https://sputnik.kg/20250213/1092053893.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту. Ведомстводон... 13.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-13T19:00+0600
2025-02-13T19:00+0600
2025-02-13T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092053761_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_80cb7cbb1efb645aa036bd86a8e37890.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЖККУнун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой эле 2025-жылы Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалык мезгилиндеги артыкчылыктарынын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Жолугушуу салтка айланган достук маанайда өттү.
Башкы прокуратура "ЭлКат" ЖЧКсындагы мамлекеттин үлүшүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөөнү атайын кызмат жүргүзүүдө. "1994-жылы "ЭлКат" мамлекеттик жеке-өнөктөштүк мекемеси түзүлүп, 51 пайыз үлүшү президенттин иш башкармалыгына таандык болгон. Иш башкармалыктын айрым кызматкерлери, кызматынан пайдаланып, президенттин иш башкармалыгын курамдан чыгаруу боюнча мыйзамсыз сот чечимине жетишкен. Ошол учурда мамлекетке эч кандай кенемте төлөнбөй, өзгөчө ири зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта. Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана "Айкөл-5" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү коррупция боюнча айыпталып камакка алынган.
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин фоторедактору Екатерина Волкова КРСУнун студенттерине, мамлекеттик органдардын маалымат катчыларына жана фрилансер фотографтарга мастер-класс өткөрдү. SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өттү. Волкова фото окуялар деген эмне экенин, аларды кантип туура түзүү зарылдыгын, кандай ыкмалар жогорку сапаттагы фоторепортаж жасоого мүмкүндүк берерин жана кандай каталар аны бузуп саларын айтып берди.
Москва Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү тобун түзүүгө даярдыгын баштады. Бул туурасында РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Албетте, башталды. Президент тиешелүү чечимин кабыл алары менен силерге кабарлайбыз", — деген ал журналисттерге. Анткен менен америкалык өкүлдөрдүн Россияга сапары боюнча конкреттүү келишимдер боло электигин кошумчалады. Песков Кремль Путин менен Трамптын жолугушуусун ыкчам уюштуруу зарылдыгын көрүп жаткандыгын, бирок бул боюнча сөз жаңыдан гана жүрө баштагандыктан, анын качан болорун айтуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал арада президенттер бул багытта тиешелүү иштерди токтоосуз баштоого жардамчыларына тапшырма бергенин белгиледи. "Эми иш, албетте, тез башталат. Тигил же бул учурлары иштелип чыгат, балким, анда качан жана кайда болору да айтылат", — деген Песков./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 90 сом 70 тыйынга рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 14-февралга караган түнү тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө +1...+6, градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -4...+1 градусту көрсөтөт. Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бүгүн Бишкекте тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЖККУнун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой эле 2025-жылы Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалык мезгилиндеги артыкчылыктарынын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Жолугушуу салтка айланган достук маанайда өттү. Башкы прокуратура "ЭлКат" ЖЧКсындагы мамлекеттин үлүшүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, тергөөнү атайын кызмат жүргүзүүдө. "1994-жылы "ЭлКат" мамлекеттик жеке-өнөктөштүк мекемеси түзүлүп, 51 пайыз үлүшү президенттин иш башкармалыгына таандык болгон. Иш башкармалыктын айрым кызматкерлери, кызматынан пайдаланып, президенттин иш башкармалыгын курамдан чыгаруу боюнча мыйзамсыз сот чечимине жетишкен. Ошол учурда мамлекетке эч кандай кенемте төлөнбөй, өзгөчө ири зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта. Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана "Айкөл-5" ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү коррупция боюнча айыпталып камакка алынган. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин фоторедактору Екатерина Волкова КРСУнун студенттерине, мамлекеттик органдардын маалымат катчыларына жана фрилансер фотографтарга мастер-класс өткөрдү. SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагындагы иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өттү. Волкова фото окуялар деген эмне экенин, аларды кантип туура түзүү зарылдыгын, кандай ыкмалар жогорку сапаттагы фоторепортаж жасоого мүмкүндүк берерин жана кандай каталар аны бузуп саларын айтып берди.Москва Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү тобун түзүүгө даярдыгын баштады. Бул туурасында РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Албетте, башталды. Президент тиешелүү чечимин кабыл алары менен силерге кабарлайбыз", — деген ал журналисттерге. Анткен менен америкалык өкүлдөрдүн Россияга сапары боюнча конкреттүү келишимдер боло электигин кошумчалады. Песков Кремль Путин менен Трамптын жолугушуусун ыкчам уюштуруу зарылдыгын көрүп жаткандыгын, бирок бул боюнча сөз жаңыдан гана жүрө баштагандыктан, анын качан болорун айтуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал арада президенттер бул багытта тиешелүү иштерди токтоосуз баштоого жардамчыларына тапшырма бергенин белгиледи. "Эми иш, албетте, тез башталат. Тигил же бул учурлары иштелип чыгат, балким, анда качан жана кайда болору да айтылат", — деген Песков./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 90 сом 70 тыйынга рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 14-февралга караган түнү тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө +1...+6, градус жылуу болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -4...+1 градусту көрсөтөт. Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +5...+7 градус жылуу болушу күтүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092053761_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c716688cd51d0f7cdc8f4af7f0c25a82.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио