https://sputnik.kg/20250209/oshtu-kundon-ehnergetika-aluuda-1091927230.html
Ректор: ОшТУда лаборатория менен компьютерлер күн панелдери менен иштеп жатат
Ректор: ОшТУда лаборатория менен компьютерлер күн панелдери менен иштеп жатат
Sputnik Кыргызстан
Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев окуу жай студенттердин күчү менен күндөн кубат алуучу панелдерди орнотконун билдирди. 09.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-09T10:32+0600
2025-02-09T10:32+0600
2025-02-09T10:32+0600
радио
энергетика
күн панели
долбоор
кыргызстан
жанболот турсунбаев
ошту
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091974364_0:20:3067:1745_1920x0_80_0_0_8d2e9cd93a35ad5951118cdff3095e0d.jpg
Ректор: ОшТУда лаборатория менен компьютерлер күн панелдери менен иштеп жатат
Sputnik Кыргызстан
Ректор: ОшТУда лаборатория менен компьютерлер күн панелдери менен иштеп жатат
Ош технологиялык университети өз күчү менен күндөн кубат алуучу 4,5 киловаттык панелдерди орнотту. Аны орнотуу, ширетүү иштеринин баарын биздин студенттер өздөрү жасашты. Бул тууралуу Жанболот Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.Анын айтымында, күн панелдеринен алынган электр энергиясы менен лаборатоиядагы жабдыктар, компьютерлер иштеп келет.Ал ошондой эле окуу жай өзүнө жакын жайгашкан дарыяга чакан ГЭС орнотуп, аны окуу куралы катары да, энергетика өндүрүү үчүн да колдонуп келишерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0a/1091974364_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_a3e40478f6944d31069fb56460383af3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
энергетика, күн панели, долбоор, кыргызстан, жанболот турсунбаев, аудио, ошту
энергетика, күн панели, долбоор, кыргызстан, жанболот турсунбаев, аудио, ошту
Ректор: ОшТУда лаборатория менен компьютерлер күн панелдери менен иштеп жатат
Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев окуу жай студенттердин күчү менен күндөн кубат алуучу панелдерди орнотконун билдирди.
Ош технологиялык университети өз күчү менен күндөн кубат алуучу 4,5 киловаттык панелдерди орнотту. Аны орнотуу, ширетүү иштеринин баарын биздин студенттер өздөрү жасашты. Бул тууралуу Жанболот Турсунбаев
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, күн панелдеринен алынган электр энергиясы менен лаборатоиядагы жабдыктар, компьютерлер иштеп келет.
"Биздин технологиялык университет — жаратмандардын билим уясы. Балдар өз колу менен күндөн кубат алуучу панелдерди орнотуп чыгышты. 4,5 киловаттык панелдерди окуу жайдын короосуна жайгаштырганбыз. Учурда сегиз түркүккө орнотулган панелдерди түнкүсүн окуу жайдын айланасын жарыктандырууга иштетип, тажрыйба топтоп жатабыз. Биз бул долбоорду Ош шаарына жайылтууга камынуудабыз", — деди Турсунбаев.
Ал ошондой эле окуу жай өзүнө жакын жайгашкан дарыяга чакан ГЭС орнотуп, аны окуу куралы катары да, энергетика өндүрүү үчүн да колдонуп келишерин кошумчалады.