https://sputnik.kg/20250213/1092048492.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү... 13.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-13T17:00+0600
2025-02-13T17:00+0600
2025-02-13T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092048360_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e86661576b114fdd822757da8e882ed7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Парламенттин маалыматы кызматынан билдиришкендей, талкуу маалында депутаттар бир катар сунуштарын айтты. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берген. Бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынган.
Кара-Суу районунда окуучунун өлүмү боюнча бир катар жооптуу адамдар иштен алынды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы чукул жыйын өткөргөн. Анын алкагында мектептин директору, директордун орун басары баштаган жалпы 6 педагог иштен бошотулган. Ошондой эле акимдин орун басары Айжан Куланова жана райондук администрациянын социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Азамат Жеңиш уулуна сөгүш жарыяланганы кошумчаланды. Эске салсак, кечээ, 12-февралда, Кара-Суу районунун Каратай айылындагы мектепте окуучулар уруша кетип, 9-класстын окуучусу каза болуп калган. 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип кармалган.
Жасалма интеллект фотографтардын ишин толугу менен алмаштыра албайт. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору, фотожурналистика боюнча окутуучу Екатерина Волкова Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди. Ал SputnikPro долбоорунун алкагында "ЖМКдагы сүрөт. Фоторепортаж жана сүрөт тарыхтары" аталышындагы масстер-класс өттү. "Жасалма интеллект жандуу сүрөттү толугу менен алмаштыра албайт. Экөө эки башка нерсе. Адам бир жерге барып тартып келген сүрөттү жасалма интеллект жасаган сүрөт менен кантип адаштырууга болсун? Жаңы технологиялар, жасалма интеллект жашоодо өз ордун ээлеп, көп иштерде жардам берген курал гана болуп саналат", — деди Волкова.
АКШдан Европадагы маанилүү делген союздаштарына америкалык президент Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшө тургандыгын алдын ала билдиришкен эмес. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып жазды. Кабарсыз калгандарын басылмага европалык эки аткаминер айтып берген. Кечээ, 12-февралда, Трамп менен Путин бир жарым саатка чукул телефон аркылуу баарлашып, Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо керектигин макулдашкан. АКШ лидери россиялык кесиптеши менен согушту токтотуу зарылдыгын талкуулап, ал эми бул диалог тууралуу Владимир Зеленскийге кечирээк билдирген. "Европалык аткаминерлер маанилүү дипломатиялык кадам деп эсептелген Трамптын Путин менен сүйлөшүүсү туурасында негизги союздаштарына айтпаганына таң калып жатышат", — деп жазган агенттик. Материалда Украинаны жактаган дагы бир аткаминер Трамптын бул ишин "саткынчылык" катары мүнөздөп, сүйлөшүү башталбай жатып АКШ маанилүү делген талаптар боюнча Россияга макул болуп жатат деп сындап да жиберген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Парламенттин маалыматы кызматынан билдиришкендей, талкуу маалында депутаттар бир катар сунуштарын айтты. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берген. Бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынган. Кара-Суу районунда окуучунун өлүмү боюнча бир катар жооптуу адамдар иштен алынды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы чукул жыйын өткөргөн. Анын алкагында мектептин директору, директордун орун басары баштаган жалпы 6 педагог иштен бошотулган. Ошондой эле акимдин орун басары Айжан Куланова жана райондук администрациянын социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Азамат Жеңиш уулуна сөгүш жарыяланганы кошумчаланды. Эске салсак, кечээ, 12-февралда, Кара-Суу районунун Каратай айылындагы мектепте окуучулар уруша кетип, 9-класстын окуучусу каза болуп калган. 11-класстын окуучусу кылмышка шектелип кармалган.Жасалма интеллект фотографтардын ишин толугу менен алмаштыра албайт. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору, фотожурналистика боюнча окутуучу Екатерина Волкова Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди. Ал SputnikPro долбоорунун алкагында "ЖМКдагы сүрөт. Фоторепортаж жана сүрөт тарыхтары" аталышындагы масстер-класс өттү. "Жасалма интеллект жандуу сүрөттү толугу менен алмаштыра албайт. Экөө эки башка нерсе. Адам бир жерге барып тартып келген сүрөттү жасалма интеллект жасаган сүрөт менен кантип адаштырууга болсун? Жаңы технологиялар, жасалма интеллект жашоодо өз ордун ээлеп, көп иштерде жардам берген курал гана болуп саналат", — деди Волкова. АКШдан Европадагы маанилүү делген союздаштарына америкалык президент Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшө тургандыгын алдын ала билдиришкен эмес. Бул туурасында РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып жазды. Кабарсыз калгандарын басылмага европалык эки аткаминер айтып берген. Кечээ, 12-февралда, Трамп менен Путин бир жарым саатка чукул телефон аркылуу баарлашып, Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо керектигин макулдашкан. АКШ лидери россиялык кесиптеши менен согушту токтотуу зарылдыгын талкуулап, ал эми бул диалог тууралуу Владимир Зеленскийге кечирээк билдирген. "Европалык аткаминерлер маанилүү дипломатиялык кадам деп эсептелген Трамптын Путин менен сүйлөшүүсү туурасында негизги союздаштарына айтпаганына таң калып жатышат", — деп жазган агенттик. Материалда Украинаны жактаган дагы бир аткаминер Трамптын бул ишин "саткынчылык" катары мүнөздөп, сүйлөшүү башталбай жатып АКШ маанилүү делген талаптар боюнча Россияга макул болуп жатат деп сындап да жиберген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092048360_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3652229f9eae8a3b3e9a00a12400d731.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио