Төңкөрүш менен ЛГБТга корогон миллиондор. USAID уюмунун Кыргызстандагы иши
Жазылуу
АКШ президенти Дональд Трамп менен Мамлекеттик кызматтын майнаптуулугун арттыруу боюнча департаменттин жетекчиси Илон Маск USAID агенттигине каршы чыгып, аны Американын кызыкчылыгына жооп бербеген долбоор менен программаларды каржылаган кылмыштуу, акча жегич уюм деп аташты. Агенттиктин сайты февралдын башынан тарта иштебей, штаб-квартирасы жабык турат.
USAID Кыргызстанда 1991-жылдан тарта иштей баштаган. Sputnik депутат, саясат таануучу жана атайын кызматтын ардагери менен баарлашып, уюмдун республикадагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы кандай болду жана АКШнын Борбор Азиядагы саясаты кандайча өзгөрөт деген эки суроону койду.
Трамптын келиши
Дональд Трамп инаугурациясы өткөн күнү 42 жарлыкка кол койду, анын бири чет өлкөлөргө, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарга жардам көрсөтүү боюнча программалардын баарын 90 күнгө токтотууну карайт.
АКШ президентинин администрациясы USAID (United States Agency for International Development — АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги) уюмунун жогорку кызматтагы 60 адисин өргүүгө жөнөтүп, агенттиктин ишинин токтотулушун Трамп "USAID программаларынын АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбеси талданары" менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда агенттикти "акылынан айныган радикалдардын тобу башкарарын", USAID кызматкерлери пара алып, уюм коррупцияга белчесинен батканын айтты.
Буга далил катары Ак үй USAID уюмунун чыгымдары көрсөтүлгөн тизмени келтирип, агенттик ири суммадагы акчаны ыксыз пайдаланып, көп учурда эч көзөмөлсүз зыяндуу долбоорлорго жумшаганын, бир да ирет отчет бербегенин айтып чыккан. Чыгымдардын катарында АКШ менен Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Аль-Каида"* террордук уюумун тамак-аш менен камсыздоо, Колумбиядагы "трансгендердик опера" жана Перудагы "трансгендердик комикстер" бар. Жүз миллиондогон доллар акча Афганстанга ирригациялык каналдарды куруп, үрөн алууга бөлүнгөн, анын баары бүгүнкү күндө апийим өндүрүүгө пайдаланылып келет.
Мындан тышкары, Илон Маск агенттикти биологиялык курал иштеп чыгууну каржылаган, миллиондогон адамдын өмүрүн алган COVID-19 вирусун пайда кылган деп айыптап чыкты.
Маалымдама
Sputnik Кыргызстан USAID уюмунун ар өлкөдөгү финансылык милдеттери боюнча маалымат берилген америкалык сайтты жана "АКШ Конгрессинин 2025-жылга карата бюджетин негиздөөсү" аталышындагы документти карап чыккан.
2015-жылдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда агенттиктин жалпы 195 миллион долларлык 25 программасы иштеген. Бүгүнкү күндө 132,8 миллион долларлык 11 долбоор иш жүргүзүүдө. Сайтта жарыяланган маалымат боюнча 20 жыл ичинде USAID Кыргызстанда 724 миллион долларлык программаларды каржылап берген.
© Sputnik_InfographicsАКШ USAID программасы боюнча постсоветтик өлкөлөргө канча акча которгон

© Sputnik_Infographics
Кансыз согуштун жыйынтыгы
УКМК төрагасынын мурунку орун басары, атайын кызматтын ардагери Артур Медетбеков USAID АКШ менен Советтер Союзунун ортосунда кансыз согуш жүргөн 1961-жылы түзүлгөнүн айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК төрагасынын мурунку орун басары, атайын кызматтын ардагери Артур Медетбеков

УКМК төрагасынын мурунку орун басары, атайын кызматтын ардагери Артур Медетбеков
"Социалдык-экономикалык жактан чабал мамлекеттерде иштеп, аларга каатчылыктан чыгууга жардам берүү үчүн делгени менен бул долбоордун максаты, ниети башынан эле жакшы эмес болчу. Батыштын атайын кызматтарынын баасы боюнча Конгресс USAID программаларына жыл сайын 60-70 миллиард доллар бөлүп келген. Бул — бир топ мамлекеттин бюджетинен да көп сумма. Каражаттын баары ар кыл өлкөдөгү демократияны жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жумшалган, бирок тереңирээк карай келгенде USAID иштеген жердин баарында революциялар, төңкөрүштөр жасалып, саясай абал туруксуздашкан. Агенттик муну жашырбайт деле. Сайттагы 2006-жылдын маалыматында уюм Украинадагы, Грузиядагы, Ливан жана Кыргызстандагы революцияларды "колдогону" жазылып турат. Ошондой эле Афганстан, Түштүк Судан жана башка африкалык мамлекеттерди чайпалтууга да ири сумма бөлүнүп турган", — деди Медетбеков.
Эксперт USAID өзү иштеген өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча маалымат чогултуп, аны анализдеп, ал эми кызматкерлери маалымат айдыңында иштеп бийликтин бир топ чечимине таасир тийгизип келгенин белгиледи.
Мисалы, агенттик миңдеген журналист, юрист, сот жана шайлоо системасындагы кызматкерлерди окутуп, шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санаткан сурамжылоо жүргүзүп, "фальсификациялар" тууралуу отчет жарыялап, жаңы шайлоонун өтүшүн көзөмөлдөөгө жардам берип турган.
Украинада, Грузия, Ливан жана Кыргызстандагы төңкөрүштөргө көпчүлүк таң калуу менен көз салып турду. Бирок таңууланган демократияга умтулууну канча деген жылдар бою дал ушул АКШ менен Батыш мамлекеттери колдоп келгенин баары эле түшүнө берген жок.
© Sputnik_InfographicsUSAID жана Мамдепартамент 10 жылда постсоветтик өлкөлөрдөгү "демократияга" канча акча короткон?

© Sputnik_Infographics
КМШ мамлекеттери институтунун Борбор Азия жана Казакстан боюнча бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин USAID уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү башка мамлекеттердикинен айырмаланбай турганын билдирди.
"Бүгүнкү күндө Американын жаңы администрациясы USAID агенттигинин аракеттерин кылмыштуу деп белгилеп жатат. Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт ишке ашпай турган майнапсыз программаларга жүз миллиондогон доллардын коротулушун акылсыздык деп атады. Илон Масктын USAID биологиялык куралды иштеп чыккан жана террорчулар менен кызматташкан дегенин эске алсак, анда аталган уюм мамлекеттик кылмышка барган деп айтсак болот. Кыргызстанда, башка өлклөрдө да USAID ар кандай ыкма жана курал менен ар кыл чөйрөдө өз күн тартибин аябай таңуулады. Уюм бул мамлекеттерди кантип өнүктүрүү керек, кандай саясий процесстер жүрүп, элинин менталитети, баалуулугу кандай болушу керектиги боюнча өз көз карашын калыптандырып келди", — деди Грозин.
Ал агенттик Кыргызстандагы биринчи ыңкылапка тиешеси бар экенин, кийинкилерине да кыйыр таасир эткенин, мунун баарын "жарандык активисттердин" секторун, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын ишин каржылоо менен ишке ашырганын кошумчалады. Башкача айтканда, USAID өлкөнүн ички саясатына катуу аралашкан.
© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүКМШ мамлекеттери институтунун Борбор Азия жана Казакстан боюнча бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин

КМШ мамлекеттери институтунун Борбор Азия жана Казакстан боюнча бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин
© Sputnik / Александр Натрускин
/ "Сандарды карай келгенде Кыргызстан Украинаны эсепке албаганда КМШ ичинде жакшы каржыланган мамлекеттердин бири болуп саналат. Киевге АКШ миллиарддаган доллар бөлгөнү маалым. USAID толугу менен анын каржылоосундагы медиадолбоорлорго жана ЖМКларга өзгөчө көңүл буруп, ондогон жылдар бою редакциялык саясатын аныктап, массмедиа аркылуу ультралибералдык же өздөрү айтмакчы "прогрессивдүү күн тартибин" илгерилетип келишкен", — деп түшүндүрдү Грозин.
Россиядан ажыратуу
"АКШ Конгрессинин 2025-жылга карата бюджетин негиздөөсүндө" Кыргызстанга "АКШнын Борбор Азиядагы стратегиясын колдоого" жумшоо үчүн 24,3 миллион доллар талап кылынары көрсөтүлгөн. Мынча акча жергиликтүү азык-түлүк өндүрүшүн бекемдөөгө жана Россия менен Кытайдан көз карандылыкты азайтуу үчүн чакан жана орто бизнеске эл аралык рынокко чыгууга жардам көрсөтүүгө жумшалары айтылган.
Кыргызстандагы демократияны жана анын суверенитетин бекемдөөгө каралган ресурстар россиялык маалыматтардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле көз карандысыз ЖМКларды колдоого пайдаланылары бегиленген. Мындан тышкары, документте "антикоррупциялык чараларды катаалдатуу үчүн 1,9 миллиард доллар талап кылынары, бул Россиянын зыяндуу таасирине каршы турууга жардам бермектиги" жазылган.
© Sputnik_InfographicsUSAID "Медиа-К" долбоору боюнча 2017-2020-жылдары кайсы ЖМКларга финансылык колдоо көсөткөн

© Sputnik_Infographics
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев USAID уюмунун иши алгач айтылгандан бир топ айырмаланып келгенин белгиледи.
"Баары гуманитардык ишмердүүлүктөн башталган, кийин USAID саясий процесстерге кийлигише баштады. Мындай көрүнүш КМШ мамлекеттеринин бардыгында болду. СССР жоюлган мезгилде биз мындай ишмердүүлүктүн түпкү максатын чындап аңдай алган жокпуз, жардам сунуштаган фонддор абдан көбөйүп кеткен эле. Мектептерге компьютер белекке тапшырган учурлар менин эсимде, андан кийин тигил же бул реформалар боюнча өз кызматтарын сунуштай башташты. Айрым фонддор менен уюмдардын максаты такыр башка экенин кечирээк түшүндүк", — деди эл өкүлү.
Депутат Кыргызстандагы кырдаалды чайпалтууга USAID уюмунун кошкон салымын да белгиледи.
"Түстүү ыңкылаптар болгон мамлекеттерде USAID программалары активдүү иштегенин билебиз. Түз аралашпаса да оппозициялык фонддорду, ар кандай кыймылдарды каржылоо менен кийлигишип жатты. Өзгөчө ЖМКлар менен тыгыз иштешти, ар кандай тренингдерге жамынып журналисттерге деструктивдүү аракеттерди үйрөтүштү. Депутат катары өзүм берген маалыматтын ушундай журналисттер тарабынан бурмаланып калганына далай ирет күбө болгом. Соцтармак, мессенджерлер аркылуу кысымга да учурагам, мунун баары пландалган массалык маалыматтык чабуул эле — бир күндө ар кандай фейк аккаунттардан 180ге чукул билдирүү алчумун. Мындайга "Чындык сааты" кинофестивалынын алкагында Донбасстагы окуялар тууралуу тартылган россиялык тасмаларды жактап чыккандан кийин кабылгам. Ал жакта Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу да айтылганына карабай фестивалды бизде өткөрүүгө тыюу салынган. Менин чоң атам согушка катышкан, Берлинге чейин жеткен, мен эмне үчүн ал тасмаларга каршы чыгышым керек эле?" — деп суроо салды Маматалиев.
Жакшы ой менен
Эгер жогорудагы документтин таблицасын карасак, 2023-жылга салыштырмалуу айрым тармактардагы долбоорлорду каржылоо кыскарганын көрөбүз. Мисалы, адам сатууга каршы күрөшкө 2023-жылы USAID миллион доллардан бир аз ашыгыраак акча бөлсө, ал эми 2025-жылы бюджет 950 миң долларга чейин азайган. Ал эми Кыргызстандагы жарандык коомду колдоого каралган сумма өзгөргөн эмес — 2023-жылы уюм буга 4 миллион доллар бөлсө, 2025-жылы деле ушунча акча бөлүүнү пландаган. Мында 2025-жылы "эркин ЖМК жана сөз эркиндиги" үчүн чыгым 2023-жылга салыштырмалуу 2,3 миллион доллардан 3 миллионго чейин көбөйгөн.
Грозиндин айтымында, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы бир караганда кынтыксыз, пайдалуу көрүнгөн программалар аркылуу ЛГБТ күн тартибине чыга баштады.
"Бул мындайча жасалып келген: каржыланган программалар менен долбоорлордун баарында, мисалы, клиникаларга колдоо көрсөтүлсө, ЛГБТга жардам берүү милдети кошо жазылган. Башка тармактарда деле ушундай схема жүрдү, ишмердүүлүк улуттук баалуулуктарды кыйратууга, талаш-тартыш, кайчы пикир жаралган аянтчаларды түзүүгө багытталды. Эртең болчу олку-солкулуктун пайдубалын бүгүн тургузушту. Он жыл алдыны көздөп иштешти", — деген саясат таануучу.
Медетбеков дагы ЛГБТ боюнча күн тартибин илгерилетүүдөгү USAID уюмунун ролун белгиледи.
"Саламаттык сактоо программаларынын алкагында бизге жат баалуулуктар таңууланды, бул өзгөчө 2018-2019-жылдары аябай байкалды. Кыргызстан элинин басымдуу бөлүгү аларды колдобогону менен бул ишке жаштардын, саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин кайсы бир бөлүгү тартылды. Натыйжада ЛГБТ маселеси активдүү көтөрүлгөнүнө карабай жашообузда ага орун жок экенин көрсөтө алдык, мындан ары да ошондой болот деп ишенем. Кыргызстан салттуу баалуулуктарды баарынан жогору койгон мамлекет бойдон калат", — деди Медетбеков.
Маматалиев да ар кыл реформаларды жамынган улуттук каада-салтка каршы келген баалуулуктар таңууланып келгенин белгиледи.
"Өнүктүрүүгө гранттардын бөлүнгөнүн жакшы нерсе деп түшүнүп, аларды кабыл алып келгенбиз. Ичин каза келгенде ошол эле ЛГБТ маданияты тигил же бул программанын, мисалы, саламаттык сактоо жаатындагы долбоордун арты менен түртмөлөнүп жатканын түшүндүк", — деди депутат.
АКШнын саясаты кандайча өзгөрөт?
Медетбековдун айтымында, АКШда саясий жана экономикалык коррупция гүлдөп-өсүүдө, аны америкалыктар өздөрү да жакшы билет.
"Ак үйдүн жаңы администрациясы грант иретинде эл аралык жардамдын көбүн үч айга токтотту. Тизмеге USAID кирди. Бул кадам АКШдагы артыкчылык берилген нерселерди кайра карап чыгуу аракетинен кабар берет. Трамп Конгресстин мындай программаларды каржылоону бекитүү укугун Мамлекеттик департаментке өткөрүп берүүнү каалап жатат", — деди эксперт.
Ал USAID уюмунун жабылышы АКШ кызыкчылыгын жайылтпай калат дегенди түшүндүрбөй турганын белгиледи.
"Кыска убакытта эле кандайдыр бир эл аралык структура же институт пайда болушу мүмкүн. Кыргызстан тууралуу айтсак, USAID абалды туруксуздаштырууга чоң салым кошкону анык, буга башыбыздан өткөргөн үч төңкөрүш далил. Жаңылбасам, 2025-жылга карата USAID долбоорлоруна 40 миллион доллар бөлүү мерчемделген, бирок уюмдун жабылышы менен АКШ саясатынын вектору өзгөрүп кетпейт. Тескерисинче, азыркы администрация мындай программалардан коррупциялык схемаларды аныктап, тазалап, тартип орноткондон кийин өз кызыкчылыгын жайылтууга жан үрөп киришет", — деди Медетбеков.
Маматалиев да USAID агенттигинин ордуна башка уюмдар пайда болот деген пикирде.
"Бирок мен Ак үйгө жаңы администрациянын келиши менен Борбор Азиядагы америкалык деструктивдүү саясат өз ара өнөктөштүккө негизделген мамилеге алмаштырылат деп ишенгим келет. Ири дүйнөлүк державалардын кармашына күбө болуп жатабыз, Украинада, планетанын башка аймактарында эмне болуп жатканын көрүүдөбүз. Чекит кое турган мезгил жетти, АКШ, Россия жана Кытай жолун таап, жер жүзүндө тынчтык орнооруна үмүт артам", — деди эл өкүлү.
Анткен менен Грозин АКШнын саясаты катаалдайт деген пикирге ыктады.
"Трамп аталган уюмду түп-тамырынан жок кылабы же атын өзгөртүп эле өз көзөмөлүнө алабы? Маселе мына ушунда. USAID ишин токтотору анык, бирок АКШнын Кыргызстан баштаган Борбор Азия өлкөлөрүндөгү деструктивдүү саясаты уланат. Анткени алар Россия менен Кытайды геосаясий атаандаш көрөт. Демек, Пекин менен Москва үчүн кошумча баш оору жаратыш үчүн БАнын бардык мамлекеттеринде тынчтыкты бузуп, абалды курчута берет", — деди Грозин.
Эксперт АКШнын БАдагы саясатынын тышы өзгөрүшү мүмкүн экенин белгиледи. Мисалы, трансгендер менен ЛГБТнын ордуна ресурстарды арзан алуу максатын көздөгөн экономикалык өнөктөштүк тууралуу айтыла башташы ыктымал.
"Башкача айтканда, мазмуну ошол эле боюнча калат. АКШнын саясаты катаалдашып, басым күчөйт, ошол эле учурда, америкалык кызыкчылыктан алып караганда ал прагматикалык мүнөзгө өтөт. Трамп кыйла эле катаал саясатчы, өз максатына жетиш үчүн кысымды күчөтүшү мүмкүн, опузага, коркутуп-үркүтүүгө барышы ыктымал. Борбор Азия мамлекеттери бардык сценарийге даяр турушу керек", — деп сөзүн жыйынтыктады саясат таануучу.
* Кыймыл экстремисттик деп таанылып, Россияда тыюу салынган.
** Ишмердүүлүгүнө Кыргызстан менен Россияда тыюу салынган террордук уюм.