https://sputnik.kg/20250213/1092043196.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Конституциялык сот Бишкек мэриясынын Ататүрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Конституциялык сот Самат... 13.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-13T15:00+0600
2025-02-13T15:00+0600
2025-02-13T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092043064_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_41bf8ab8b8458b895815f7a72454e95f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Конституциялык сот Бишкек мэриясынын Ататүрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Конституциялык сот Самат Матцаков жана Курманбек Осмоновдун Бишкек мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги Ататүрк паркына байланыштуу №60 токтомунун мыйзамдуулугу боюнча кайрылуусун караган. "Конституциялык соттун чечими менен Бишкек мэриясы тарабынан "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө таянуу менен кабыл алынган токтом Конституцияга каршы келбейт жана мыйзамдуу деп табылды", — деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары, 22-январда Жогорку сот Ататүрк паркынын айрым жер тилкелери боюнча өндүрүштү биринчи инстанциядагы сотто кароого жөнөткөнү белгиленди. Эске салсак, буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин кооперациялык программасына катышууну пландап жатканын министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, тийиштүү долбоорду иштеп чыгуу чечими жакында эле кабыл алынды. "Эми Кыргызстандын демилгеси менен агроөнөр жай боюнча долбоорлор өнөр жай кооперациясына кирет. Айрыкча бул кант кызылчасын өстүрүүгө жана өндүрүштү модернизациялоого тиешелүү. Бул жаатта Россия менен Беларустун тажрыйбасы бар. Айыл чарба тармагында дагы ушундай долбоорлор жетиштүү болот деп ишенем", — деди Амангелдиев.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын "Salam Air" авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу Жээнбек Кулубаевдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында өттү. Жолугушууда министр Кыргызстандагы авиация тармагы тууралуу маалымат берди. ошондой эле авиакомпаниянын буга чейинки Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды аткаруу тажрыйбасын эске алуу менен, түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Өз кезегинде "Salam Air" авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды жандандырууга жана туруктуу түз авиакаттамдарды орнотууга кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар макулдашууларды ишке ашыруу боюнча аткарылчу иштерди талкуулашкан.
АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин АКШга келишин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы кечээ белгилүү болду. АКШ жетекчиси мындан башка да көйгөйлөргө токтолушканын журналисттер менен маектешип жатып айткан. "Президент Путин менен негизинен телефон аркылуу байланышып турабыз, бирок акыры көзмө-көз жолугушубуз керек. Ал бул жакка келет, мен тиги жакка барам. Менимче, биринчи жолугушуубуз Сауд Арабиясында өтөт", — деген Трамп.
Конституциялык сот Бишкек мэриясынын Ататүрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Конституциялык сот Самат Матцаков жана Курманбек Осмоновдун Бишкек мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги Ататүрк паркына байланыштуу №60 токтомунун мыйзамдуулугу боюнча кайрылуусун караган. "Конституциялык соттун чечими менен Бишкек мэриясы тарабынан "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө таянуу менен кабыл алынган токтом Конституцияга каршы келбейт жана мыйзамдуу деп табылды", — деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары, 22-январда Жогорку сот Ататүрк паркынын айрым жер тилкелери боюнча өндүрүштү биринчи инстанциядагы сотто кароого жөнөткөнү белгиленди. Эске салсак, буга чейин мэрия Ататүрк паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин кооперациялык программасына катышууну пландап жатканын министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, тийиштүү долбоорду иштеп чыгуу чечими жакында эле кабыл алынды. "Эми Кыргызстандын демилгеси менен агроөнөр жай боюнча долбоорлор өнөр жай кооперациясына кирет. Айрыкча бул кант кызылчасын өстүрүүгө жана өндүрүштү модернизациялоого тиешелүү. Бул жаатта Россия менен Беларустун тажрыйбасы бар. Айыл чарба тармагында дагы ушундай долбоорлор жетиштүү болот деп ишенем", — деди Амангелдиев.Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Омандын "Salam Air" авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушуу Жээнбек Кулубаевдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында өттү. Жолугушууда министр Кыргызстандагы авиация тармагы тууралуу маалымат берди. ошондой эле авиакомпаниянын буга чейинки Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды аткаруу тажрыйбасын эске алуу менен, түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Өз кезегинде "Salam Air" авиакомпаниясынын аткаруучу директору Тарек Миран Аль-Раиси Кыргызстан менен Омандын ортосунда чартердик каттамдарды жандандырууга жана туруктуу түз авиакаттамдарды орнотууга кызыкдар экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар макулдашууларды ишке ашыруу боюнча аткарылчу иштерди талкуулашкан. АКШ президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путиндин АКШга келишин күтөт. Бул тууралуу ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Путин менен сүйлөшкөнүн билдирген. Лидерлер 1,5 сааттай баарлашканы, Жакынкы Чыгыш жана Украина баштаган маанилүү маселелер талкууланганы кечээ белгилүү болду. АКШ жетекчиси мындан башка да көйгөйлөргө токтолушканын журналисттер менен маектешип жатып айткан. "Президент Путин менен негизинен телефон аркылуу байланышып турабыз, бирок акыры көзмө-көз жолугушубуз керек. Ал бул жакка келет, мен тиги жакка барам. Менимче, биринчи жолугушуубуз Сауд Арабиясында өтөт", — деген Трамп.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092043064_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4bb6363ff4cebc1b12b7d8a28c5f75e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио