00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Таберик
Дүйнөнү багынткан Болот...
17:11
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:09
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча сынак башталганын жарыялады. Сынакка композиторлор, музыканттар, акындар жана чыгармачыл жамааттар катыша алышат. "Конкурска жаңы жазылган, ошондой эле мурда аткарылган же жарыяланган музыкалык чыгармалар катыша алат. Ар бир катышуучу бир же бир нече вариантты сунуштоого укуктуу. Гимндин узактыгы 3 мүнөттөн ашпашы керек", — деп айтылат маалыматта. Сынак эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта Маданият министрлиги бардык өтүнмөлөрдү кабыл алып, аларды ведомстволор аралык комиссияга өткөрүп берет. Аталган комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жазуучулар, композиторлор жана маданият ишмерлери кирет. Экинчи этапта комиссия 15 иш күндүн ичинде чыгармаларды белгиленген критерийлер боюнча баалап, мыкты үч эмгекти Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт. Эгерде сынакка өтүнмөлөр жетиштүү деңгээлде түшпөсө же татыктуу чыгармалар болбосо, конкурс жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Бишкек автобекеттеринде билетти алдын ала брондоо жана сатып алуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, система аркылуу 10 күн мурда билет брондоого болот. "Эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди сайтынан брондоо мүмкүн. Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Каттам тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт", — деп айтылган маалыматта. Муниципалитет Алматы көчөсүндөгү жана "Аккула" ат майданынын жанындагы автовокзалдар иштеп жатканын эске салды.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия кубогунун тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу өлкөнүн футбол союзунан кабарлашты. Тандоо оюндары 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайда өтөт. Азия чемпионатынын финалдык баскычында 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан курамасы А тайпасына кирип, Кытай, Австралия жана Катардын командалары менен плей-оффко жолдомо үчүн ат салышат. Кыргызстандын курамасы алгачкы беттешин 12-февралда Австралиянын жаштар курамасы менен өткөрсө, андан кийин 15-февралда турнирдин кожоюндары Кытай курамасы менен беттешип, тайпалык баскычты 18-февралда Катар жаштар курамасы менен жыйынтыктайт.
Дональд Трамптын администрациясы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин тагыраагы USAID жамаатын 97 пайызга кыскартууну пландоодо. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, агенттикте дүйнө жүзү боюнча 10 миңден ашык адистен 294 адам кызматын сактап кала алат. USAID агенттигин убактылуу жетектеп жаткан мамлекеттик катчы Марко Рубио администрация уюмдун ишин толугу менен текшерерин билдирген. Анын айтымында, USAID мамлекетке зыян келтирген чыгымдарды жасаган. Миллиардер Илон Маск USAID агенттигин "криминалдык уюм" деп атап, аны жоюу керектигин билдирген эле. Дүйшөмбү күнү ал агенттикти жабууга Трамп макул болгонун кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0