https://sputnik.kg/20250210/zhaparov-masktyn-azattyk-boyuncha-sunushun-koldoyt-1091978756.html
Жапаров Масктын "Азаттык радиосун"* жабуу сунушун колдоду
Жапаров Масктын "Азаттык радиосун"* жабуу сунушун колдоду
Sputnik Кыргызстан
Президент эл жаңылыктардын баарына ишене бербей талдаганды үйрөнгөнүн, кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай аларын белгилеген. 10.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-10T22:53+0600
2025-02-10T22:53+0600
2025-02-11T09:26+0600
кыргызстан
садыр жапаров
илон маск
дональд трамп
президент
азаттык
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091980434_0:0:3126:1759_1920x0_80_0_0_bf332e3cdb749e6bce22199f3a98ec15.jpg
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Илон Масктын "Эркин Европа/Азаттык"* жана "Америка үнү" радиолорун жабуу сунушун колдой турганын билдирди. Өлкө башчы "Кабар" агенттигине маек курган. Анда Жапаров Дональд Трамп менен Илон Маск миллиардерлер экенин жана акча асмандан жаабай турганын жакшы билишерин айткан.Президент эл жаңылыктардын баарына ишене бербей талдаганды үйрөнгөнүн, кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай аларын белгилеген."Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда “эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат. Сотко берип баштаса “бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат. Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?" — деген ал.Жапаров ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырбоо керектигин белгилеген.Буга чейин америкалык ишкер Илон Маск "Эркин Европа/Азаттык радиосу"* менен "Америка үнүн" жабууга чакырган. Ал аталган медиалар америкалык салык төлөөчүлөрдөн түшкөн миллиарддаган доллар акчасын жок кылып жатышканын айтып, "аларды эч ким укпай калган. Булар өзү менен өзү сүйлөшкөн, акылынан тайган радикалдар" деген.* Россияда чет элдик агент жана жагымсыз уюм деп таанылган ЖМК** Россияда чет элдик агент деп таанылган ЖМК
https://sputnik.kg/20250207/aksh-donald-tramp-usaid-kyskartuu-1091908511.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0b/1091980434_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_c29350b7864bd0ea170e9412eaeda887.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, илон маск, дональд трамп, президент, азаттык
кыргызстан, садыр жапаров, илон маск, дональд трамп, президент, азаттык
Жапаров Масктын "Азаттык радиосун"* жабуу сунушун колдоду
22:53 10.02.2025 (Жаңыртылды: 09:26 11.02.2025) Президент эл жаңылыктардын баарына ишене бербей талдаганды үйрөнгөнүн, кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай аларын белгилеген.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Илон Масктын "Эркин Европа/Азаттык"* жана "Америка үнү" радиолорун жабуу сунушун колдой турганын билдирди. Өлкө башчы "Кабар" агенттигине маек курган.
Анда Жапаров Дональд Трамп менен Илон Маск миллиардерлер экенин жана акча асмандан жаабай турганын жакшы билишерин айткан.
"Америкалыктардын акчасын туш келди сапыра беришти токтотолу деп жатышпайбы. Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдойм. Анткени эшикте XXI кылым. Кандай маалымат болсо да дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт. Илгерки заман жок. "Азаттыкты" мындан 20-30 жыл мурун элдин баары күтүп укчу, ишенчү. Себеби ал мезгилде интернет мынчалык өнүккөн эмес, смартфон деген жок болчу. Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес", — деген Жапаров.
Президент эл жаңылыктардын баарына ишене бербей талдаганды үйрөнгөнүн, кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай аларын белгилеген.
"Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда “эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат. Сотко берип баштаса “бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат. Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?" — деген ал.
Жапаров ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырбоо керектигин белгилеген.
Буга чейин америкалык ишкер Илон Маск "Эркин Европа/Азаттык радиосу"* менен "Америка үнүн" жабууга чакырган. Ал аталган медиалар америкалык салык төлөөчүлөрдөн түшкөн миллиарддаган доллар акчасын жок кылып жатышканын айтып, "аларды эч ким укпай калган. Булар өзү менен өзү сүйлөшкөн, акылынан тайган радикалдар" деген.
* Россияда чет элдик агент жана жагымсыз уюм деп таанылган ЖМК
** Россияда чет элдик агент деп таанылган ЖМК