Бишкекте бир катар айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүү сунушталды
© пресс-служба мэрии города БишкекБелгиленбеген жерде соода кылуу. Архив

Жазылуу
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы бир катар айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Төмөндө айыптардын көлөмү өскөн нормалар:
айлананы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (мурда 3 миң/13 миң болчу);
белгиленбеген жерлерге таштанды таштоо, үйүп салуу, өрттөгөндөргө — 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом (5,5 миң/ 17 миң);
өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштаган, үйгөндөргө — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (7,5 миң/23 миң);
таштандыны же башка калдыктарды өрттөгөндөргө — 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң);
жолду, темир жол өтмөгүн же жол белгилерин бузгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң);
жол эрежесине коркунуч жараткандай жолдун булганышына себеп болгондорго —12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом (7,5 миң/23 миң);
жолдо уруксатсыз оңдоо иштерин жүргүзгөндөргө —15 миң сом, юридикалык жактарга 45 миң сом (12,5 миң/35 миң);
жол жээктеринде соода түйүн, тамактануучу жай, жол белги сыяктуу мыйзамсыз объектилерди орноткондорго — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң);
жолго караштуу жерди айдоо, көк майсанга унаа койгон, тигилген бак-дарактарды зыянга учураткан, саркынды сууларын арыктарга агызгандарга — 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом (5,5 миң/17 миң);
белгиленбеген жерде соода кылгандарга — 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом (3 миң/13 миң);
Мэрия Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү боюнча (токтоп туруу эрежелерин бузуу, жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамга жол бошотпоо, унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшүү ж.б.) айып салуу укугун өзүнө алууну көздөп жатат. Бул беренелер боюнча 1 000 сомдон 3 000 сомго чейин айып каралган.
Ошондой эле көрктөндүрүү жана таштанды таштоо боюнча салынган айып пулду 30 күндүн ичинде төлөгөндөргө 70 пайыз жеңилдик берүү сунушталууда.