук боюнча өтө турган Мюнхен конференциясында жарыялайт. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Bloomberg агенттиги жазды.Азырынча талкуунун форматы тактала электиги маалымдалды. Конференция 14-16-февраль күндөрү Мюнхенде өтөт.Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Келлог президент Дональд Трамп Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө шарт түзүп берерин билдирген. Муну менен бирге ал тынчтык алдыдагы бир нече айда токтошу мүмкүн экенин айткан эле.Украина маселесин жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясыӨткөн жылдын июнь айында РФ лидери Владимир Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын келтирген. Россия төмөнкү шарттарда ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет:Өлкө башчы антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин эскерткен.
https://sputnik.kg/20250205/zelenskij-aldyryp-zhibergen-ajmaktaryn-kajtara-albastygyn-moyundady-1091858041.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/06/1091885632_125:0:2856:2048_1920x0_80_0_0_053a9764dba52a9280f8c2b165b64e82.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, атайын операция, тынчтык, сүйлөшүүлөр, план, конференция
дүйнөдө, акш, россия, украина, атайын операция, тынчтык, сүйлөшүүлөр, план, конференция
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. АКШ украин кризисин жөнгө салуу боюнча планын кийинки жумада коопсуздук боюнча өтө турган Мюнхен конференциясында жарыялайт. Бул тууралуу өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен
Bloomberg агенттиги жазды.
"Документтин долбоору менен союздаштарды Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог тааныштырат", — деп айтылат билдирүүдө.
Азырынча талкуунун форматы тактала электиги маалымдалды. Конференция 14-16-февраль күндөрү Мюнхенде өтөт.
Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү Келлог президент Дональд Трамп Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө шарт түзүп берерин билдирген. Муну менен бирге ал тынчтык алдыдагы бир нече айда токтошу мүмкүн экенин айткан эле.
Украина маселесин жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясы
Өткөн жылдын июнь айында РФ лидери Владимир Путин жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарын келтирген. Россия төмөнкү шарттарда ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет:
Украина НАТОго кошулуу оюнан расмий баш тартышы керек;
Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын жаңы региондорунан чыгып кетиши зарыл;
Киев бийлиги демилитаризация жана денацификация жасоосу кажет;
Украина нейтаралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы шарт.
Өлкө башчы антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин эскерткен.