00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:09
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Гвинея-Бисау дипломатиялык мамилелерди түзгөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Биргелешкен коммюникеге өлкөлөрдүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Самба Санэ кол коюшкан. Тараптар достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү ниетин билдиришкен. Ошондой эле шайлануучу органдарга талапкерлерди өз ара колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Белгилей кетсек, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууну пландоодо. Гвинея-Бисау Батыш Африкада жайгашкан. Португалиянын мурдагы колониясы 1973-жылы көз карандысыздыкка ээ болгон.
Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат, андан кийин киргендерге документ берилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жобосу чыкканын Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, автоунаанын ээси мамлекеттик алымды төлөшү керек жана машинаны техпаспортто көрсөтүлгөн гана адам айдоого укуктуу. Министрлик документи жок же качан алып келингени белгисиз болгон автоунааларды сатып албоону сунуштады. Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этаб-этабы менен мыйзамдаштырыла баштайт. Алгач документтери бар автоунаалар, андан кийин документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар катталат. Үчүнчү этапта документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.
Ош шаарында жаңы көпүрөлөр курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Бабараимов көчөсүндө мыйзамсыз жана убактылуу жайгашкан соода-сатык жайлардын ээлерине курулуштарды бузуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул жерде жол Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин көчмө жыйынында берилген тапшырмасына ылайык, унаа тыгынын жоюу жана шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында 6 катар унаа бата турган болуп кеңейтилет. Жумуштардын алкагында, Ж.Бабараимов көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейин жана Т.Турсунбаева көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүн карай эстакадалык көпүрөлөрдү куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу каралган.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Владимир Зеленскийдин 18 жаштагы өспүрүмдөрдү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө тартуу планына комментарий бергенин РИА Новости жазды. Владимир Зеленский Reuters агенттигиндеги маегинде Киев 18 жаштагы балдарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө "пайдалуу келишимдер" менен тартууну пландап жатканын, анын чоо-жайы жакынкы күндөрү ачыкка чыгарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0