https://sputnik.kg/20250213/bishkek-rossiya-ekaterina-volkova-1092047724.html
"Россия сегодня" медиасынын редактору сапаттуу фоторепортаж жасоо ыкмасын айтты
"Россия сегодня" медиасынын редактору сапаттуу фоторепортаж жасоо ыкмасын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Фоторепортаждар — ЖМКлардын негизги продукцияларынын бири. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору... 13.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-13T17:01+0600
2025-02-13T17:01+0600
2025-02-13T17:01+0600
пресс-борбор
кыргызстан
бишкек
сынак
фотокабарчы
россия
андрей стенин
екатерина волкова
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092042073_0:161:3070:1888_1920x0_80_0_0_b4ccec0cf7359ea1c99c095a42109ec1.jpg
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Фоторепортаждар — ЖМКлардын негизги продукцияларынын бири. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору, фотожурналистика боюнча окутуучу Екатерина Волкова Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.Анын айтымында, ар бир фоторепортаж ким, эмне, качан деген суроолорго жооп берет.Бишкектеги жолугушуу Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык сынакка эмгектерди кабыл алуу күндөрүнө туш келди.Бул сынакты 2014-жылы 22-декабрда "Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен негизделген. Сынак "Россия сегодня" медиатобунун атайын фотокабарчысы Андрей Стениндин элесине арналган. Ал 2014-жылы Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон.Бул – Россиядагы фотожурналистика жаатындагы жападан жалгыз эл аралык аянтча. Максаты — 18 жаштан 33 жашка чейинки фотожурналисттерди колдоп, алардын кесипкөйлүгүн арттыруу.Конкурска 18ден 33 жашка чейинки жаш фотожурналисттер (орус тилинде) жана (англис тилинде) сайттары аркылуу 2025-жылдын 28-февралына чейин тапшыра алат.2025-жылы конкурстун байге фонду ар бир номинацияда 1-орун үчүн 125 миң рубль, 2-орун үчүн 100 миң рубль, 3-орун үчүн 75 миң рублди түздү. Эң жогорку сыйлыгы — гран-при ээсине 700 миң рубль берилет.Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи сентябрь-октябрь айларында Москвада өтөт.SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
https://sputnik.kg/20250213/bishkek-synak-fotokabarchy-rossiya-1092046708.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/0d/1092042073_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_937066cae7b0e456310cc9ef7d60cd93.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, сынак, фотокабарчы, россия, андрей стенин, екатерина волкова
кыргызстан, бишкек, сынак, фотокабарчы, россия, андрей стенин, екатерина волкова
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Фоторепортаждар — ЖМКлардын негизги продукцияларынын бири. Бул тууралуу "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фоторедактору, фотожурналистика боюнча окутуучу Екатерина Волкова
Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, ар бир фоторепортаж ким, эмне, качан деген суроолорго жооп берет.
"Сүрөттүн жардамы менен аудиторияга тигил же бул окуяны айтып берүү керек. Жакындан, алыстан тартылып, деталдуу пландар колдонулушу керек. Ошондой эле кадрга ашыкча нерселерди кошпогон дурус", — деди Волкова.
Бишкектеги жолугушуу Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык сынакка эмгектерди кабыл алуу күндөрүнө туш келди.
Бул сынакты 2014-жылы 22-декабрда "Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен негизделген. Сынак "Россия сегодня" медиатобунун атайын фотокабарчысы Андрей Стениндин элесине арналган. Ал 2014-жылы Украинанын түштүк-чыгышында курман болгон.
Бул – Россиядагы фотожурналистика жаатындагы жападан жалгыз эл аралык аянтча. Максаты — 18 жаштан 33 жашка чейинки фотожурналисттерди колдоп, алардын кесипкөйлүгүн арттыруу.
Конкурска 18ден 33 жашка чейинки жаш фотожурналисттер (
орус тилинде) жана (
англис тилинде) сайттары аркылуу 2025-жылдын 28-февралына чейин тапшыра алат.
2025-жылы конкурстун байге фонду ар бир номинацияда 1-орун үчүн 125 миң рубль, 2-орун үчүн 100 миң рубль, 3-орун үчүн 75 миң рублди түздү. Эң жогорку сыйлыгы — гран-при ээсине 700 миң рубль берилет.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи сентябрь-октябрь айларында Москвада өтөт.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.