https://sputnik.kg/20250208/1091935907.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку окуу жайларда чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу талабы коюлду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун... 08.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-08T11:00+0600
2025-02-08T11:00+0600
2025-02-08T11:30+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/08/1091935775_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1fc7153de44d331a1513059e3cdfb907.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку окуу жайларда чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу талабы коюлду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча талкуу болду. Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышып, маалыматтарды беришти. Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу боюнча сунуштар каралды.
Кыргызстандык инженер Амантур Салымбаев мешке жагылган көмүр ышын тазалоочу фильтрди иштеп чыкты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Аталган мекеме менен Экологиялык мониторинг департаменти жүргүзгөн лабораториялык анализдер фильтр түтүндү көмүр кычкыл газынан жана башка зыяндуу заттардан 97 пайызга чейин тазалай аларын көрсөткөн."Фильтр энергия менен техникалык тейлөөнү талап кылбайт жана 5-6 жыл иштейт. Бул аны экономикалык да, экологиялык да жактан эң жеткиликтүү жана натыйжалуу чечимге айлантат. Учурда Бишкек, Нарын жана Беловодск айылындагы бир катар объектилерге ушул фильтрлер орнотулду", — деп айтылат маалыматта. Инженердик ойлоп табуу Кыргызпатентте патенттелип жатканы кошумчаланды.
Бишкектин ортосунда акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине кол салгандардын арасында чет элдиктер болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн жыйында ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.Анын айтымында, кол салууга тиешелүүлөр аныкталып, издөөгө алынган. "Милицияда кол салгандар кандай унаалар менен жүргөнү тууралуу бардык маалыматтар бар. Машиналар айып короого киргизилди. Шектүүлөрдүн арасында биздин жана чет өлкөнүн да жарандары бар. Учурда изделип жатат. Соттун чечими менен баары тең сыртынан камакка алынды", — деди Макилов. Эске салсак, Бишкекте бычак менен куралданган бет капчандар адамдарды тоноп кеткен. Алардын 31 миллион рублден ашык акчасын алышкан. Жабыркагандар — Кыргызстандын жарандары болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия кубогунун тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу өлкөнүн футбол союзунан кабарлашты. Тандоо оюндары 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайда өтөт. Азия чемпионатынын финалдык баскычында 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан курамасы А тайпасына кирип, Кытай, Австралия жана Катардын командалары менен плей-оффко жолдомо үчүн ат салышат. Кыргызстандын курамасы алгачкы беттешин 12-февралда Австралиянын жаштар курамасы менен өткөрсө, андан кийин 15-февралда турнирдин кожоюндары Кытай курамасы менен беттешип, тайпалык баскычты 18-февралда Катар жаштар курамасы менен жыйынтыктайт.
Жогорку окуу жайларда чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу талабы коюлду. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча талкуу болду. Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышып, маалыматтарды беришти. Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу боюнча сунуштар каралды.Кыргызстандык инженер Амантур Салымбаев мешке жагылган көмүр ышын тазалоочу фильтрди иштеп чыкты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Аталган мекеме менен Экологиялык мониторинг департаменти жүргүзгөн лабораториялык анализдер фильтр түтүндү көмүр кычкыл газынан жана башка зыяндуу заттардан 97 пайызга чейин тазалай аларын көрсөткөн."Фильтр энергия менен техникалык тейлөөнү талап кылбайт жана 5-6 жыл иштейт. Бул аны экономикалык да, экологиялык да жактан эң жеткиликтүү жана натыйжалуу чечимге айлантат. Учурда Бишкек, Нарын жана Беловодск айылындагы бир катар объектилерге ушул фильтрлер орнотулду", — деп айтылат маалыматта. Инженердик ойлоп табуу Кыргызпатентте патенттелип жатканы кошумчаланды.Бишкектин ортосунда акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине кол салгандардын арасында чет элдиктер болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн жыйында ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.Анын айтымында, кол салууга тиешелүүлөр аныкталып, издөөгө алынган. "Милицияда кол салгандар кандай унаалар менен жүргөнү тууралуу бардык маалыматтар бар. Машиналар айып короого киргизилди. Шектүүлөрдүн арасында биздин жана чет өлкөнүн да жарандары бар. Учурда изделип жатат. Соттун чечими менен баары тең сыртынан камакка алынды", — деди Макилов. Эске салсак, Бишкекте бычак менен куралданган бет капчандар адамдарды тоноп кеткен. Алардын 31 миллион рублден ашык акчасын алышкан. Жабыркагандар — Кыргызстандын жарандары болгон.Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия кубогунун тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу өлкөнүн футбол союзунан кабарлашты. Тандоо оюндары 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайда өтөт. Азия чемпионатынын финалдык баскычында 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан курамасы А тайпасына кирип, Кытай, Австралия жана Катардын командалары менен плей-оффко жолдомо үчүн ат салышат. Кыргызстандын курамасы алгачкы беттешин 12-февралда Австралиянын жаштар курамасы менен өткөрсө, андан кийин 15-февралда турнирдин кожоюндары Кытай курамасы менен беттешип, тайпалык баскычты 18-февралда Катар жаштар курамасы менен жыйынтыктайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/08/1091935775_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c997b4c94dc7e599cd21771a3a396c7d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио