https://sputnik.kg/20250209/1091945327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы кайтарымсыз акчаны 150 миң сомго көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана... 09.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-09T08:59+0600
2025-02-09T08:59+0600
2025-02-09T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/09/1091945195_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_03efd683049cc498063c4b1c0bf744a2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы кайтарымсыз акчаны 150 миң сомго көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, министрликте ведомство жетекчиси Равшанбек Сабиров катышкан жыйын өтүп, анда 2025-жылга карата стратегиялык максаттар каралган. "Социалдык келишим” маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган", — деп жазылат маалыматта. Министр Равшанбек Сабиров Ысык-Көл жана Ош облустарында 1000 адамга эсептелген заманбап реабилитациялык борборлор куруларын кошумчалаган.
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин “Мал чарбасындагы маалыматтык системалар борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Юлия Ванюхина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анда Кыргызстан менен Беларустун мал чарбасын санариптештирүү тармагындагы кызматташтыгынын келечеги талкууланды. Элчи Эрбол Султанбаев аталган маселенин эки тарап үчүн тең актуалдуулугун, Беларуста санариптик мал чарбачылыгын уюштуруу боюнча жетиштүү компетенциялардын бар экендигин эске алуу менен тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу жана адистердин иш сапарларын уюштуруу аркылуу өз ара кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Жыйынтыгында тараптар аталган маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.
Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 37 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда. Кабарлангандай, рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланып, бул учурда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номер тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат.
Россияга кире турган жана өлкө аймагында жүргөн бардык чет элдик жарандар медициналык ырастоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылганын РИА Новости жазды. "Медициналык ырастоодон өтүү талабы өлкөдө жүргөн чет элдиктерге, ошондой эле келген максатына карабастан ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка ылайык, чет элдиктер бир катар оорудан оолак экенин жыл сайын тастыктап турушу кажет. Эгерде чет мамлекеттин жаранынан кооптуулук жараткан инфекциялык илдет аныкталса өлкөдөн чыгарылып, Россияга ошол бойдон кире албайт. Медициналык ырастоодон өтүү талабынан Беларустун жарандары, 6 жашка чейинки балдар, дипломаттар, Россиядагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле консулдук мекемелердин кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана РФ аймагында аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлери бошотулары айтылды.
2025-жылы"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы кайтарымсыз акчаны 150 миң сомго көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, министрликте ведомство жетекчиси Равшанбек Сабиров катышкан жыйын өтүп, анда 2025-жылга карата стратегиялык максаттар каралган. "Социалдык келишим” маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган", — деп жазылат маалыматта. Министр Равшанбек Сабиров Ысык-Көл жана Ош облустарында 1000 адамга эсептелген заманбап реабилитациялык борборлор куруларын кошумчалаган.Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин “Мал чарбасындагы маалыматтык системалар борбору” мамлекеттик мекемесинин директору Юлия Ванюхина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анда Кыргызстан менен Беларустун мал чарбасын санариптештирүү тармагындагы кызматташтыгынын келечеги талкууланды. Элчи Эрбол Султанбаев аталган маселенин эки тарап үчүн тең актуалдуулугун, Беларуста санариптик мал чарбачылыгын уюштуруу боюнча жетиштүү компетенциялардын бар экендигин эске алуу менен тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу жана адистердин иш сапарларын уюштуруу аркылуу өз ара кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Жыйынтыгында тараптар аталган маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.Бишкек жана Чүй облусунун аймагында атайын рейд өткөрүлүп, бир сутка ичинде 37 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган унаалардын баары айып короо жайына токтотулуп, айдоочулардын тийиштүү документтери айдоо укугунан ажыратуу үчүн сотко даярдалууда. Кабарлангандай, рейддик иш-чара айдын аягына чейин уланып, бул учурда ичип алып унаа башкаргандарга жана жасалма жалган мамлекеттик номер тагып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулат.Россияга кире турган жана өлкө аймагында жүргөн бардык чет элдик жарандар медициналык ырастоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылганын РИА Новости жазды. "Медициналык ырастоодон өтүү талабы өлкөдө жүргөн чет элдиктерге, ошондой эле келген максатына карабастан ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка ылайык, чет элдиктер бир катар оорудан оолак экенин жыл сайын тастыктап турушу кажет. Эгерде чет мамлекеттин жаранынан кооптуулук жараткан инфекциялык илдет аныкталса өлкөдөн чыгарылып, Россияга ошол бойдон кире албайт. Медициналык ырастоодон өтүү талабынан Беларустун жарандары, 6 жашка чейинки балдар, дипломаттар, Россиядагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле консулдук мекемелердин кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана РФ аймагында аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлери бошотулары айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/09/1091945195_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3a7f87701fbd20c575f02755b01d8ea2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио