https://sputnik.kg/20250209/donald-tramp-aksh-sogush-ukraina-1091946359.html
Трамп Украина боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн кабарлады
Трамп Украина боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн кабарлады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post... 09.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-09T10:46+0600
2025-02-09T10:46+0600
2025-02-11T09:31+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
согуш
украина
сүйлөшүүлөр
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091960463_0:0:3068:1727_1920x0_80_0_0_1490319f9b72fd4f6dfd5589b12aeb2b.jpg
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post гезити жазды. Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды.Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады.Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы бардык маселе боюнча тынч отуруп баарлашууга даяр экенин айткан. Трамп да сүйлөшүү ниетин билдирген. АКШ президенти буга чейин да Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми Песков Россия менен АКШнын алакасы азырынча ведомстволордун деңгээлинде жүрүп жатканына, акыркы мезгилде байланыш активдешкенине токтолгон.
https://sputnik.kg/20250208/zakharova-zelenskiydin-armiyaga-tartuu-plany-boyuncha-1091936059.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091960463_337:0:3068:2048_1920x0_80_0_0_f1b5e52669b821877bb5ae77ff43f957.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, согуш, украина, сүйлөшүүлөр, владимир путин
дүйнөдө, акш, дональд трамп, согуш, украина, сүйлөшүүлөр, владимир путин
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу
New York Post гезити жазды.
Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды.
Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.
"Буга үн катпай эле койгонум оң", — деп жооп берген Трамп.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы бардык маселе боюнча тынч отуруп баарлашууга даяр экенин айткан. Трамп да сүйлөшүү ниетин билдирген. АКШ президенти буга чейин да Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми Песков Россия менен АКШнын алакасы азырынча ведомстволордун деңгээлинде жүрүп жатканына, акыркы мезгилде байланыш активдешкенине токтолгон.